Төңкөрүш аракетин уюштурду делген 486 адамдын ар бирин үчтөн коопсуздук кызматкери коштоп, аскердик параддагыдай катарга тизилип, Анкарадагы сот имаратына алып киришти. Имараттын тосмосунун артында түрк өкмөтүн колдогондор, төңкөрүш аракетине каршы чыккандар "Өлүм жазасы!" деп кыйкырып турушту.
Шейшембиде башталган бул сот президент Режеп Тайип Эрдоганга каршы кутум боюнча азырынча эң ири соттук териштирүү болуп калды. Айыпталуучулардын басымдуу бөлүгүнө өмүрүнүн акырына чейин жаза берилиши мүмкүн. Аларга киши өлтүрүү, президент Эрдогандын өмүрүнө кол салуу сыяктуу оор айыптар тагылган.
Бул иш Анкаранын түндүк-батышындагы Акынжы аба базасынын жанында өтүп жатат. Өкмөт кутумчулар бул базаны баш кеңсе катары колдогон деп ишенет. Соттолуп жаткандар арасында Түркиянын аба күчтөрүнүн командирлери да бар.
Айыпталуучуларды өлүм жазасына тартууну былтыркы төңкөрүш аракети маалында жаракат алган Мустафа Саглык да талап кылууда:
- Биз сот системасына ишеним артабыз. Аларга эң оор жаза берилет деп үмүттөнөбүз. Алар өмүрүн акырына чейин абакке кесилет. Мен өлүм жазасы киргизилгенден кийин алардын асылышын каалайм. Башка жол жок.
2016-жылдын 15-июлунун түнүндө куралчан аскерлер, аскердик учактар Стамбул жана Анкарадагы өкмөттүк имараттарды ээлөөгө аракет кылган. Стамбулдагы стратегиялык көпүрөлөр жабылып, Ататүрк эл аралык аэропортуна танктар келген. Аскерлер мамлекеттик ТРТ телеканалын да колго алып, элге "бийлик алмашты" деген кабар берилген.
Баш калаадан алыс аймагында жүргөн президент Эрдоганды да жол кылуу аракети болгону кабарлаган. Ал CNN Turk телеканалы аркылуу элди көчөгө чыгууга чакырып, Эрдогандын тарапкерлери менен куралчан топтун ортосунда кагылышуулар болгон. Ишке ашпай калган төңкөрүш аракети 250дөн ашуун адамдын өмүрүн алган.
Түрк бийлиги бул иштин артында АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин кыймылы уюштурду деп билдирсе, аталган кыймыл бул айыптарды четке каккан.
Андан бери Түркияда төңкөрүш аракетине байланыштуу 150 миңдей киши кызматтан айдалып, 50 миңдейи камакка алынган. Эми четинен шектүүлөрдүн соттук иштери башталып отурат. Анын алдында террордук топторго жардам берди деп айыпталган өлкөдөгү белгилүү "Жумхуриет" гезинин 17 журналистинин да соту башталган.
Эл аралык уюмдар, оппозиция өлкөдөгү өзгөчө кырдаал режими маалында ишке ашкан жапырт камоолорго тынчсыздануусун билдирип келет. 17-июлда президент Эрдогандын "Адилет жана өнүгүү" партиясы көпчүлүктү түзгөн парламент төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген бул режимди төртүнчү жолу дагы үч айга узарткан. Евробиримдиктин расмийлери Түркия европалык баалуулуктардан алыстады деген кабатырлануусун билдирген.
Оппозициядагы Элдик-республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглу июль айындагы "Адилеттик үчүн" жүрүшүндө бийликти төңкөрүш аракетин өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланды деп айыптаган:
- Өкмөт 15-июндагы төңкөрүш аракетин пайдаланып, 20-июлда өзгөчө кырдаал режимин киргизүү менен өзү төңкөрүш жасады. Алар парламенттен бийликти тартып алышты. Биз муну "хансарайдын 15-июлу" деп атайбыз. Өзгөчө кырдаал режими жарандык төңкөрүшкө айланып, аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигин бир адамдын колуна карматып койду.
Президент Эрдоган кутумчулар бийликтин бардык бутактарына сүңгүп киргенин, аларды тазалоо аяктамайынча өзгөчө кырдаал режими алынбастыгын билдирген.
Апрель айындагы референдумдан кийин Түркия Конституциясын өзгөртүп, президенттин ыйгарым укуктары кеңейген. Аз айырма менен Баш мыйзамды өзгөрткөн түрк президенти Эрдоган өлкөгө өлүм жазасы кайра киргизилиши мүмкүндүгүн айткан. Кандай болсо да төңкөрүш аракети боюнча айыпталгандарды оор жазалар күтүп турат.