Түрк министри Москвага келди

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Анкарада Орусиянын элчиси Андрей Карлов атып өлтүрүлгөндөн кийин Москвага Орусия, Түркия жана Ирандын тышкы иштер министрлери чогулду.

Анда министрлер Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү өткөрөт. Элчи өлтүрүлгөндөн кийин жолугушуу үзүгүлтүккө учурашы мүмкүн делген. Бирок түрк министри Москвага келди.

Орусия, Түркия жана Ирандын тышкы иштер министрлеринин Сирия боюнча Москвадагы сүйлөшүүсү 20-декабрга белгиленген. Бул жолугушуу алдында, 19-декабрда Түркиядагы орус элчиси Андрей Карлов жанкечти огунан курман болду.

Элчи бул күнү Анкарада ачылган “Орусия түрктөрдүн көзү менен” деген сүрөт көргөзмөсүнө катышып жаткан.

Элчини аткан жанкечти

Орусиянын элчиси Андрей Карлов сөзүн сүйлөп бүтөргө жакын жасана кийинген жигит тапанча менен алгач шыпка карай ок чыгарып, андан соң элчини артынан аткан. Канабайрам учурунда жанкечти “Сирияны унутпагыла, Алеппону унутпагыла” деп кыйкырган.

Элчини аткан 22 жаштагы Мевлүт Мерт Алтынташ экени, ал 15-июлдагы Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин полициянын атайын багыттагы кызматынан бошотулганы кабарланды. Ал ФЕТО же Фетхуллах Гүлендин уюмунун катарында турат деген шек саноодон улам ишинен айдалганы айтылууда.

Түрк бийлиги Мевлүт Алтынташтын үйүндө тинтүү жүргүзүп, төрт киши кармалганын кабарлады. Алтынташты полиция кызматкерлери атып жок кылышты.

Элчи киши колдуу болгондон кийин Сирия боюнча үч тараптуу жолугушуу үзгүлтүккө учурашы ыктымал деген божомолдор айтылган. Бирок Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Москвага келгени кабарланды.

Түрк министри менен жолугушуу алдында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “бул варвардык кылмышты уюштургандар оңолуп бараткан Орусия-Түркия мамилесин жолдон чыгарууну көздөгөн” деп билдирди:

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

- Бул трагедия терроризмге каршы мындан да чечкиндүү күрөшүүгө бизди аргасыз кылат жана бүгүнкү жолугушуубузду ого бетер актуалдаштырат. Ошондуктан бүгүнкү эки тараптуу жолугушуулардан да, ирандык коллегабыз менен үч тараптуу жолугушуудан да көптү күтөм. Бул жолугушууларда Сирияда жаңжалды жөнгө салууда конкреттүү жылыш болуп, ал гуманитардык жардам жеткирүү жана саясий сүйлөшүүлөрдү баштоого шарт түзөт, ошол эле учурда террорчуларга эч кандай жеңилдик берилбейт деп ойлойм.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу өз кезегинде түрк эли аза күтүп жатканын билдирди:

- Түркия жана түрк калкы Орусия жана орус элиндей эле аза күтүп жатканын билиңиздер. Бул кол салуунун башкы максаты акыркы кезде түрк жана орус кызматташуусундагы жетишкендиктерге зыян келтирүү экенин Түркия да, Орусия да эң жакшы түшүнөт.

Түрк министри Түркия Орусия адистери менен биргеликте элчинин өмүрүнө кол салууну иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалоого аракет жасарын кошумчалады. Мевлүт Чавушоглунун айтымында, түрк өкмөтү Анкарадагы орус элчилиги жайгашкан көчөгө Андрей Карловдун ысымын ыйгарууну чечти.

19-декабрда элчи Андрей Карловдун атып өлтүрүлүшүнөн кийин Түркия менен Орусия президенттери телефон аркылуу сүйлөшкөн. Орусия президенти Владимир Путин элчинин өмүрүнө кол салууну “Орусия-Түркия мамилесин жана Сириядагы тынчтык жараянды бузууну көздөгөн чагым” деп баалады.

Улуттар Уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мун окуяны “маанисиз террордук акт” деп баалады. Түркиянын айрым расмийлери орус элчисине кол салуу артында өткөн жылы орус учагын атып түшүргөндөр, "гүленчилер" турат деп айыпташты. Ал эми АКШда баш калкалаган Фетхуллах Гүлен элчинин өмүрүнө кол салууну кескин айыптаганын анын маалымат өкүлү кабарлады.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.