Украина-Орусия тиреши курчуду, Иранда тик учак кулады (сүрөт баян)

Украинанын чыгышындагы жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардан эвакуациялангандар үчүн убактылуу жайлар уюштурулду. Орусия, Ростов облусу, Таганрог шаары.

Украина менен тилектештик күнүнө чогулгандар. Кичинекей бала украин желегинин алдында чуркап баратат. Вашингтон, Линкольн мемориалы, 20-февраль.

21-февралда Ирандын Тебриз шаарына истребител кулап, эки учкуч жана кеминде бир жайкын тургун каза болду.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Коопсуздук кеңештин жыйынында Москва Украинанын чыгышындагы эки аймактын эгемендигин тааный турганын айтты. Сүрөттө жай тургун орус президентинин айткандарына кулак салууда.


 

Ооган кыздары. Герат провинциясынын Инжил районундагы Шайдайи качкындар лагериндеги чатырлардын жанында куурчак ойноп жатышат. 20-февраль, 2022-жыл.

Одесса шаарында демонстранттар Украинанын желегин көтөрүп чыгышты. 20-февралда миңдеген адамдар мындан сегиз жыл мурун Украинадагы Майдан ыңкылабында 100дөн ашуун адам набыт болгон датага карата биримдик акциясына чыгышты. 

Пакистан. Студент Карачи шаарында экзамен тапшырып жатат. 20-февраль, 2022-жыл.

Украин чек арачылары украина-беларус мамлекеттик чек арасын күзөтүүдө. Нови Ярыловичи өткөрмө бекети, 21-февраль.

Бул жерде жума башындагы эң кызыктуу сүрөттөрдүн айрымдары топтолду.