Түрмөнстанда соңку бир айдагы камоолордун басымдуу бөлүгү өлкөнүн чыгышындагы Лебап облусунда орун алган. Бозгундагы түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин кыймылына тиешеси бар деп кармалгандардын көбү мурдагы түркмөн-түрк лицейлеринин мугалимдери жана бүтүрүүчүлөрү болгон.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосуна кабар берген булактардын маалыматына ылайык, бул облустагы Астана Баба шаарында полиция рейддери 23-апрелде башталган:
- Алар түнкү саат 10 чамасында Астана Баба шаарындагы мурдагы түрк лицейинин ордуна ачылган атайын мектептин мугалимдери жашаган жатаканага кирип келишти. 40тай кишинин ичинде полициянын, коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү жана айыл башчысы, мектеп директору болгон. Алар колдоруна тийген бардык нерсени - китептерди, телефондорду, керек болсо жайнамаздарды ала башташты. Ал күнү жети мугалимди жана алардын үч коногун алып кетишти. Эртеси күнү келип дагы эки кишини кармашты,-деп билдирди жашыруун калууну каалаган окуянын күбөсү "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун түркмөн кызматына.
Кармалгандардын дээрлик баары 2011-жылы эле жабылган түрк лицейинин бүтүрүүчүлөрү жана мугалимдер болгонун бийлик түзүмүнө жакын дагы бир булак ырастады. Анын айтымында, 23-апрелде Лебап облусунда "гүленчилерди" кармоо максатында бир нече рейд өткөрүлгөн жана анда түрк билим берүү мекемелерине байланышы бар ишкерлер кармалган:
- Дагы бир рейд 29-апрелде болгон. Анда түрк лицейин бүтүргөн беш ишкер кармалды. Ал күнү Бейик-Түркмөнбашы районунун акиминин жардамчысын да алып кетишти. Мен билгенден азыр Түркмөнабад шаарындагы полиция бөлүмүндө 30 адам кармалып турат.
Түркмөнстандын тартип коргоо органдарынын өкүлү апрель айынан берки рейддерден баш аягы 50дөй адам камакка алынганын "Азаттыктын" түркмөн кызматына тастыктады.
Түркия 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетин АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери уюштурду деп ишенет. Гүлен жана анын "Хизмет" кыймылы бийликтин бул айыптоолорун четке кагып келет. Ошентсе да жайдан бери Түркияда 120 миңдей адам Гүлен кыймылына байланышы бар деген жүйө менен иштен айдалды. 40 миңдей киши камакка алынды.
Түрк бийлиги "гүленчилерге" каршы өнөктүгүн башка өлкөлөргө да жайылтып, бир нече мамлекетти Гүлен кыймылына таандык делген окуу-жайларды жабууга чакырган. Түркиянын мындай талабына Азербайжан, Грузия сыяктуу өлкөлөр оң жооп кайтарса, Кыргызстан Түркиянын "гүленчилерге" тыюу салуу өтүнүчүн четке каккан.
Президент Гурбангулы Бердымухаммедов башында турган түркмөн бийлиги болсо, былтыр октябрь айынан тарта Гүлен кыймылына тиешеси бар делген адамдарды камакка алууну баштаган. Анда кеминде 150дөй киши кармалганы белгилүү болгон. Алардын айрымдары кийинчерээк коё берилсе да, бир канчасы 25 жылга чейин абакка кесилген.