«Түркияда мындай зилзаланы биринчи көрүшүм»

Измир аймагындагы зилзаладан кулаган көп кабаттуу үй. 30-октябрь, 2020-жыл.

Жума күнү Түркиянын Измир аймагында күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө болду. Зилзалада баштапкы маалымат боюнча 12 киши кайтыш болгону, 400дөн ашык жаран жабыркаганы кабарланды.

30-октябрда түштө Түркиянын Измир аймагында болгон зилзалада толугу менен кулап калган 12 көп кабаттуу үйдө куткаруу иштери жүргүзүлдү. Бул үйлөрдөн өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар бирикмесинин кызматкерлери ондогон адамды куткарып чыгышты. Бирок акыркы маалыматтарга караганда 12 киши набыт болуп, 400гө жакын киши жараат алган.

Измир шаарынан 80 чакырым аралыкта жайгашкан «Аднан Мендерес» университетинин ооруканасынын дарыгери, кыргызстандык Максат Бообеков жер титиреген күнү үйүндө болгон. Ал жер силкинүүнү катуу сезгенин, учурда жергиликтүү калк коркуп үйлөрүнө кире албай калганын айтты:

«Буга чейин Измирде бир-эки жолу жер титиреген. Бирок бүгүнкүдөй катуу жер титирөөнү биринчи жолу көрүп жатам. Бүгүн мен үйдө болчумун. Тогуз кабаттуу үйдүн биринчи кабатында турабыз. Ошого карабастан жер катуу силкинди. Эки балам мектепте болчу. Алар коркпосун деп дароо алдым. Келинчегимди жумуштан алдым. Бирок эл учурда паника болуп, эмне кыларын билбей турат. Анткени кээ бир үйлөрдөн жарака кетиптир».

Измирдеги кулап калган үйлөрдөн адамдарды куткарып жаткан жарандар. 30-октябрь, 2020-жыл.

Ал ошондой эле «Азаттык» менен маектешип жаткан кезде да жер кайра бир жолу катуу силкингенин, жаан жаап жаткандыктан жергиликтүү калк учурда эмне кыларын билбей турганын кошумчалады:

«Мына, эми эле дагы бир жолу жер титиреп, элдин баары сыртка качып чыкты. Мындан кийин кантип үйгө киребиз, билбей турам. Аба ырайы да жаанчыл. Бир жагынан пандемия, бир жагынан жер титиреп кыйын болду. «Деңиздин жээги да толуп турат» деп айтышты. Кудай өзү сактасын деп турабыз».

Зилзала болгон Измир шаарында да кыргызстандык мигрант кыз-келиндер бар. Алар өз ара сүйлөшүп, бири-биринин абалынан кабардар. Көп жылдардан бери Измир шаарында жашап, иштеп жүргөн Нургүл да жер титиреген маалда үйүнөн качып чыкканын, ал турган үйлөрдүн ичинде жарака кеткенин билдирди:

«Жер катуу силкинди. Биз жашаган үйлөрдүн ичинин баары жарылып кетти. «Жети баллга чейин болду» деп жатышат. Кудай өзү эле сактады. Кыргыздар бири-бирибиз менен кабарлашып, маалымат алып жатабыз. Бирок телефон байланышы да кээде үзүлүп, айрымдары менен байланышуу мүмкүн болбой жатат. Зилзаланын кесепети оор эле болчудай. Биз да коркуп турабыз. Кыргызстандагы бала-бакырабыз да чалып сурап, дайыныбызды таппай ызылдап калдык».

Стамбул шаарындагы консулдуктун кызматкерлери «Азаттыкка» зилзаладан жабыркаган кыргызстандыктар бар-жок экенин тактап жатканын билдиришти.

Измирдеги кулап калган имараттардын бири. 30-октябрь, 2020-жыл.

Ал эми Түркиянын жергиликтүү маалымат каражаттары Измир шаарынын тегерегинде деңиз ташып, аймактагы айрым үйлөрдү суу каптагынын кабарлашууда. Расмий Анкара зилзала боюнча атайын штаб түзүлгөнүн жана кырсыктан жабыркаган ар бир жаранга жардам көрсөтүлөрүн маалымдады.

Ошондой эле Түркиянын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, ушул жылдын башында Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында жана Измир шаарында жер титирөө катталган. Андан эч ким жабыркаган эмес.

Түркияда акыркы жолу катталган эң чоң зилзала 2011-жылдын 23-октябрында Ван аймагында болгон. Анын күчү 7,2 баллга жеткен. Зилзаланын очогу Ван аймагына караштуу Эржиш шаарында болгон. Бул кырсыкта 644 киши набыт болуп, эки миңге жакын киши оор жаракат алган. 110 миң турак жай жарактан чыккан.

Жалпысынан Түркияда расмий 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенет.