Түркияда президент Режеп Тайып Эрдоган улуттук валютаны олку-солкулуктан коргоо үчүн жаңы чараларды жарыялагандан кийин лиранын куну кайра түшүп кетти.
Президент Эрдоган 20-декабрдын кечинде сүйлөгөн сөзүндө жергиликтүү валютанын чет элдик валюталарга карата девальвациясы банктардын пайыздык ченинен ашып кеткен жагдайда лира менен сакталган депозит ээлеринин чыгымын өкмөт төлөп бере турганын жарыялаган эле. Түрк лидери дүйшөмбүдө атайын иштелип чыккан чаралар пакетин жарыялагандан кийин АКШ долларынын наркы 6% өстү. Ошентип 21-декабрь күнү бир АКШ доллары 12,4 лирага бааланса, 23-декабрда эртең мененки акча алмаштыруу курсунда анын наркы кайра 11,81 лирага чыкты.
"Мындан ары биздин жарандар валюта курсу көтөрүлөт деп чочулап, депозиттерин түрк лирасынан чет элдик валютага которуунун кажети жок", - деген президент Эрдоган.
Ал бирок аманаттарды сактоо планын каржылоо үчүн өкмөт кайсы булактардан каражат табарын жана бул чаралар эмне менен бекемделгени тууралуу кеңири маалымат берген эмес.
Лиранын кунсузданышы Түркияда баанын көтөрүлүшүнө алып келди. Көптөгөн түрктөр банктардагы улуттук валютадагы аманаттарын сактап калуу үчүн аларды тез арада чет элдик валюталарга алмаштырып же алтын сатып алып, дүрбөлөңгө түшкөнү айтылууда.
Жаңы үйлөнгөн стамбулдук жубайлар Мете жана Айлин таңкыстыктан улам жарандарда күнүмдүк керектелчү товарларды да алганга каражат жетпей жатканын айтышат.
"Элде жер кыдырып эс алгандын ордуна күнүмдүк нерселерди алганга акчасы жетпей жатканын көрүп отурабыз. Кадимки нан, кесме, сүткө акчасы жетпеген жарандар бар".
Дагы караңыз Түркия: лиранын куну дагы түштүАл жашаган Стамбулдун калкы учурда 16 миллиондон ашты. Соңку апталарда соцтармактарда шаардык мээрия тарабынан субсидияланган нанды сатып алууга турган узун кезектер чоң талкууга түшүп келет. Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу өлкөдөгү таңкыстык экономикалык эмес, саясий экенин белгилейт.
"Биз күнүнө бир жарым миллион нан жаап сатабыз. Бирок бул арзан нан калкка жетпей, узун кезекке тургандар көбөйдү. Мына ушундан элдин жакыр болуп баратканын көрсөк болот. Мен дагы бир жолу эскертем, бул таңкыстык экономикалык эмес, саясий. Бийлик өлкөнү башкара албай калды".
2019-жылы шайлоодон озуп чыккан калаа башчы Экрем Имамоглу түрк бийлигин сынга алган оппозициячыл лидерлердин бири. Серепчилер учурда жүргүзүп жаткан социалдык долбоорлор менен ал 2023-жылы президенттик шайлоодо Режеп Тайып Эрдогандын оппоненти болорун божомолдошот.
Түркиянын статистика комитетинин маалыматы боюнча, ноябрь айында чет элдиктерге 7 363 турак үй сатылып, рекорд койду. Кардарлардын сап башында Иран, Ирак жана Орусиянын жарандары турат. Чет өлкөлүктөр көбүнчө Стамбул жана Анталиядан кыймылсыз мүлк сатып алышкан.
Лиранын кунунун төмөндөшү Түркияга чектеш Болгариянын жарандарына пайдалуу болду. Түркиянын Эдирне шаарына дем алыш күндөрү миңдеген болгар кардарлар келип, азык-түлүктөн баштап мал жанга чейин сатып алып кеткени айтылууда.
"Базарга элден мурун келип, арзан товарды алып калыш керек. Анткени түшкө чейин баалар кымбаттап кетет. Азыр көбүнчө Болгариядан, Түркияга келип соода кылып жатабыз. Албетте Түркияда товарлар кыйла арзан",- дейт болгариялык кардар.
Анткен менен банкирлер жана каржы эксперттери түрк лирасынын курсунун түшүшү өкмөттү аманатчылардын жоготууларын жабууга мажбурласа, инфляцияны ого бетер күчөтүп, тартыштыкты күчөтүшү мүмкүн экенин эскертишти.
Муну менен катар ноябрдан бери Стамбулда жана Түркиянын башка бир катар ири шаарларында баалардын кымбатташына каршы митингдер уюштурулуп жатканы кабарланууда. Митингге чыккандар Түркияда акыркы бир нече айдан бери лиранын куну түшкөнүнө жана экономикалык кризиске бийликти күнөөлөп, президент Режеп Тайып Эрдогандын, өкмөттүн отставкага кетишин талап кылышкан.
Дагы караңыз Лира куну: мигрантты кыйнаган кризисЛирага байланышкан абал Түркияда иштеген борборазиялык мигранттарга катуу сезилип, алар тапкан акчасы эч нерсеге жетпей жатканын айтып келишет.
Түркиядагы кыргызстандык мигранттардын көбү кыз-келиндер, дээрлик көпчүлүгү минималдуу айлыкка иштейт.
Быйыл 1 миллион 200 миңден ашык чет өлкөлүк жаран Түркиянын Миграция департаментинен каттоодон өткөн. Алардын 25 миңге жакынын кыргызстандыктар түзөт.