Бишкек шаарынын атын атагысы келбеген тургуну он күн мурда ууга жарай турган мылтык сатып алган. Бул кадамын ал достору арасында курал сатып алуу "модага" айланганы менен түшүндүрдү:
- Ууга чыгайын дегем. Деги эле менин досторум, тааныштарымдын баарында мылтык бар. Үйдө куралдын турганы да оң деп ойлойм. Үй-бүлөнүн коопсуздугу үчүн жакшы.
Соңку мезгилде курал сатып алгандардын саны өскөнүн Жогорку Кеңеш депутаты Бактыбек Калмаматов да белгилейт. Депутат элдин куралдануусун өлкөдөгү кооптуу жагдайдын сакталып турушу менен түшүндүрдү:
- Акыркы жылдары болуп жаткан кырдаалдарда курал аябай зарыл экенин адамдар түшүнүп калды. Муну атайын дүкөндөрдө куралдар көп сатылып жатканы менен да байланыштырсак болот.
Суроо-талап жылдан-жылга Бишкекте курал саткан дүкөндөрдүн санынын өсүшүнө алып келди. Алып карасак, сегиз жыл илгери Кыргызстанда онго жетпеген курал саткан дүкөн болсо, учурда алардын саны 29га жеткен. Кызыгы, бирөө Бишкектеги №64 мектептин имаратында орун алган. Калган дүкөндөрдүн дээрлик көпчүлүгү көп кабаттуу үйлөрдүн астында жана коомдук жайларга жакын жерде орун алган.
Коомдо куралга кызыгуу өскөндөн улам “Курал жөнүндө” мыйзамга жакында толуктоолор кирди. 17-февралда парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети Ички иштер министрлигинин жаңы пункттар менен толукталган “Курал жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырды. Ага ылайык, мектеп же окуу имараттарында, коомдук жайларда курал сатууга жана аны алып жүрүүгө тыюу салынат.
Деген менен соңку тогуз жылда эки ыңкылап жана Ош коогасы учурунда элге тарап кеткен миңден ашуун курал бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. "Өлкөдөгү уюшкан кылмыш топторунун санынын өскөнү да мыйзамсыз же көмүскө курал алып сатууну гүлдөтүп жатат",- дейт коопсуздук боюнча серепчи Артур Медетбеков.
- 2010-жылдан бери криминалдык топтор абдан күчөп кетти. Мисалы, Бакиевдин мезгилинде бир кримтөбөл болсо, учурда төрт кримтөбөл пайда болду. Алардын баары өз топторун түзүп, тегерегине жаштарды топтоп жатат. Анан аларга эмне керек? Албетте, курал керек! Демек ошол куралдын мыйзамсыз айлануусуна дал ушул кримтоптор түрткү берүүдө. Тополоңдордо курал менчиктеп алгандар да криминалдык чөйрөнүн балдары. Куралдын мыйзамсыз түрдө элде калып жатышы биздин укук коргоо органдарынын начар иштеп жатканынан кабар берет.
Коомдун куралдануусунун өскөнүн күн сайын киши өмүрүнө кол салуулардын, коркутуп, талап-тоноочулук фактыларынын байма-бай катталуусунан да байкаса болот. Бир эле 17-февралды алып карасак, Ош шаарында эки адам кармалган. Бирөөсүнөн 16 калибрлүү бир мылтык 20 чакты патрону менен, экинчисинен согуштук РГД-5 үлгүсүндөгү эки граната табылган.
Статистикага кайрылсак, Бишкекте учурда 12 миңден ашуун адам курал алып жүрүү укугуна ээ. Алардын колундагы бери дегенде 18 миң курал каттоодо турат.
Бишкек боюнча учурда 541 адамда сыйлыкка алган 604 тапанча бар. Алардын 327синен ок атылган. 2013-жылкы текшерүүдөн кийин 541 адамдын 142син каттоого турган жеринен көчүп кеткендер же таптакыр эле башка өлкөгө чыгып кеткендер түзгөн.
Андан да башка мыйзам чегиндеги куралдуу жеке ишканалардын - коргоо агенттиктеринин саны өсүп, учурда 115ке жетти. Бул жеке менчик ишканаларда миңден ашуун ар кандай курал каттоодо турат.