Түркиянын түштүк-батышындагы Мугла вилайетинде 2016-жылы ишке ашпай калган төңкөрүш маалында президент Режеп Тайып Эрдоганга кол салууну каалаган деп айыпталган кишилерге сот өкүмү чыкты. Бул кылмышка шектелген 46 кишинин соту февраль айынан бери жүрүп жаткан. Алардын 34ү жоокерлер.
Түркиянын мамлекеттик ТРТ телеканалы кабарлагандай, соттун 4- октябрдагы өкүмү менен бул айыпкерлердин 34ү өмүр бою эркинен ажыратылды.
Бийликтин ырастоосунда, соттолгондор былтыркы аскерий төңкөрүш аракети маалында Мармарис курортунда президент Режеп Тайип Эрдоган турган мейманканага кол салып, полициянын эки кызматкерин өлтүрүшкөн.
Соттун жүрүшүндө бийликтин тарапташтары имараттын сыртында чогулуп, айыпталуучуларды катаал жазага тартууну талап кылып турушту.
Алардын арасында каза болгон полициячынын атасы айыпталгандарды өлүм жазасына тартууну талап кылды:
- Мен алардын абакка кесилишин каалабайм. Алар өлүм жазасына тартылышы керек. Мен мындай жазанын киргизилишин каалайм. Мен парламент өкүлдөрүн тиешелүү мыйзам чыгарууга чакырам.
"Анадолу" маалымат агенттигинин кабарлашынча, 2-октябрдан бери төңкөрүш аракетине тиешеси бар деген шек менен 291 киши камакка алынды.
Алардын арасында Стамбулдагы АКШнын консулдугунда иштеген жергиликтүү тургун да бар.
Жергиликтүү маалымат каражаттары М.Т деген жаран тыңчылыкка жана төңкөрүштү пландоого тиешеси бар деп айыпталууда.
Расмий Вашингтон бул боюнча тынчсыздануусун билдирди.
"Кошмо Штаттар өкүлчүлүктө иштеген кызматкердин камалышы боюнча тынчсыздануусун билдирет. Бул айыптоолор негизсиз деп эсептейбиз", - деп билдирүүдө белгиленет.
Расмий Анкара ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинин артында бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүлен турат деп эсептейт. Буга байланыштуу Анкара Вашингтондон АКШда жашаган Гүленди өткөрүп берүүнү бир нече жолу талап кылган.
Бирок Гүлен өзү мындай айыптоолорду четке кагып келет.
Евробиримдик баштаган бир нече эл аралык шериктер жана уюмдар Түркиядагы былтыркы кутум аракетинен кийинки жапырт камоолорду айыптап, расмий Анкараны куугунтукту токтотууга чакырышкан.
2016-жылкы окуялардан кийин Түркияда 32 миң киши камакка алынып, 100 миңдей мамлекеттик кызматкер кызматтан алынып, иштен четтетилди. Айрымдар бул куугунтуктоолор кутумга эч тиешеси жок түркиялык либералдарга каршы да багытталууда деп түкшүмөлдөөдө.