27 жаштагы Мээрим Түркиянын Стамбул шаарына төрт жыл мурун бала багуучу болуп иштегени келген. Бир жыл үй жумуштарында иштеген соң студент таанышынын жардамы менен Түркиянын Сакария университетинин инженерия факультетине тапшырып экзамендерден өтүп кеткен.
Чет өлкөдө билим алуунун жолдору көп
Буга ал иштеген түрк үй-бүлө дагы колдоо көрсөтүп кечкисин окууга барууга уруксат беришкен. Бирок Мээримдин окуусу контракттык бөлүмдө болгондуктан, бир жылдан кийин акчасын төлөй албай убактылуу токтотконго туура келген:
- Сакария университетине тапшырып, алар берген документтер менен студенттик виза боюнча Түркияда иштеп, окуп жүрдүм. Биринчи семестрден кийин баралбай калганымда университет эки жылдын ичинде кайра келип арыз жазсаң кабыл алабыз дешти. Акчам болсо окуумду улантмакмын.
Маектешим Мээрим учурда түрк үй-бүлөнүн үч жашар кызын багат. Алган айлыгынын жарымы менен Кыргызстандагы сиңдилерин окутат.
Ал эми 66 жаштагы кыргызстандык Нарин Улукожа өмүр бою мектепте орус тили мугалими болуп эмгектенген. Үч жыл мурун Йүксел Улукожа менен баш кошуп учурда Түркиянын Эскишехир шаарында турат. Социалдык тармакта Түркиядагы кыргыз кыз-келиндердин интеллектуалдык сабатын жогорулатуу максатында пайдалуу маалыматтарды жазып, бөлүшүп турат. Нарин эже жашына карабай кыялындагы режиссердук кесипти үйрөнүү үчүн университетке даярданып жатканын айтты.
- Билим алуу эч качан кеч эмес. Билим алган сайын аялдардын ролу чоңойот. Негизи эле ар бир адам алдыга койгон максатын туура аныктап, ошого умтулса, жеңишке жетет эмеспи. Мен да илгертен киномотаграфияда ордум болсо деп эңсечүмүн. Анан балдар болду, иштөөгө шарттар туура келбеди. Азыр эми заман башка, мүмкүнчүлүктөр башка. Убактым дагы бар. Андыктан азыр тапшырайын деп изденип, даярданып жаткан кезим.
Биринчи семестрден кийин баралбай калганымда университет эки жылдын ичинде кайра келип арыз жазсаң кабыл алабыз дешти. Акчам болсо окуумду улантмакмын.
Түркияга иштегени келген кыргызстандык эмгек мигранттардын саны былтыркыга салыштырмалуу эки эсе көбөйдү.
Адвокат Заирбек Малашев жогорку билимди Түркияда алган. Учурда Анкара шаарында кыргызстандык мигранттарга юридикалык колдоо көрсөтүп иштеп жатат. Ал Түркияда өз кесиби менен иштегиси келген мигранттарга коюлган талаптарды түшүндүрүп берди:
- Бул жакка келип, мисалы мугалим болуп иштейм десе талаптар күчтүү. Негизи эле өз кесиби менен иштегиси келген чет өлкөлүктөр өз өлкөлөрүндө алган дипломдорун Түркиянын жогорку кесиптик билим берүү башкармалыгынан кайрадан тастыкташы керек. Ал эми Түркиянын мамлекеттик университеттери өздөрү кирүү сынактарын жарыялашып чет өлкөлүк студенттерди кабыл алышат. Биздин ОРТ менен деле келип окууга тапшыргандар бар. Жеке менчик университеттерге кирүү сынактары боюнча маселе жок. Бир гана түрк тилин жакшы өздөштүрүшү керек.
Түркияда жалпысынан 183 университет бар. Алардын 118и мамлекеттик, ал эми 65и жеке менчик университеттер. Бул университеттерде 203 өлкөдөн келген чет өлкөлүк студенттер билим алат. Ал эми Түркиянын миграция департaментинде 19 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенишет.