Тажик аялдарын суицидге эмне түртөт?

Иллюстрация.

Тажикстандагы изилдөөлөр көрсөткөндөй, калк арасында бир жылда 500дөн ашуун адам суицидге барат же өз жанын кыюуга аракет кылат. Арасында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыз-келиндер да арбын.

Коңшу өлкөдө адистер акыркы жылдарда аялдардын балдары менен бирге өз жанын кыйганы көбөйгөнүнө тынчсызданат.

“Үйдө күн сайын жаңжал болчу. Күйөөмдүн ага-инилери ар кандай себеп таап мени күнөөлөчү эле. Балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алганга жол беришпей, жолдошума “талак бер, ажыраш, үйдөн кетсин” деп талап кылышчу. Күйөөм эки оттун ортосунда калып, көп чыр-чатак, ызы-чуу болду. Үйдөн чыгып кеттик, бир канча убакыт батирди ижарага алып жашадык. Уулубуз чарчап калгандан кийин кайра келдик. Күйөөм мени сабаганды адатка айлантты. Кайнагамдын аялы күйөөмдү мага каршы тукура турган болду. Мен бул жашоодон чарчадым. Коргон-Төбөдөгү көпүрөдөн дарыяга бой таштайм десем, алар буга жол бербей коюшту”.

Бул Тажикстандын Хатлон облусунун Вахш районунда жашаган 33 жаштагы келиндин баяны. Атын коомчулукка айтууну туура көрбөгөн аялдын башына түшкөн оор мүшкүлдү түшүнүп, өз жанын кыюу оюнан кайтууга Бохтар шаарындагы “Гамхори” коомдук уюму жардам берген. Запкы көргөн аялдын ал кезде бети-башы көгала, бир буту аксап калган экен.

Дагы караңыз Тажикстанга качкан ооган кыздары "Талибанга" ишенбейт

Уюмдун кызматкерлери келиндин күйөөсү менен сүйлөшүп, эки жарым жашар уулуна туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга жардамдашкан. Азыр күйөөсү экөө чогуу жеке ишкердик менен алектенишет. Кичинекей уулу апасы менен ал иштеген жерде чогуу жүрөт.

Алар кайра эле кайын атасынын үйүндө жашай баштады. Келин үй-бүлөдөгү жаңжалдарга, чыр-чатакка көңүл бурбаганга аракеттенет. Азыр жашоосу оңолуп, үй-бүлөсү менен чогуу жаркын келечекке кадам таштады.

“Мындай учурлар көп”

Юрист Мадина Низомова "Гамхори" уюмунда дээрлик 20 жыл иштеп, эки жылдан бери жетектеп келет. Уюмдун кризистик борбору жана убактылуу баш калкалоочу жайы бар. Психологдор, юристтер жана кеңешчилер муктаждарга акысыз көмөк көрсөтүшөт.

Низомова психологиялык жана үй-бүлөлүк кризис учурунда жардам сурап кайрылган ар бир аялга өзүнчө жардам берүү программасы иштелип жатканын айтат. Адегенде психологдор аялга стресстен жана психологиялык басымдан арылууга жардам берет. Андан кийин юрист укуктук маселелерин чечүүгө көмөктөшөт. Ал "Озоди" радиосуна мындай учурлар көптүгүн айтып берди:

“Бир жолу түнкү саат 12де бир аял телефон чалып: “Көпүрөдө турам, жашоодон тойдум, дарыяга бой таштайм” деди. Мен анын күйөөсүн таап, жанына барып, сүйлөшүп, бул кадамынан – өз жанын кыюудан алып калдым. Менин үйүмдө түнө десем макул болгон жок, туугандарына алып бардык”.

Дагы караңыз Жанын кыйган жигит, депрессияга түшкөн коом


Мадина Низомова COVID-19 пандемиясында коронавирустун айынан баласынан ажыраган аялдын үй-бүлөсүндөгү оор жагдай тууралуу да айтып берди. Анын сөзүнө караганда, туугандары баланын өлүмүнө апасын күнөөлөшкөн.

“Пандемия маалында үй-бүлөлүк зомбулук фактылары чындап көбөйдү. Жада калса эркектер да кайрылышкан, анткени алар бул мезгилде жумушу жок болгондуктан, акчасыз калып, такай психологиялык басымга дуушар болушкан”, - дейт Низомова.

Ал акыркы жылдарда балдары менен чогуу өз жанын кыйган аялдар көбөйдү деп тынчсызданууда.

Быйыл июнда Гафуров районунун Бобожон айылынын тургуну Санат Гаффорова эки кичинекей баласы менен Сырдарыяга бой таштап, көпчүлүктү нес кылган. Буга чейин Пенжикентте жаш эне адегенде үч баласын асып, андан кийин өзү асынып алган.

Суицид аракети жылына 500дөн ашат

2021-жылы Тажикстандын Ички иштер министрлиги өз жанын кыйган жана өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган 518 фактыны каттаган, алардын жарымы аялдар. Кыз-келиндер жана үй-бүлө иштери боюнча комитет үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, күйөөлөрүнүн же аталарынын жылдап миграцияда жүргөнү жана өп-чап турмуш аялдарды суицидге түртөрүн белгилейт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Өз жанын кыюунун алдын алуу боюнча эл аралык ассоциациясынын маалыматына таянсак, жыл сайын дүйнөдө 700 миң адам өз жанын кыят, алардын 77% кирешеси төмөн жана орто өлкөлөргө туура келет. Бул ассоциациянын активисттери жылына 10-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк суицидди алдын алуу күнүн белгилешип, бул маселеге коомчулуктун көңүлүн буруу максатын көздөшөт.

Тажик сотторунун изилдөөлөрүнүн бири көрсөткөндөй, өлкөдө аялдар арасында өз жанын кыйгандардын көбү күйөөсүнүн же кайын журтунун басым-кысымына жана үй бүлөдөгү зордук-зомбулукка кабылгандар.

Дагы караңыз Казакстан суицид боюнча алдыда


Ага карабай адистер акыркы жылдары бул өлкөдө кыз-келиндердин укугун коргогон уюмдардын аракети менен үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алууда жылыш байкалып жатканын айтышат.

“Аялдар үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдөн адистерге кайрылууга укугу бар экенин билишет, алар коргоо жана колдоо алышат, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча мыйзам бар. Кылмыш-жаза кодексинде “Өз жанын кыюуга жеткирүү” деген берене бар. Калк мындан кабардар болуп калды. Бирок өзүмдүн тажрыйбамдан байкаганым боюнча, аялдар чыдамкайлыгынан жана кеп-сөздөн корккондуктан, көйгөйлөрүн коомчулукка чыгарышпайт. Эч кимге айтпай жүрүүнүн аягы өз жанын кыюуга жеткирет”, - дейт Мадина Низомова.

Жарандык активисттин айтымында, акыркы жылдары аялдар жана үй-бүлө маселелери боюнча кызматкерлер үймө-үй кыдырып, милдеттүү түрдө “көйгөйлүү үй-бүлөлөргө” барып, алдын алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Көйгөйгө эч ким кайдыгер карабашы керектигин айткан Мадина өзгөчө алыскы айылдардагы мындай аракеттердин натыйжалуу болушу үчүн жамаат башчыларынын, жигердүү аялдардын, ал тургай кошуналардын да ролу чоң экенин белгиледи.

Макала "Озоди" радиосунан которулду.