Эрдоган - авторитаризмге оогон лидер
Режеп Тайип Эрдоган - Адилеттүүлүк жана өнүгүү, же кыскача АК исламчыл партиясынын лидери, 2003-2014 жылдары Түркияда үч жолку шайлоодо жеңип, өкмөттү башкарып келген. 2014-жылы алгачкы бүткүл элдик шайлоодо өлкөнүн президенти болуп беш жылга шайланган.
Эрдоган премьер болуп турган жылдары түрк экономикасы үч эсе жогорулап, өндүрүш жана экспорт мурда болуп көрбөгөндөй көтөрүлгөн. Бирок соңку эки жылдай убакыт ичинде Ирак, Сириядагы согуштук аракеттер, Түркияны каптаган качкындар маселеси, Орусия менен ортодогу чыңалуу экономикага олуттуу залака келтирди.
62 жаштагы түрк президенти карапайым үй-бүлөдө чоңоюп, ислам мектебинде, кийин Стамбулдагы Мармара университетинде билим алган. Динчил көз карашы үчүн ар дайым сынга кабылып, 1998-жылы диндер аралык араздашууну козутту деп соттолгон. Он айга эркинен ажыратылып, төрт айдан кийин бошонуп чыккан.
Соңку жылдардагы окуялар Эрдогандын "үлгүлүү демократиялык ислам мамлекетинин лидери" бейнесинин боёгун өзгөртүп, авторитардык ыкмага ооп баратат деген сынга кабылды.
Тышкы саясатта Израилдин палестиндерге карата саясатын ачык сындап, Жакынкы Чыгышта кадырын бекемдей алган. Сириядагы оппозицияны колдоп келатат.
Түркиянын өзүндө ондогон жылдар бою бийликти көзөмөлдөп келген аскер жетекчилерин алсыратып, либерал жана секулярдык катмардын колдоосун тапкан. Бирок ашынган секулярист, же динсиздердин жашыруун тобунун бетин ачып, анын шылтоосу менен ондогон, атүгүл жүздөгөн чыгармачыл адамдар, интеллигенция өкүлдөрү жана журналисттер соттолду. Соңку жылдардагы окуялар Эрдогандын "үлгүлүү демократиялык ислам мамлекетинин лидери" бейнесинин боёгун өзгөртүп, авторитардык ыкмага ооп баратат деген сынга кабылды.
Forbes журналы түрк президентин дүйнөдөгү эң бай мамлекет башчыларынын тизмесине кошуп келатат. Түрк басылмалары жазгандай, соңку жылдары Эрдоган өзү гана эмес, кеңешчилери, балдары да ири байлык топтой алды.
Гүлен: Мечит салгандан көрө мектеп кургула
Фетхуллах Гүлен - коомдук жана диний ишмер. Ал түзгөн "Хизмет" кыймылы - формалдуу курамы, же мүчөлөрү жок, бирок дүйнөдөгү эң таасирдүү мусулман уюмдардын бири эсептелет. Түркия, Африка, Борбор Азия, деги бүткүл дүйнөдө "Хизметтин" жүздөгөн мектептери, изилдөө борборлору, маалымат каражаттары иш алып барууда. Миллиондогон жактоочулары жана миллиарддаган каражаты бар.
Гүлен диний мектептерде жалпы билим берүүчү сабактарды окутууну колдойт. Ошентсе да, башынан эле бул кыймыл дүйнөдө өз диний таасирин бекемдөөнү көздөйт деп шектенгендер аз эмес.
Имам Гүлен өзү исламдагы сабырдуулукка, башка диндер менен сүйлөшө билүүгө үндөйт. Кайрымдуулук, талыкпас эмгек жана билимди жогору коёт. Түркияда Гүлендин айткандарына жан дили менен берилген миллиондогон адамдар бар, алар өлкөнүн коопсуздук, полиция органдарында, өкмөттүк кызматтарда, бардык жерлерде иштешет.
"Хизметтин" каражатына ачылган мектептер секулярдуу болгону менен, мугалимдер бардык жагынан кынтыксыз үлгүлүү болушу шарт. Гүлен диний мектептерде жалпы билим берүүчү сабактарды окутууну колдойт. Ошентсе да, башынан эле бул кыймыл дүйнөдө өз диний таасирин бекемдөөнү көздөйт деп шектенгендер аз эмес. 1999-жылы Фетхуллах Гүлендин: "мамлекеттеги бийлик колуңарга тийгенче чыдап туруу зарыл. Силердин максатыңарды эч ким билип калбашы керек" деп өз колдоочуларына айтып жатканы видеодо тарап кетип, ал мамлекеттеги секулярдык системага чагым салуу ниети үчүн айыпталып, кийин кайра акталган. Ошол жылы АКШга кеткен боюнча Түркияга кайтып бара элек.
74 жаштагы Гүлен азыр да Пенсильвания штатында жашайт. "Мечит салгандан көрө мектеп кургула" деп кайталап келет. Times журналы Гүленди дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 адамдын катарына кошкон.