Мигранттардын массалык кайтып келишине кыргыз өкмөтү канчалык даяр жана миграция саясаты кандай жүрүүдө?
“Бул жерде жүрүүнүн пайдасы деле калган жок”. Кайтууга камынган мигранттар
“Мурдагыдай болбой калды. Катуу текшерип жатат. Жада калса батирлерге чейин келет. Балдарымды да мектепке бере албай калдым. Катуу текшерип, документиңер туура эмес деп мектептен чыгарып койду. Бул жакта жүргөнүмө беш жарым жыл болду. Эми өз үйүмө кеткени жатам”.
Соңку 5,5 жылдан бери Москвада жашап келген үй-бүлө жакынкы күндөргө билет алып, мекенине кайтканы жатат. Аты-жөнүн ачык атагысы келбеген төрт баланын энеси бул кадамга түрткөн жагдайды мындайча түшүндүрдү:
“Биздин райондун 70 пайызы мусулмандар. Өзбек, тажиктер көп. Акыркы маалда текшерүү күчөдү. Балдарыбызды да көчөдө түрткүлөшүп, кемсинтип, ар кандай сөздөрдү уга башташты. Эшикке чыгаруудан коркуп калдык. Дүкөнгө киргенде да мурдун чүйрүп турушат. Көбүнчө ОМОНдор көп келет. Жолдошум да 2-3 мурун кармалып, базада бар экенине карабай бир сутка отуруп чыкты. Мурда мындай эмес эле. Биз да эл катары үй-жай кылалы деп келгенбиз. Бирок бул жерде жүрүүнүн пайдасы деле калган жок. Эми балдарыбыз менен кетебиз. Жолдошум калат”.
Дагы караңыз "Сахароводогу" кордук: мигранттын картасынан жоголгон акча
Окуясын айтып берип жаткан келин балдары менен үйдө отурса, жолдошу күнүмдүк ар түрдүү иштерди жасап, киреше табат. Кыргызстанга кайтып келген чакта деле бул жерден ылайыктуу жумуш таап кетүү кыйын болорун ойлогон жигит жубайы менен балдарын жиберип, өзү Орусияда калууну чечкен.
Орусиядагы катаал миграциялык саясаттан улам өлкөсүнө кайтууну каалап, бирок Кыргызстанда иш таба аларынан күмөн санаган мигранттардын саны көп. Айрымдары кайтып келип, бирок иш таба албагандыктан, көпкө турбай кайра Орусияга же башка мамлекеттерге чыгып кеткендер да жок эмес.
“Мамлекет шарт түзбөсө, чыңалуу жаралышы ыктымал”
Июнь айынын башында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны дээрлик 300 миң адамга азайганын билдирип, бирок алар кайсы өлкөлөрдөн кайтып жатканын тактаган эмес. Ал эми апрель айында Тышкы иштер министрлиги бир жылда Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны дээрлик 180 миңге же 30% азайганын билдирген.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, Орусияда катталган кыргызстандыктардын саны 2022-жылы 587 миңден ашса, 2023-жылы 411 296 адам катталган.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев мигранттар көп кайта баштаган маалда мамлекет жумуш орундарын түзүп, жеңилдетилген шарттарды камсыздай албаса, сырттан кайткан мигранттардын чоң агымы коомдук, экономикалык чыңалууну жаратышы ыктымал деген пикирде.
“Масса келгенде жумушсуздук пайда болуп, уурулук, талап-тоноочулук же дагы башка кылмыштар да көбөйүп кетиши мүмкүн. Анткени баары бир курсакты тойгузуп, үй-бүлө багыш керек. Андыктан агым болгон соң, өкмөт шарт түзүү жагын карай башташы керек. Мамлекет биринчи кезекте эркин экономика саясатын колдонуп, кичи жана орто бизнести текшерүүлөрдү азайтып, эркиндик берип, жакшы шарт түзүп берсе, кайтып келгендер ишке орношуп, балким иш кылып, товар өндүрүп, башка жакка чыгарууга мүмкүнчүлүгү болот. Мисалы, тигүү цехи сыяктуу иш баштоо үчүн жеңилдетилген насыяларды берүү өңдүү шарттарды карап көрсө болот”.
Нурбаев мигранттардын кайтып келишин жакшы көрүнүш катары баалап, бул Кыргызстандын Орусияга көз карандылыгын азайтарын кошумчулады.
Дагы караңыз "Кыргыз жарандыгын кайра алабыз". 300 миңдей мигрантты кайтарган себептер“Жумуш көп, жумушчу жок”
Деген менен, мамлекет миграция агымын жөндөө саясаты жүрүп жатканын, жумуш орундарын түзүү өкмөттүн приоритеттүү максаты экенин айтып келет.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бул аракеттердин алкагында социалдык фондго төлөмдөр 27 пайыздан 12,5 пайызга төмөндөгөнүн, бир катар ишканалар ачылып жатканын мисал келтирүүдө.
“Бизде жумуш орундары түзүлүп жатат. Азыр айлык акы кыйла көбөйдү. Курулушта болобу, тигүү цехтеринде болобу, жаңы феномен пайда болду. Жумуш орундары бар, айлык акы жогору, бирок жумушчулардын жетишпестиги жаралды. Бул да өзүнчө көрүнүш”, - деди ал.
Байсалов кандай гана чара көрүлбөсүн, ашыкча эмгек ресурсунун маселеси дайыма боло берерин, ааламдашуу доорунда миграция агымына таасир этүү оор экендигин белгиледи.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору 28 мамлекет менен иштейт.
Учурда Германия, Англия, Түштүк Корея сыяктуу мамлекеттерге кетүүгө аракет кылып жаткандар көп.
Аталган мекеменин миграция саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Эркин Каримов соңку миграциялык агымды жөндөө иштери тууралуу буларды айтты:
“Биз кайтып келген эмгек мигранттарын адаптациялоо жана реинтеграциялоо чараларын көрүп турабыз. 2024-жылдын 1-апрелине карата убактылуу ишке орношуу тартиби менен тогуз мамлекеттен кайтып келген жарандар акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жана 19 кесиптик окууга жөнөтүлгөн. Мындан тышкары биздин министрликте эмгек рыногунун маалымат системасы иштейт. Биздин ишсиз жарандар ага катталат. Быйылкы жылдын 1-апрелине карата кайтып келген 1580 эмгек мигранты ошол системага катталган. Анын 1416сы Орусиядан, 34ү Түркиядан, 20сы Казакстандан, төртөө Тажикстандан жана башка мамлекеттерден кайткандар”.
Каримов жума сайын орусиялык бизнес өкүлдөрү, ири ишканалары жумушчу күчүн таап берүү өтүнүчү менен кайрылып жатканын кошумчалады. Ушул тапта министрлик кайтып келген эмгек мигранттарын реинтеграциялоо жана бизнес идеясы, ишкердик кылууга алгачкы капиталы бар эмгек мигранттарын колдоо максатында “Мекеним 1+1” деп аталган программаны иштеп чыгып жатканын белгиледи.
Дагы караңыз "Баалар чет өлкөдөгүдөй, бирок айлык аз". Кыргызстанда жумушчу күчү эмнеге жетишпейт?Мигранттарды кайтууга түрткөн себептер
Орусия учурда миграция мыйзамдарын улам катаалдаштыруу үстүндө. Мигранттарга байланыштуу кезектеги мыйзамдар топтомун июлдун соңунда кабыл алды.
Анда полицияга депортациялоо укугу берилип, визасыз жүрүүнүн мөөнөтү эки эсе кыскарган. Мамлекеттик Дума орус жарандыгын алган чет элдиктердин аскер кызматын өтөө мөөнөтүн эки жылга чейин узартуу сунушун жакын арада караганы жатат. Анда аскерге чакыруу жаш курагын жогорулатуу сунушталган.
Мигранттарга медицина жана билим берүү тармагында иштөөгө жана кирешеси 100 миң рублдан ашып кетсе курьер болуп иштөөгө тыюу салган мыйзам долбоору Мамдумага киргизилгенин The Insider басылмасы жазды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Орусияда мигранттарга чараларды катаалдатуу боюнча сунушталган мыйзам долбоорлору боюнча комментарий берип, 2-августта X социалдык тармагындагы баракчасына билдирүү жазып, ал Мамдумада талкууланып жаткан өзгөртүүлөрдүн жана чектөөлөрдүн кыргызстандыктарга тиешеси болбош керектигин белгиледи.
“ЕАЭБдин негизги принциптерине ылайык, биздин жарандар эмгек рыногунда эркин жана тең укукка ээ. Эгер башкача чечмелөөлөр жана биздин жарандарды үчүнчү өлкөлөрдөн барган мигранттарга теңештирүүлөр болсо, биз үчүн элибизге ЕАЭБге мүчө болуунун маанисин түшүндүрүү өтө оор болуп калат”, - деп жазган Байсалов.
Эмгек мигранттары менен иштешкен адвокат Эрланбек Токтосунов "Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин депортациялоо, өлкөдөн чыгаруу сыяктуу көрүнүштөр 30-40% өскөнүн айтат. Анын натыйжасында кармалгандарды Украинадагы согушка тартуу аракети да жок эмес дейт ал.
“Биздин жарандардын укуктары Бажы биримдигине кирбеген өлкөлөрдүн жарандарыныкындай эле болуп калды. Ошол эле өзбек, тажик мигранттары менен кошо эле депортация болуп, өлкөдөн чыгарылып жатат. Мындай көрүнүш кескин өсүп, 30-40% айрым учурда 50% болуп жатат. Жашаган жери боюнча каттоосу жок деп текшерүүлөр жүрүп, үйлөрүнө чейин барышууда. Эмгек мигранттары көп учурда жалгыз эмес, топ-топ болуп ижара төлөп жашайт да. Ошентип жашап жүргөнү үчүн да “мыйзамсыз миграция” беренеси менен кылмыш ишин козгоп жатышат. Муну куугунтук деп койсок болот. Изолятор деп коебуз, ал жакта кармалып жатканда “аскердик операцияга” үгүттөө иштери да көбөйүп жатат. Бул дагы биздин жарандар үчүн кооптуу”, - дейт Токтосунов.
Быйыл алты айда Орусияда иштеген 4700дөй кыргызстандык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жардам сурап кайрылган. Аталган мекеме мигранттар өз укуктарын коргоо үчүн көмөк сураганын билдирген. Алардын арыздары министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгүндө каттоого алынган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча Москвадагы "Сахарово" миграциялык борборунда ушу тапта 78 кыргызстандык кармалып турат.