"Хьюман Райтс Уотч" 132 беттик баяндамасына улай документалдуу фильм да тарткан. Андан Мазари-Шариф шаарынын четиндеги мектепте эскилиги жетип, дал-далынан айрылган чатырларда окуп жаткан кыздарды көрүүгө болот.
Бирок анда окуган кыз ушуга да ыраазы. Анткени чатырга батпай сыртта окугандар да бар.
- Мында отургандар 5-класстын кыздары. Ушинтип ачык күн алдында окуганга аргасыз, анткени булардын чатыры да жок. - деп эшикте эле чөк түшүп отургандарды көрсөтөт ал.
- Окуучу кыздарыбыз чатырларда окуганга аргасыз. Анткени башка жерибиз жок. Имарат жетпейт. Бош жерлерибиз бар, бирок эч нерсе кура албай отурабыз. Билим берүү министрлигине кайрылганбыз, бирок алар али көңүлгө алыша элек, - дейт мектептин директору.
Өлкөдө типтүү мектеп имараттары тартыш. Документалдуу фильмден көбүнесе эркек балдар имарат ичинде окуп жатканын көрүүгө болот. Бул да болсо аялдан эркек артык саналган коомдун адилетсиздиги болсо керек. Бул теңсиздик статистикадан да байкалат.
Ооган билим берүү министрлигинин маалыматында өлкөдө мектеп бетин көрбөгөн балдардын саны 3,5 млн болсо, алардын 85% кыздар.
Мындан улам жыртык чатырда же дубалдын көлөкөсүндө окуган кыздар башка курбалдаштарына салыштырмалуу бактылуу.
- Эгер мектепке барсам билим алмакмын. Балким мугалим, балким инженер же догдур болмокмун. Мен буга алигиче өкүнөм, дагы өмүр бою өкүнөрмүн. Али деле мектепке баргым келет. Бирок калем-дептерге, китеп кап-кийим алганга чамам чак, - дейт убагында окубай калганына арман кылган 25-30дардагы келин.
Каражат табылган күндө деле кызы сабакка барып келгиче ата-эненин санаасы санга бөлүнөт. Ошон үчүн аларга төртүнчү-бешинчи класска чейин гана окуганга мүмкүнчүлүк берерин "Хьюман Райтс Уотчтун" Ооганстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, белгилүү укук коргоочу Сима Самар белгиледи:
- Коопсуздук камсыздалбаган жерде өзгөчө кыздарга оор эмеспи. Сексуалдык зомбулукка кабылышы ыктымал. Ошондуктан коргош үчүн үй-бүлөсү аны үйдө кармаганды оң көрүшөт. Бирок айылдардагы мындай камкордук ал кыздын окуусун, ары-бери эркин жүрүү укугун чектеп коюуда.
Уюмдун аялдар укугу боюнча директору Лизл Гернтгольц 16 жыл мурда АКШнын колдоосу менен Талибан бийликтен кулатылгандан кийинки жалындуу убадаларды эске салды:
- Ошондо ооган өкмөтү жана эл аралык донорлор бардык кыздар окуйт деп аянбастан сөз берген.
Талиптер Ооганстанды башкарып турган беш жылда дээрлик бардык кыздар билим албай калган. Же 2001-жылы алар бийликтен куулган мезгилде кыздардын 1% гана мектепке барышчу.
"Хьюман Райтс Уотч" ооган өкмөтүн билимге артыкчылык берүүгө чакырат. Болбосо кайра эле талиптер мурастаган деңгээлге түшөт деп эскертүүдө. Ал эми чет элдик донорлордон узак мөөнөттүү каржыны үзбөөнү өтүнөт. Мунун негизинде кыздар менен балдардын билим алуу укугун теңдөөнү, мектеп-көчөдө коопсуздукту камсыздоо менен кыздардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууну, мурда окубай калган кыз-келиндерге жок дегенде баштапкы билим берүүнү сунуштайт.
ЮНЕСКО иштеп чыккан эл аралык стандарттарга ылайык, өкмөттөр билим берүүгө бюджетинин кеминде 15-20 пайызын бөлүүсү керек. БУУ Ооганстан сыяктуу жакыр өлкөлөр бул көрсөткүчтүн эң жогоркусун же андан да көбүн агартууга бөлүшү керек деп көшөрө сунуштап келет. Бирок өткөн жылкы эсеп боюнча Ооганстан бюджетинин 13% гана билим берүүгө короткон.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.