Алты миң октун изи милиционерге алып келдиби?

Милиция курал сатууга аралашкан окуялар буга чейин да катталган.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын курал-жаракка жооптуу кызматкери камакка алынып, учурда сурак берүүдө.

Камакка алынган милициянын майору Сириядагы согушка катышты делген жарандын жанынан табылган ок-дарыларды сатып ийген деп да шектелүүдө. Укук коргоочулар бул окуянын чоо-жайы коомчулукка так айтылышын талап кылып, курал-жарактарды сактоо тартибин күчөтүү зарылдыгын белгилеп жатышат.

“Азаттыктын” күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү булактарынын билдиришинче, облустук ички иштер башкармалыгынын курал-жарак кампасынын жетекчиси, милициянын подполковниги Бөрүбай Райымбеков 17-январда камакка алынды. Анын үйүн тинткенде бир тапанча табылган. Маалыматка караганда, Райымбеков өткөн аптада Базар-Коргон районунда табылган ири өлчөмдөгү ок-дары, куралга, аларды сатууга тиешеси бар деп шектелүүдө. УКМК азырынча бул тууралуу расмий комментарий бере элек.

Ал эми облустук ички иштер башкармалыгы өз кызматкери кармалганын тастыктаганы менен, ага кайсыл негизде айып коюлуп жатканын ачык айта элек. Башкармалыкта ок-дарылар коромжусуз сакталып жатканын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков кыскача билдирүү менен гана чектелди.

- Бул боюнча бизде так маалымат жок. Ал эми курал-жарактар жана ок-дарылар облустук ички иштер башкармалыгында коромжусуз сакталууда. Аты айтылып жаткан милиция кызматкери Бөрүбай Райымбеков ички иштер башкармалыгындагы курал-жарак менен камсыздоо чарбасында ага инспектор болуп иштегени анык. Калган маалымат азыр такталууда.

Райымбеков азыр Ош шаарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында отурат. Окуяны учурда УКМК териштирип жатканы маалымдалууда.

Милициянын ишине милиция каршыбы?

Укук коргоочулар УКМК карамагындагы бул кылмыш ишти коомчулукка так маалымдап, калган курал-жарактар кимдердин колунда экендигин билдириши керектигин айтышат. "Кылым шамы" адам укугун коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова жогорудагы курал сатуу боюнча окуяга байланыштуу бир топ жүйөлөрдү келтирди.

- Бир колубуз менен жасаганды экинчи колубуз менен булгап коюп жаткандай сезилип жатат. Анткени бейрасмий маалыматта Сирияга барып келди деген адамдардан курал табылып, ушул окуя ачыкка чыгып жатпайбы. Орган кызматкерлери өздөрү терроризм менен күрөшүп, Сирияга барбоого аракет жасап, экинчи жагынан өздөрү курал берип, алардын кылмыштуу иштерине шарт жаратып берип жатат. Демек, бул жерде ага шалаакылык эмес, кылмышка шериктеш катары жооп бериши керек. Анан дагы такталбаган айрым маалыматтарга караганда, былтыр Бишкектин 8-кичи районунда каза тапкан Октябрь райондук милициясынын кызматкери, маркум Актилек Абдувалиев Базар-Коргондо табылган куралдан атып өлтүрүлгөн.

Атайын кызмат 14-январда Базар-Коргондо гранатомет дүрмөтү жана 5,45 жана 7,62 мм калибрдеги алты миңден ашуун ок табылганын кабарлаган. Бул факт боюнча Сирияга согушка барып келген делген, былтыр жайында Бишкекте атайын операцияда жок кылынган террорчул топко тиешеси бар деп шектелген бир адам камакка алынган. Айыпталынып жаткан милиция кызматкери жогоруда кармалган ок-дарыларды сатууга тиешеси бардыгы айтылууда. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова соңку жагдайдан улам күч түзүмдөрү тарабынан курал-жаракты сактоого катуу көзөмөл керектигин билдирди:

- Кыргызстанда сырттан кирген, элдин колундагы жана ведомстуктардагы курал-жарактардын так саны жок. Аны көзөмөлгө алган да бирдиктүү орган иштебейт. Ал эми ар бир орган өз-өзүнчө бөлүнүп кеткен. Бизде сакталган курал-жарактар гильзотекадан өткөрүлбөйт. Мен бул жагдайдан улам конкреттүү суроо койгум келет: ошол облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги кайсыл жакты карап олтурат? Ар бир атылган жана колдонулган курал боюнча конкреттүү талап болушу керек болчу. Алты миң октун сыртка чыгып кетишин алты миң адамдын өмүрү деп бааласак болот да. Эч убакта мен ишенбейм. Анткени жетекчиликке айтылбай туруп, ага билдирбестен ушунча көлөмдөгү ок-дарылардын сыртка чыгып кетиши мүмкүн эмес. Ошондуктан азыр кармалган милициянын майору жөн гана буйрукту аткарды деп ойлойм.

Бул пикирди милициянын эс алуудагы ардагери Сейдалы Жаналиев да бышыктайт. Союз убагында ички иштер органдарында иштеген Жаналиев ал учурда куралга болгон мамиле жана талап катуу болгонун белгилейт.

- Илгери биз милицияда иштеп турганда, ок-дары жана курал-жаракка өзгөчө катуу көңүл буруп, ар бир даанасын кайрадан үч айда бир санап турат болчу. Колдонулган ок-дарыларды да көзөмөлдөп, окутуу учурунда канча ок атылганын акты менен эсептеп турушчу. Ошол себептүү ал учурда эч бир жоготуу же сатылып кетти деген жагдай болчу эмес. Ал эми азыр курал-жарактардын сыртка чыгып кетиши же ок-дарылардын сатылышы көзөмөлдүн жоктугунан улам жаралат деп ойлойм. Илгертен айтылган жакшы сөз бар: "Кайсыл жерде көзөмөл жок болсо, ошол жерде кылмыш башталат" деген. Ошол себептүү айрыкча ок-дарылар менен курал-жарактарды катуу кароого алыш керек.

Мыйзамдарды өзгөртүү зарылчылыгы

Расмий маалыматтарга караганда, 2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларында жүздөгөн курал-жарак менен кошо 40 миң даана ок-дарылар элдин колуна өтүп кеткен. Бирок алардын канчасы кайтарылгандыгы тууралуу орган кызматкерлеринде маалымат жок. Ошол себептүү азыр өлкөдөгү курал-жарактардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу керектигин адистер атайын белгилешүүдө. Ал эми "Кылым шамы" адам укугун коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова курал боюнча улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген мыйзамдар иштеп жатканын мисалга тартты:

- Ошол эле учурда улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген бир топ мыйзамдар иштөөдө. Алардын бири учурда өлкөдө иш алып барган күзөт агенттиктери. Аларга сырттан курал сатып алууга жана аны кызматкерлери аркылуу колдонууга укук берилген. Бул бирдиктүү мамлекеттик органдар аркылуу эмес, агентстволор аркылуу ишке ашырылганы абдан коркунучтуу. Буларда кайсыл жактан келген, кандай куралдар бар экени белгисиз. Ал эми экинчи жагдай элдин колунан алынган курал боюнча да маалымат жок. Ошол себептүү милиция органдары ошол куралдарды соодалоого барып жатканы байкалат. Бул биринчи окуя эмес.

Укук коргоочулар бул милиция курал сатууга аралашкан биринчи окуя эместигин билдиришүүдө. 2011-жылдын июль айында Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын эки кызматкери курал сатуу иши боюнча колго түшүрүлгөн. Атайын кызматтын текшерүүсүндө аталган орган кызматкерлеринен "Сайга" мылтыгы, 16 калибрлүү мылтыктын 129 огу менен "Калашников" автоматы, тапанчанын 72 огу ж.б. ок-дарылар жана жаңы эле сатылган курал үчүн алынган 3000 доллар табылган.