Эрдоганды убайымга салган Гүлен ким?

Фетхуллах Гүлен (солдо) жана Режеп Тайып Эрдоган.

Түркия бийлиги 15-июлда ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш үчүн АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүленди айыптап чыкты. Өлкө ичинде мындай билдирүү көпчүлүктүн колдоосун тапкандай. Мунун себеби эмнеде экенин Гүлендин таржымалынан талдап көрсө болот.

Кыймылдын көздөгөнү эмне?

Фетхуллах Гүлен алгач ислам аалымы, ханафи масхабын карманган Саид Нурсинин тарапкери болгон. Бирок 1970-жылдары өз алдынча кыймыл негиздеп, кийин ал Гүлен жамааты деген аталышка ээ болгон.

Тартипти бекем кармаган, светтик, аскерий багыттагы түрк бийлигинин тушундагы башка исламий агымдар сыяктуу эле Гүлен жамааты да тыюу салынган кыймылдардын катарында болуп келип, 1983-жылга чейин ишмердүүлүгүн жашыруун жүргүзүп турган. Бирок тынбай Куранды гана окутуп, үзбөй намазга жыгылткан башка диний жаматтардан айырмаланып, Гүлен жамааты өтө эле саясатташып кеткен. Бизнесмендери көптөгөн акчасын кайрымдуулукка жумшап, бул кыймыл Түркиянын консервативдик жана диний топторунун катарындагы саясий оюнчуга айланган.

- Ошол кезде Гүлен “коом үчүн тайманбас, эр жүрөк“ эркектерди тарбиялагысы келерин жазган. Бул максатта жаштарды окутуп, бийликтин ар кыл бутактарына: полицияга, сот системасына, ички иштер министрлигине, жада калса армияга аралаштыруу жолун караган, - дейт Түркиядагы исламий топтор боюнча белгилүү эксперт Русен Жакир.

Төңкөрүш аракети ишке ашпай калгандан кийин Эрдоганды колдоп чыккандар. Стамбул, 19-июль, 2016-жыл.

Бирок, ишин ачык-айкыныраак алып барган саясий партиялардан айырмаланып Гүлен жамааты баарын купуя сыр кылып жашыруун сактаган. Топтун канча мүчөсү бар, алар кимдер жана кандай саясий максаттарды көздөрүн эч ким биле алчу да эмес. Бул кыймыл жана аны менен байланышта болгон “фонддордун” баары, бизнес-структуралар байыгандан байып баратат, мүчө болуп киргендердин саны да тынбай өсүп жатат деген сөздөр көп айтылып келгени менен, буга ынандырчу так далилдер азырынча аябай эле аз.

Кыймылдын кубаты канчалык?

Гүлен жамаатынын жаамы дүйнөгө кенен жайылганын жана анын байлык даремети канчалык экенин өлчөп чыгуу дээрлик мүмкүн эмес. Көптөгөн эсептөөлөргө караганда, соңку 40 жыл ичинде бул кыймылга он миндеген адам мүчө болуп кирген. Өзүнчө “тармакка” ээ деген сөздөрдү Гүлен өзү дайыма эле четке кагып келет. Айтымында, кайсы гана мамлекеттик мекеме болбосун, андагы адамдар ага болгон симпатиясын саясий партиядагыдай атайын бириккен “тармаксыз” деле билдирсе болот. Бирок, эксперт Русен Жакир баса белгилегендей, бүтүрүүчүлөр “жамаат лидерлери” тандаган кызматтарга орношуусу керек деген буйрук берилип турушу катардагы саясий партиялардын ыкмасы эмес.

Өкмөт менен тиреш

1970-жылдары түрк өкмөтү, армия жана коопсуздук органдары өз катарын гүленчилерден, алардын идеясын жайылткандардан тазалоого аракеттене баштаган. 1980-жылдары лайык (светтик) партиялар жана массалык маалымат каражаттары аскердеги жашыруун «фетхуллахчылар» тууралуу айтып, жаза баштайт. Аскердик жана мамлекеттик кызматтарда улам жогорулап, көтөрүлгөн гүленчилер кыймылдын башка мүчөлөрүнө да алдыга жылууга жардам берип келди. 2010-жылы, мисалы, мамлекеттик кызматка өтүү үчүн уюштурулган улуттук экзамен алдында Гүлен жамаатынын мүчөлөрү жакшы жыйынтыкка ээ болуш үчүн тесттик суроолорду бири-бирине алдын ала таратканы тууралуу маалымат чыккан.

Гүлен өзүнө жолдоочу жыйнап, тарапкерлеринин санын көбөйтүп жаткан чакта анын Түркиянын өзүндө жана дүйнөнүн чар тарабында ачылган мектептери атак-даңк топтоп берди. Сынчылардын айтуусунда, мектептердин ийгилигине жамынып алып ал бийликке аралашып кирүүнү көздөгөн жана ошол эле учурда өзү жар салып келгендей, түркиялык билим берүү менен маданияттын деңгээлин көтөргөн.

1999-жылы мамлекеттик телеканалдар Гүлен өз тарапкерлерин мамлекеттик органдарга "акырын жана чыдамкайлык менен" аралашып кирүүгө жана "абалдын өзгөрүшүн күтүүгө" чакырган кайрылуусун көрсөткөн.

Митингчилер Гүлендин сүрөтүн өрттөдү. 18-июль, 2016-жыл.

Эрдоган менен мамиле эмнеликтен бузулду?

2000-жылдары полициянын, сот системасынын, маалымдоо каражаттарынын, билим берүүнүн, жада калса аскерлердин калың катмарында Гүленге жан тарткандар саны көбөйүп калган. Ал ошондой эле 2003-жылы премьер-министрлик кызматка дайындалган Режеп Тайып Эрдогандын жакын союздашы болгон. Гүлен менен Эрдогандын ислам боюнча көз карашы бирдей болгону менен, дин лайык (светтик) мамлекетте кандай болушу керек деген түшүнүктү чечмелөөсү ар башка болуп чыккан.

Эрдогандын АК партиясы 2002-жылы парламенттик шайлоодо жеңип чыгып бир партиялык башкаруу системасын киргизгенде бул аракетти Гүлен жамааты да активдүү колдоп чыккан. Буга жооп катары АК партия Гүлендин өзүнө жана анын кыймылына 2010-жылга чейин чыдап келди.

Кийин Эрдоган гүленчилерге каршы чара көрүп, полицияны жана “негизги мектептерди” тазалай баштайт. Бирок армияга жеткен эмес. 2013-жылы АК партиясындагы жана Эрдогандын тегерегиндегилердин арасындагы коррупциялык иштерди ашкере кылган бир нече тымызын жаздырылган аудио жана видео чыгып кеткен. Муну Эрдоган Гүленден көрүп, ошол жылы ортодогу мамиле таптакыр үзүлгөн.

Апыл-тапыл камоолор

15-июлдагы окуянын эртеси өлкөдө "гүленчилер" деген 7 миңдей адам кармалганы, кийин иштен бошогон, куугунтукталгандардын саны 50 миңге жеткени кабарланды. Айрым жерлерде маалымдоо каражаттары, мектептер жабылып, жетекчилери алмаштырылды. Кээ бирлери Гүленге эч тиешеси жок экенин айтып бошонуп чыкса, айрымдары Гүлен жамаатынын жогору жактагы мүчөлөрүнөн оозеки же жазуу түрүндөгү буйруктарды алганын жашырган жок.

Өтө кыска мөөнөттө ушунча көп адамдын камакка алынышы “алар гүленчилер экенин кантип аныктады” деген суроону жаратпай койбойт. Айрымдар бийлик алардын тизмесин төңкөрүш аракетине чейин эле түзүп койгонун айтса, кээ бирлер мунун баарын бийлик өзү уюштурду деп да чыкты.

Гүлен жамааты Түркиянын саясий турмушунда соңку 40 жылдан бери активдүү болуп келгенин жана Эрдогандын башкаруу стили авторитардык экенин эске алганда бийлик мамлекеттик кызматтагы, билим берүү тармагындагы жана бизнестеги гүленчилердин тизмесин түзүп жүргөнү, алардын аркасынан атайын кызмат менен аскерлер байкоо жүргүзүп келгени толук ыктымал экенин көрсөтөрүн айтса болот.

Эрдогандын кеңешчилеринин билдиргенине караганда, ал быйыл август айында армияны гүленчилерден тазалоо планын көздөп жаткан. Андыктан төңкөрүш уюштурам дегендер чабуулун толук даяр боло элегинде баштап жибериши деле ыктымал. 17 жыл мурда Фетхуллах Гүлен жашыруун кайрылууларынын биринде “бышып жетиле электе аракет көрүү акылсыздыкка жатат” деп эскерткени бар. 15-июлдагы окуяга анын тиешеси барбы-жокпу, бирок ошондо айткан сөзү эми аткарылып калгандай...

Аббас Жавади, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун регионалдык жетекчиси

(Макаланы кабарчыбыз Рахат Кеңешова кыргызчалаган)