Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

“Командирге жагыпсың, эми аны менен болосуң”. Орус армиясында кордолгон аялдар


Орус армиясынын катарында Украинадагы согушта келишим боюнча кызмат өтөп келген Маргарита эки айдан бери атайын дарыланып жатат.

Психологдон кеңеш сурап, жабыгуудан чыгаруучу дары-дармектерди алып, буга чейинки баштан кечиргендерин унутууга аракет кылууда. Бирок унута албай келет. Баарынан да Маргарита өзүнүн полкуна кайтып баруудан коркот. Ал жерде медициналык ротанын аялдарын офицерлер коркутуп, жыныстык катнашка барууга мажбурлашат дейт. Ал мунун баарын “Север.Реалии” агенттигине айтып берди.

"Кимдир бирөө терезенин түбүнөн өтүп бараткандай же буюмдар жылыша бергендей боло берет. Же кимдир бирөө үстүмдө отуруп алгандай, – деп Маргарита өзүнүн абалын сүрөттөйт. – Ар дайым оор, дүрбөлөңдүү чабуулдар түшүмө кирет. Догдурлар бирдеме деген диагноз коюшту – эсимде жок, кагазда жазылган. Алар кайра оңолушуң үчүн алты ай убакыт талап кылынат дешти. Мен жалгыз тура албайм, бирок бир бөлмөгө кирип, бардык адамдардан жашынып алгым келет. Жанымда шериктерим болсо да, бир нерсе кылып жатсам да, баягы үрөй учурган окуялар көз алдыма элестей берет.

Маргарита согушта жүргөндө өзүнүн кандай өзгөрүп баратканын байкаган эмес. Орусиягы кайтып келгенден кийин гана психикасы катуу жабыркаганын түшүнгөн. Ал өз көзү менен көрүп, башынан кечирген күндөр жөнүндө токтоо, бир дем менен сүйлөп отурду. Бирок анын жоокерлерди өзүнүн эле куралдаштары өлтүрүп койгону, медициналык ротадан келген үй-бүлөлүү аялдарды мас офицерлердин зордуктаганы жөнүндө баяны уккан адамдын төбө чачын тик тургузат.

Маргарита согушка барган биринчи күндөн эле кысымга кабылган, бирок өзүн кимдир бирөөлөрдүн эрмегине айлантууга жол бербептир.

“Полкан сага кызыгып калыптыр”

Маргаритага 2022-жылдын жайында аскер ардагери деген күбөлүк алуу үчүн аскер комиссариатына келгенде, ага келишим түзүүнү сунуш кылышкан. Он бир жылдык аскер кызматын өтөп, 2017-жылы ардактуу эс алууга чыгып, Белгородго көчүп кеткен эле, бирок беш жылдан кийин түзүгүрөөк жумуш таба албай койду.

"Дегеле жай турмушка көнө албай койдум, ошондуктан “атайын операцияга” өз ыктыярым менен кетүүнү чечтим" дейт.

– Балдарым бойго жетип калса да, оорукчан. Аларды өзүм багам, башка каралашчу жакыныбыз жок. Моюнубузда насыя да бар. Иши кылып, макул болдум, – дейт Маргарита. – Бирок байланышчы деген адистигим боюнча эмес, медротанын санитары катары кабыл алышты. Мунун баарын шашылыш үйрөнүшүм керек болчу, анткени ойлонууга убакыт жок эле.

Бирок Маргарита медициналык ротага дароо эле бара калган эмес. Анын айтымында, полковникке жагып калгандыктан, штабга буйрук менен бекитилиптир.

– Нижний Новгородго, Новосмолиного биринчи жолу келип сапта турганымда, бир полковник мени дароо байкаптыр. Ал 10-танк полкун башкарат. Ал: “Марго, бери кел”, – деди. Ал эмне үчүн формачан эмессиң деп сурады, мен форма ала элек болчумун. Биздин кесиптик кошуун өтө начар иштейт, мага чак келгидей форма жок экенин айттым. Ал талаптагыдай кийинип, эртең штабга жумушка чык деди. Адегенде мен түшүнгөн жокмун – мен медициналык окуу жайга келдим эле, дарылоо ишин үйрөнүшүм керек эмес беле? Штабга барып, кадрлар бөлүмүнүн жигиттери менен сүйлөшкөнүмдө, алар: “Полкандын (полк командиринин) назарына илинип калыптырсың. Эми анын майдандагы аялы болосуң го”, – дешти. Мен тактап сурасам, тамагын бышырып, кирин жууп анан аны “жыргатып” жүрөсүң дешти.

Бир айдан кийин жаңыдан түзүлгөн полк “нөлгө” (Украинага – СР) жөнөтүлдү. Ал жерде Маргарита жогорку даражалуу офицердин асылуусунан кутулуп, жарадарларды өлүмдөн сактап жүрөм деп үмүттөнгөн. Бирок ал кутулбас куяга калды – полковниктин айтканы гана мыйзам экен. Маргарита макул болбосун түшүнүп, аны мажбурлоого, аргасыз моюн сундура турган жагдай түзүүгө буйрук бериптир.

– Биз “нөлгө” жетип, акыры медициналык ротага түшкөнүмдө, анын командири полкан мени катуу жазалагыла деп буйруганын айтты, – деп сөзүн улантты Маргарита. – Бир ай бою сыртта жашадым. Башкалар чатырларда жана үйлөрдө түнөсө, мен сыз жерде, жол боюндагы токойчодо жатып жүрдүм. Чычкандар көп эле. Эптеп жылынууга аракет кылчумун. Бирок үшүп калганда кайдагы уйку? Кээде тамак да беришчү эмес. Иши кылып, мени сындырмакчы болушту. Бирок чыдадым. Көндүрө албасына көзү жеткенде ал мени артиллерияга айдап салууга буйрук бериптир. Кызыл зонага, эң алдыңкы чекке кеттим. Мени ошол жерде өлүп калат деп ойлогон окшойт.

"Боюма бүтүп калсачы?"

Медициналык окуу жайда Маргаританын жанында 23 жаштан 38 жашка чейинки жети аял болуптур, алардын ар бирин взвод командирлеринин коюнуна салып берүүгө аракет болгон экен.

– Бирин чалгынга, экинчисин танкисттерге, үчүнчүсүн жөө аскерлер бөлүгүнө айдашты. Ал жакка жаңы барганыбызда эч кимибиз, албетте, эмне болуп жатканын билген жокпуз. Баарын түшүнгөн чакта, кайра кайтканга мүмкүнчүлүк болбой калды, – дейт Маргарита. – Мен взвод офицеринин “өз кызы” Светлананы атып салганын өз көзүм менен көрдүм. Алар ашыкча ичип алганы үчүнбү же кызганычтан уламбы, билбейм. "Украиналыктардын огу тийди" деп коюшту. Ал аны коргогондой көрүнүш үчүн өз колуна атып, үч жумадан кийин госпиталдан кайтып келди.

Светлана октон өлбөсө да, майып болуп калыптыр. Беш жолу операция жасатыптыр, эми алтынчысы болот экен.

– Алгач аны Волнахага жөнөтүшкөн, бирок анда эчтеке кылышпаптыр. Анан Ростовго, кийинчерээк Москвага барып, эки ай жатты. Кескиленип кетти го тим эле. Ок түз көзөп өтпөй, денесинде ары-бери жиреп, кептелип калган экен. Соо жери жок. Азыр ал Бурятиядагы үйүндө, эми март айында дагы бир операция үчүн Москвага кайтып келет. Ичегилеринин калганын тигишет. Февраль айында анын келишими аякташы керек болчу (биз бир учурда мобилизациялаганбыз), бирок ал сентябрь жана октябрь айларында гана кызмат өтөөгө жетишти, – дейт Маргарита.

Взводдун командири атканга чейин Светлананы кундак менен сабаганын көргөндөр бар. Маргарита ошол окуядан нес болдум дейт. Аскер кызматындагы аялдардын баары үй-бүлөлүү, бирок офицерлер менен жатууга аргасыз болгонун бир гана Светлана күйөөсүнө айткан.

– Бир гана ошол аял чалып, чындыкты айтты. Себеби, кокус боюна бүтүп калган болсо, үйүнө барганда эмне дейт? Күйөөсү бир-эки жума байланышка чыкпай койду, анан телефон чалып, кечирдим, тирүү келсең эле болгону деди. Мен бул жагдайга макул болгум келбеди, унчукпай койбойм дедим. Силер бул жерде өзүбүздүн адамдарды кордоп жатасыңар! Дивизиянын медициналык бөлүм башчысы, полковник аял, ал да мунун баарына кыжырданды эле, бирок бизди эч таба алган жок. Башкалар ээн калган үйлөрдө жашап жүргөндө, биздин медрота дайыма талаада, токойдо калчу. Бизге бир дагы гуманитардык жардам келген жок. Мен көп жолу буйрутма берген элем, гуманитардык жардам бизге абдан керек болчу.

Ошентип, дээрлик бардык кыздарды коркутуп-үркүтүү менен, жашоосун азапка айлантып мазактоо аркылуу сексуалдык кызмат көрсөтүүгө аргасыз кылышты. Алардын айрымдары атүгүл бир нече киши менен жатчу дейт Маргарита. Бирок аларды мындай жагдайда эч ким айыптаган жок, анткени эптеп аман калуу керек болчу.

– Алинаны сентябрь айында эле берип салышты. Тигиге жагып калыпсың, эми ошону менен болосуң деп эле коюшту. Ал дагы менин шаарымдан. Менин ошол жерде биз менен чогуу жүргөн бир айдоочу таанышым бар эле. Алинаны кийинчерээк тааптыр, аман-эсен бекен деп сурадым. Бизди взвод командирлерине таратып, анан кийинчерээк баарыбызды чогултуп алышчу, – дейт Маргарита. – Алина болсо медициналык ротага кайтып келген жок. Айдоочуга ал жөн гана жакшымын деп коюптур. Анан айдоочу шыбырап, анын колдон колго өткөрүп ийишиптир, ошондуктан аны полкан кайра жөнөтпөй койду, кыныгып калыптыр деди. Байкуш кыз ошончолук абалга жетиптир. Дегеле кыздардын көбү моюн сунуп беришти. Бул согушта жок дегенде тамеки тартып, курсак ток жүрүш керек деп чечишти. Бир офицер мага: “Алинканы саттык, кел, сени да саталы!” – деп калды. Ага заардуу тиктедим эле, жалтанып кетти, сыягы, “Кой, мен тамашалап жатам” дегенсиди.

Маргарита айткандай, бул аялдар Орусияга качууга аракет кылышкан жок, анткени баары бир чек арадан өткөрүшмөк эмес. Анын айтымында, мындай учурларда эч ойлонбой атып салышы да ыктымал.

Согуштагы аялдар

Петербургдук Марина Зайцева – отставкадагы полковник, 2001-2006-жылдары Чеченстанда кызмат кылган. Азыр ал согушка барып калышы толук ыктымал эле, бирок 2019-жылы кызматтан кеткен. Армияда “майдан аялдары” дегендер эзелтен боло келген дейт ал. Бул шартка макул болгон аялдар, мисалы, “күйөөсү” башка жакка которулган кезде башка бирөөнүн колуна өткөрүлүшү мүмкүн. Зайцева кызмат өтөгөн кезде мындай учурлар болгон экен. Бирок “майдан аялдары” – көбүнчө жалгыз бойлор, алар офицерлерге өз эрки менен барышат.

– Чечен согушунда жүргөн кезде бир ирет баарыбыз чогуу дасторкондо отурганыбызды эстейм: офицерлер, сержанттар, прапорщиктер. Бир партияны узатып, экинчисин тосуп алган учур эле, – дейт Марина. – Ошондо бир аял “меники” кетип калды деп даттанды. Тигил үйүнө, аялына, үй-бүлөсүнө жөнөп кеткен эле. Дагы бирөө ал аялга боор ооруп, жаңы “коргоочу” издешиң керек деди. Ар кандай кырдаалдар болот. Баары, албетте, аялга байланыштуу. Өзүн кандайча алып жүргөнүнө жараша. Кээ бирөөлөр өздөрү эле коргоно алат, башка бирөөлөргө шерик керек. Мен, мисалы, өзүмдү коргой алчумун.

Марина армияда жана согушта аялдар үчүн чын эле азап, көбүнчө алар кызмат абалынын төмөндөшүнөн коркот дейт. Ал чечен согушу маалында офицерлердин бири кызмат ордун сунуштап, акча талап кылганын эскерди. Ошондо штаб башчысы болгон неменин оозуна муштаган экен. Маринанын айтымында, көптөгөн кенже офицерлер кызматтык өсүштү кыялданышчу, мен болсом өзүмдүн ошондогу кылганыма өкүнбөйм дейт. Кызматташтары ошондон кийин анын колун кысып куттуктаган экен.

Зайцева армияга 34 жашында келген. Басып өткөн жолун сөз кылып, ал 20дан эми эле өткөн жаш кыздар армияга барбай эле коюшу керек, анткени орус коомчулугунда "согушка катышкан аял сойку болот" деген сенек көз караш бар дейт.

Өзүнө көр казгандар

“Север.Реалинин” кабарчысына өзүнүн полкундагы сексуалдык асылуулар жөнүндө айтып берген Маргарита офицерлер аскерлерге да ок атышканын айтты. Ырас, башка жагдайларда атышчу экен. Алдыңкы чекке чыккысы келбегендерди келемиш жайнаган муздак, нымдуу жертөлөгө жылаңач камап коюшчу. Бирок эгер ошондо деле баш ийбесе, анда полк командиринин кол алдындагылар андан да катуу чараны колдонушчу.

– Өзүнө көр каздырышчу. Ороо каздырып, ичине жатууга мажбурлашат. Автоматты кезеп, башка балдарга аларды топурак менен көмдүрүшөт. Баштарын да ачык калтырышпайт. Бир топко чейин тим коюшат. Анан взвод же компания четке чыгып, туш келген чуңкурга татырата ок атышат. Кимге ок жаңылса, оомийин болгону. Аман калганы акылынан азып чыгат ошол чуңкурдан. Аларга эми баары бир. Алдыңкы чекке айдалышат. Кыйласы кайтпай калды, кайтып келгендер азыркыга чейин сийгектиги кала элек, – дейт Маргарита.

Өздөрүнүн эле командирлеринен таяк жеген балдардын бир нечесин Маргарита дарылап айыктырган. Ооруканага өлүп калчудай абалдагыларды гана жөнөтүшчү. Өздөрүнүн айыбы ачылбашы үчүн башка жарадарларды жөнөтчү эмес.

– Бирөөдөн эмне үчүн ок жедиң деп сурадым. Ал эч нерсе эсимде жок деди. Кундак менен катуу чапканда, эсин жоготуптур, ошондон кийин да ура беришкен окшойт. Абалы өтө оор болчу, – дейт Маргарита. – Анан мен эптеп автоунааны сурап (Донецкиде турчубуз), Волнахадагы ооруканага алып бардым. Ал жерде бир аз дарылап, Ростовго жөнөтүшкөн. Азыр анын аты-жөнү эсимде жок. Андай жигиттер көп болчу.

Үч жүзүнчүлөрдү (жарадарларды) Орусияга мүмкүн болсо жибербешке аракет кылчу. Оор жарадарларды гана жиберишчү. Калгандарын мүмкүн болушунча тезирээк фронтко жөнөтүү үчүн ошол жерде дарылашчу. Бир топ убакыт өткөндөн кийин болуп жаткан окуялардын баарына кайдыгер карап калдым, антпесем акылдан азып кетмекмин дейт Маргарита.

Манжалардын ордунда – кара так

– Эгер кимдир бирөө шаарга барып, картошка же бир кап пияз, дары-дармек сатып келсе, ошонун баары кийин товардай алмашылчу, – дейт Маргарита. – Себеби адамдардын эч нерсеси жок болчу. Окоптордогу балдар жыртылган кийимчен ачка отурушту, алты ай маяна албаган учурлары болду. Анткени аларды алдап алып келишкен эле. Сентябрь айына берип, кийинки айларда бир тыйын да төлөбөй калышты. Эч бир жан жоктой тим эле. Мына ошолордун буюмдарына азык-түлүк алмашып алчубуз. Акыры, өзүбүздү коргоо үчүн медициналык ротага курал-жарак жана ок керек болчу. Орусиядан аттанып чыкканыбызда, отуз патрондуу төрттөн шыкама менен беришкен эле. Бул бир эле жолу атышууга да жетишпейт эмеспи. Мен ар дайым камдап жүрүүгө аракеттенчүмүн. Согушта жүргөндө антпесең болбойт.

Маргарита айткандай, патрондор менен гранаталар эле эмес, техника да болгон эмес. 60 чакырым алыстыкта жайгашкан эң жакынкы дүкөнгө да минип барганга унаа жок эле.

– Баары сынып, талкаланып калган эле. Сынган тетиктерди сатып алганга акча чогултчубуз, анткени бир жакка баруу, качып жөнөө керек болуп калса, мингенге техника даяр турганы жакшы, – деп Маргарита сөзүн улантты. – Башында мен Нижний Новгороддо болдум, анда өтө көп жүк: бронетранспортерлор, танктар, күжүрмөн машинелер жөнөтүлүп турчу. Биринчи жүктөө үч күнгө созулду. Экинчиси дагы чоң жүк эле. Ошол техника ташыган поюзга өзүбүз да отурган элек, жүктөлүп бүткөнчө күттүк. “Нөлгө” жеткенибизде согуш үчүн дээрлик эч нерсе калбаптыр. Мунун баары кайда жоголгон, сатылып кеткенби же эмне болгон? Бирок баарын сопсонун түшүнүп турсаң да, оозуңду ача албайсың. Мунун баары украиналыктарга сатылды деп ойлойм. Менден башкалар да ушундай пикирде. Ошондуктан биз көп жоготууга учурадык. Алдыңкы чекке балдар автоматсыз жөнөтүлүп жатса, дагы эмне дейсиң?

Маргаританын эң коркунучтуу эскерүүлөрүнүн бири – алдыңкы чектен чыгып кетүү үчүн өзүнө ок аткан орус аскерлерин көргөнү.

– Алар өз бутуна атышчу, анткени бир нече жума траншеяларда жаткандыктан баса албай калышкан эле. Дайыма нымдуу жерде тоңо берип, буттары чирий баштаган болчу. Алар өтүгүн чечкенде, аябай коркуп кеттим – мен эч качан андай шумдукту көрө элек болчумун. Канаган жерлери эт менен жуурулуша карайып кургап калган, манжалары көрүнбөй калган. Кестирип салуудан башка арга калбайт мындайда, – деп Маргарита эскерет.

Маргарита Новочеркасск шаарындагы аскер бөлүгүндөгүлөр жана аскерге чакыруу кеңсесине дагы келе көрбө деп эскертишкен эле. Жок дегенде дарыланып жаткан кезиңде келбе дешти. Анткени баягы полковник аны дагы бир жолу “нөлгө” жибермекчи экен. Муну билген соң Маргаританы госпиталга жаткырбай, аскер санаторийине да жөнөтпөй, жарандык ооруканадан дарылан деп үйүнө жиберишти.

Бирок, башынан кечирген азап-тозокторго карабастан, Маргарита дагы эле аскер кызматын улантсам, болгону башка полкко барсам дейт. Белгороддо жай турмушу ойдогудай болбой калыптыр, тиричиликке жеткидей акчасы да жок.

– Шаардагы эң чоң айлык акы биздин ТИЗде (тоо-кен иштетүүчү заводдо – СР) төлөнөт. Ал жерде эркектер 60 – 80 миң рублдан алышат. Бирок мен шахтага кире албайм, анткени мен кызмын, – дейт Маргарита. – Башка жерлерде эмгек акы 20 миң рублдан ашпайт. Статистика боюнча бизде орточо эмгек акы – 40 миң. Бирок мунун баары чылгый калп. Бул жакта мындай айлык акы алчулар жок. Балдарыма жок эле дегенде курсагы ток жүрүшү үчүн жардам бергим келет. Кандайдыр бир карызымды, милдетимди өтөй электей сезем. Билбейм, балким, мен, албетте, эми кесел болуп калдымбы? Бирок дагы эле кызматка баргым келет.

Ал облус губернаторунун кабылдамасына барганда, айткандарына жараша анын атынан Орусия Федерациясынын Коргоо министрлигине арыз жазып жөнөтүштү.

– Ушинткеним эле жакшы деп ойлойм. Эгерде губернатор мени колдоп койсо, өзүм жазганга караганда таасири күчтүүрөөк болот.

"Ар төртүнчүгө асылышкан"

Санкт-Петербургдагы Жогорку экономика мектебинин профессору Максим Арзамасцев сексуалдык асылуулар тууралуу илимий эмгегинде орус армиясындагы ар төртүнчү аскер аял ар түрдүүчө сексуалдык жактан кысымга алынганын белгилеген. Аскер жамааттарындагы мамилелерди изилдеген психолог Игорь Селиванов чечен кампаниясынын тушунда полиция кызматкеринин орун басарларынын бири текшерүүгө келген офицерлерден турмушка чыга элек аялдарды жашырууга мажбур болгонун эскерет.

Орусиянын Жоокердин энелер комитетинин катчысы Валентина Мельникованын айтымында, СССР доорунан башталган адам укуктары боюнча ишмердигинин жүрүшүндө кызматташтарынын асылганына даттанып, кайрылган аялдар көп болгон. Адатта аялдар мындай окуялар тууралуу арызданууну каалабайт.

– Алар ушинтип унчукпай жүрө берсе, бул улана берет. Эмне үчүн алар унчукпайт, эмне үчүн баары чыдап жатышат, билбейм. Муну психологдордон сураш керек, – дейт Мельникова. – Мындай көрүнүштөр взвод жана роталар деңгээлинде эле эмес, башка жерлерде да болот. Мисалы, штабдарда кездешет. Алар көбүнчө, мисалы, эч кандай төлөмдөрдүн жоктугуна же өргүүгө кете албаганы жөнүндө арызданышпайт. Зордуктоо же асылуу учурлары жөнүндө айтпай эле коёлу. Психологиялык жагдай ушундай. Эч ким кимдир иш жүзүндө бирөөнү издей албагыдай, жазалай албай турган кылып коюшкан.

Мельникованын айтымында, орус армиясында аялдар гана эмес, эркектер да сексуалдык жактан кысымга алынат, анткени аскер бөлүктөрүндө “капитандар жана майорлор арасындагы” салттуу эмес жыныстык катнашка барчулардан ушундай даттануулар ар дайым келип турат. Армиядагы гомосексуалдар маселеси совет мезгилинде да бар болчу.

– Советтик Армияда алар баарын, анын ичинде адамдарды да сатышчу. Солдаттарды каалагандай сатышчу, – дейт Мельникова. – Биз (Жоокерлердин энелер союзу – СР) 1989-жылдан бери иштеп келатабыз. Горбачевдун тушунда армиядагы өлүм-житим жана жаракат алуу себептерин иликтөөчү комиссия түзүлгөн эле. Анда мен дагы иштедим. Биз иштеген жылдары бизге төрт миңге жакын адам даттанып келген. Алардын арасында аскердик бөлүктөрдөгү азапка чыдабай качып кеткен балдар да бар эле. Бирок мунун бардыгы “жабылуу аяк жабылуу бойдон” кала берген эле, орус армиясы түзүлө баштаганда, ачыкка чыкты. Мунун баары Сакалаускас ишинен башталды – башчылары көңүл бурбай койгон шартта аны кызматташтары мазактап, акыры ал бир нече кишини өлтүрүүгө чейин жеткен. Бул биринчи иш болгон эле.

Украинадагы мас офицердин өзү менен жаткан кызга ок атканы таң калычтуу эмес деп эсептейт Мельникова. Чеченстандагы согуш учурунда деле ушундай окуялар болгон экен.

– Экинчи чечен кампаниясында офицерлер мас болуп, кол алдындагыларды атып салган учурлар болгон, – дейт укук коргоочу. – Өтө оор жагдайлар да болгон. Бир офицер жигит Германияга операция жасатуу үчүн жиберилген эле, – дейт ал “Север.Реалиинин” кабарчысына.

Орусиядагы согуш жана аскердик цензура шартында Маргаритадан алынган маалыматтын түздөн-түз далилдерин алуу мүмкүн эмес. Бирок редакцияга маалымат берген адамдарга ишенбей коюуга да негиз жок.

Макала "Север.Реалии" сайтынан которулду. Түп нускасы бул жерде.

XS
SM
MD
LG