"Тирүүлөй өрттөйбүз". Туткунда кордолгон украин аялдары

Виктория Андруша жана Людмила Хусейнова.

Украиналык 126 аял орус туткунунда, алардын ичинен 80и - жай тургундар. Бул Украинанын Реинтеграция министрлигинин акыркы маалыматтары.

"Настоящее время" каналынын журналисттери орус тутунунан боштондукка чыккан украиналык Виктория Андруша жана Людмила Хусейнова менен сүйлөштү.

Виктория 2022-жылы 22-сентябрда алмашуу аркылуу бошотулган. Людмила 2022-жылы 17-октябрда үйүнө кайтып келген. Алар туткунда кандай шартта болгонун айтып беришти.

"Кап кийгизип уурдап кетишти"

– Менин аты-жөнүм Виктория Андруша, 26 жаштамын, математика жана информатика мугалими болуп иштейм. Орус туткунунда алты ай жаттым.

– Менин аты-жөнүм Людмила Хусейнова. 61 жаштамын. Орус туткунунда үч жылдан ашуун убакыт болдум.

Виктория Андруша: 2022-жылы 27-февралда орус аскерлери Чернигов облусундагы биздин айылга кирип келген. Ага чейин жапырт кол салуу башталганда шаардан ата-энемдин жанына көчүп баргам. Көп өтпөй орус аскерлери биздин айылга келип, үйлөрдү тинте баштады. Ата-энемдин үйүнөн менин уюлдук телефонумду таап алышты, анда алардын аскердик техникасынын сүрөтү жана видеосу бар болчу.

Людмила Хусейнова: Мен Новоазовск шаарында (Донецк облусундагы бул шаар 2014-жылдан бери өздөрүн "Донецк элдик республикасы" деп жарыялап алган орусиялык жикчилдердин көзөмөлүндө-ред.) оккупацияланган аймакта камакка алынгам. Окуя 2019-жылы 9-октябрда болгон.

Көчөгө жаңы эле чыгып, автоунаанын жанында тургам. Ошол жерден секирип чыгышып, машинеге сүйрөп салышты. Үйгө айдап барып, тинтүү жүргүзүштү. Украин тилиндеги китептерди, Украинанын желегин таап алышкандан кийин башыма кап кийгизип, андан ары алып кетишти.

Дагы караңыз "Менин уулум экенине ишенбейм". “Вагнерден” келген бош табыттар

Виктория: Алар мени “багыттагыч”, “жөндөгүч” (тыңчы) деп атап алышты. Мындай атка конгондорду алар аябай кордошчу.

  • Жарандык эркиндиктер борборунун маалыматында, кармалгандан кийин, аялдар менен эркектерди адатта киши жашаганга ылайыксыз жертөлөгө чогуу камашат. Көбүнчө тамак, суу бербейт, ажатканага жибербейт.

Виктория: Орусияга барган күндөн тартып алардын гимнин жатташыбыз керек болчу. Гимнди дубага айлантып алышыптыр. Кайсы бир жерин башкачараак ырдап койсоң эле балээге каласың.“Жарым күн ырдагыла” деп кыйнайт. Тажайсың. “Жеңиш күнү”, “Катюша”, “Орус жери" деген ырларды ырдашың керек. Путинди мактаган "Вова байке" деген ыр жаңырган сайын кыжырым келчү. "Кечиргиле бизди, орусиялык туугандар" деген ырды да мажбурлап жаттатышкан.

Людмила: Башыма мүшөк кийгизип, Донецкиге алып барышты. Жолдо каякка баратканымды, эмне болорумду билген жокмун. Барган жерден эле мажбурлап чечиндиришти. Анан камерага түртүп киргизишип, башымдагы капты чечкенге уруксат беришти. Ошол жердеги кыз изоляцияга келгенимди айтты".

  • "Изоляция" – Донецкидеги украиналык күчтөр басып алган түрмө. Украиналык туткундар аны "азыркы концлагерь" деп аташат. Орус агрессиясы башталган кезде, ал мурдагы заводдун имаратындагы заманбап искусство борбору болгон. 2014-жылы бул жайларды Орусиянын көзөмөлүндөгү согушчан топтор басып алып, барымтага алынган адамдарды кыйноого алган түрмөгө айландырышкан.
Дагы караңыз "Тирүү болуп жерде жок". "Вагнерден" дайынсыз жоголгондор


Абактагы жан чыдатпаган кыйноо

Людмила: Таңкы саат 6дан кечки 10го чейин отурууга же жатууга укугум жок болчу. Ысык тап чыгарган лампалар менин супама жакын эле. Жарыгы, ысык илеби көздү ачыштырчу. Түрмөгө түшкөн алгачкы төрт күндө дене бойду титиреткен ачуу кыйкырыктарды угуп турдум. Кудайдан ушул адамдар менин жакындарым болбосо экен деп тилеп жаттым. Мен үчүн эң оор убак эле.

Виктория: Көзүбүздү таңып, колубузду байлап салышкан эле. Чөгөлөтүп "атып салабыз" деп коркутушту. Тергөө изоляторунун өзүнө келгенибизде, "кабыл алуу ырымынан" өткөрүштү.

  • Украинанын укук коргоочуларынын айтымында, Орусиянын тергөө изоляторуна же түрмөсүнө баргандан кийин туткундар берене боюнча бөлүштүрүлөт. Бирок “кабыл алуу ырымынан" (сабоо, электр тогу менен кыйноо, маалыматтык вакуум, психологиялык басым, чач кыркуу жана сексуалдык зомбулук) баары өтүшөт.

Виктория: Туткунду камерасы жок жалпы коридорго алып барышат. Эч ким каяша айта албайт. Ошол жерде бир кишини чалажан болгуча сабап салышты. Топ адамдын көзүнчө электр талдыргычты колдонушту. Андан кийин "сен бул эмне экенин көрдүң, эми жетишет. Мындан ары мындай сыноодон өтпөйсүң" дешти.

Людмила: Бир жолу секиге эрте чыгып алган экем. Жатарга жакын 10 мүнөт калганда чыдабай калдым. Кыр аркам кыйрап түшкөндөй кыйналып тургам. Жаңы эле чечингенде, эшик ачылды. Мындайда дароо башыңа мүшөктү кийишиң керек. Сакчы "сага ким уруксат берди" деп тилдей баштады. Түш деди. Мен чечинип алгандыктан "түшө албайм" дедим. Ал бутумдан тартып сүйрөп түшүп, бир нече жолу тээп калды.

Виктория: Бир жолу эстен танып жатам десем, ишенишкен жок. "Азыр тирүүлөй өрттөп жиберебиз" деп коркутушту. Кыйноонун эң оор түрү – адамды тирүүлөй өрттөө экенин түшүнөм. Жаныңда алоологон жалын, эшик жабык, алар болсо мазактап күлүп турушат…

Дагы караңыз "Көйнөгү украин желегине окшош экен". Орусияны "арыздануу эпидемиясы" каптады

Людмила: Бир күндө кичинекей эки кесим нан эле берген учурлар болду. Ошол нанды эптеп жеткиришиң керек. Анан суу беришет. Буудай боткосу ташка окшош эле. Ага топурак, чычкандын кыгын кошуп салышат, жей албайсың. Табитим жоголгон экен. Азыр бир нерсе жегим келет, бирок даам сезбейм.

Виктория: "Кабыл алуудан" бир күн өткөндөн кийин биз чечинишибиз керек эле. Видеодон денеңди көрсөтүп, "бизди бул жерде эч ким сабабайт, капа кылбайт, кадимкидей мамиле кылышат" деп айтып беришиң керек. Мени денемди видеого тартып жаткан догдурдун ырайымсыз мамилеси таң калтырды. "Бул эмне? Мунуң каякта?" деп такмаза суроолорду бере берди. Мен чыдабай кетип "бул жакта" десем, эмне дээрин билбей туруп калды.

Людмила: Алар мени "согушкерлерге салып беребиз" деп коркутту. "Изоляциянын" экинчи кабатында Украинага каршы согушкан жоочулардын казармасы бар эле. Жашыраак аялдарды чечинүүгө мажбурлаганда, алар маашырланып күлүп, денеңди кармалап, чымчып, таяк менен түртүп же уруп өтүшчү.

Виктория: Кээде ачууланганда өзүңөн чыгып, кармана албай калган учурлар болот. Айрымдар кордукка чыдабай, өз жанын кыюуга аракет кылды. Аларды “сенин психикаң алсыз, сыноого туруштук бере албайсың” деп кодулашчу. Ошондон кийин бул мазактоолорго ичиңен каршылык көрсөтүп, көңүл бурбай коюуну үйрөнөсүң, болбосо сени сындырып, бат эле жок кылышат.

  • Украинанын Реинтеграция министрлигинин маалыматында, 2023-жылдын июнь айынын соңунда 126 аял орус туткунунда жаткан. Алардын ичинен 46сы – аскер кызматкери, 80и – жай тургундар. 23ү балалуу. Ошол эле учурда, Украина орус аялдарын туткунда кармап турбайт, анткени буга Женева конвенциясында тыюу салынган. Согуш туткундарына мамиле жасоо боюнча координациялык штабда алар орус аскер туткундары мекенине кайтарылганын айтышты.
Дагы караңыз “Командирге жагыпсың, эми аны менен болосуң”. Орус армиясында кордолгон аялдар

Виктория: Айрым учурларда өксүп ыйлачумун. Кийин аларга ички сезимдеримди көрсөтпөйм деп чечтим. Ыйлагым келсе, эл көрбөгөн жерден жаш төгүп жүрдүм. Түрмө кызматкерлеринин бири кийин "бул ташка айланып калганбы?" деди. Бир жолу бизди коридорго алып чыгып, Мариуполь жөнүндө видео коюшту. Бомбаланган шаарды, жертөлөдө жашаган балдарды көрсөтүштү. Ошондо чыдабай кетип өксүп ыйлагам...

Людмила: Биринчи майрам, биринчи Жаңы жыл. Мен Донецкидеги тергөө изоляторунда элем. Астыңкы секиде туруп, терезеге, андагы темир торго жабышып, көз жашыма муунуп турганым эсте калды. Эмнегедир, 60 жашка чыккан юбилейимде бошотушат деп үмүттөндүм. Тилекке каршы, туулган күнүм ошол жерде өттү.

Камерадагылар куттуктап жатышты. Мен үчүн бул канчалык маанилүү экендигин билгендиктен, баары украин тилинде каалоо айтышты. Ошондо ыраазы болуп, көзүмдөн жаш төгүлдү. Куттуктоо катын да кол менен кооздоп жазышыптыр.

Виктория: Алар бизди эртең менен ойготуп: "Буюмуңарды алып сыртка чыккыла", - дешти. Кыздарга “Мен муну түшүмдө көргөм. Силерге дал ушундай болот деп айтканым эсиңердеби?" деп айтканга үлгүрдүм. Түрмөдө кызматкерлеринен эмнеге чыгарганын сурай баштадык.

Ал жерде иштегендердин көпчүлүгү атайын күчтөр тобунан келген каардуу, олбурлуу эркектер болчу. Арасынан бирөө командири окшойт катаал үн менен "Тынчтангыла, сүйлөбөгүлө, унчукпагыла", - деп буйрук берди. Дагы бири жакындап келип "Ооба, ооба, ооба. Силер үйүңөргө барасыңар" деп калды. "Эмне-е? Чын элеби?" деп жардана түштүк. "Чүш-ш, унчукпагыла" деп тыйып койду.

Дагы караңыз "Абактагы балам согушта экен". "Вагнердин" торуна түшкөн кыргыз жарандары

Людмила: Таза аба жуткандай абал болду. Толкунданган жокмун. Жөн гана таза абадан дем алдым. Мен үчүн эркиндик – таза аба. Балким, бул үч жыл бою таза абага жетпей жүргөнүмдөн уламдыр.

Виктория: Апама чалып "мен үйдөмүн" дедим. Апам болсо "алло, сөзүңүз угулбай жатат" дейт. Отуруп алып начар байланышты тилдедим. Акыры "Апа, бул менмин" дедим. Апам бышактап ыйлап жатты.

Менин жек көрүүм, ызам бизди кордогон адамдарды жазасыз калтырбайт деп ойлойм. Эгер аларга ачууланып, кек сактасам, терс эмоциялар өзүмө зыян. Алар акыры жазасын алат деп ишенем. Ар ким өзүнүн кылыгы үчүн жооп берген күн келет.

Людмила: Чынын айтсам, менде жек көрүү жок. Себеби, мен үчүн эң жаман нерсе – жек көрүү менен жашоо. Мен акыйкаттык болушун каалайм. Бизди кыйнаган адамдар бизчелик кордолуп, биз тарткан азапты тартпай эле коюшсун, кыйноого тушукпасын. Бирок эртеби-кечпи жазасын алышы керек.

Юлия Жукова жазган макала орус тилинен которулду