Жогорку Кеңеш 28-июлда кабыл алган мыйзамга каршы болууга аргасыз кылган жагдайлар тууралуу кыймылдын мүчөсү, "Аялдарды колдоо" борборунун жетекчиси Бакен Досалиева "Азаттыкка" айтып берди.
- “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” бул конституциялык мыйзамга ылайык келерки парламентке шайлоодо пропорционалдык система менен 54, мажоритардык система менен 36 депутат куралып келиши күтүлүүдө.
Мурдараак 36 депутаттын ичине да аялдар үчүн квота колдонулат деп айтылган. Иш жүзүндө аялдарга квота партиялык тизме боюнча келгендерге гана калыптыр. Эгер ошол бойдон калса 90 мандаттын 16сы эле аялдарга тиешелүү болуп калат экен. Бул 18 пайызды гана түзөт. Ошондуктан, “Бул туура эмес. Калктын 52 пайызын түзгөн аялдардын үнү Жогорку Кеңеште угулбай калабы? Дегеле Кыргызстандын парламентинин тарыхында аял депутаттар 30 пайызга жеткен эмес. Бул ирет ушуну камсыз кылууга көмөктөшүңүз” деп кол кое электе президентке кайрылдык.
- Президент демилгеңерди колдоруна ишеним барбы? Кандай жыйынтык күтүп атасыңар?
- Кайрылууну кечээ бердик. Анда эки талабыбыз бар. Биринчиси, пропорционалдык тутумдун негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча паритет принцибин колдонуп, 27 эркектен жана 27 аялдан тизме түзүлсүн дедик. Ошондо гана аял депутаттардын саны жалпы 30 пайызга жетет экен. Экинчиси, партиялык тизмедеги аялдардын ордун бекемдөөнүн механизмин сунуш кылдык.
Ошондо партиялар тизмени реалдуу талапкерлер менен түзөт, шайлоого чейин бир, шайлоодон кийин башка тизмени жасап, элдин көзүнө чөп салбайт. Буга чейин аялдарды тизмеден уятсыздык менен сүрүп чыгаруу болгон. Ал эмес жаштар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер, этностук азчылыктар да сүрүлүп калган. “Акипрессте” да маалымат жыйынын өткөрүп, президенттен кыймылдын өкүлдөрүн кабыл алууну сурандык. Президент менен бетме-бет отуруп түшүндүрсөк деген оюбуз бар.
– Мыйзам долбоору кыска убакыт болсо да талкууга коюлду. Сиздер талкууга катыштыңыздарбы? Сунуштарыңыздарды бердиңиздер беле парламентке?
- Ооба, Жогорку Кеңештин депутат айымдарынын форумунда сунуш кылганбыз. БШК менен парламент мыйзам долбоорун чогуу иштеп жатканда, андан кийин парламентте да 30 пайыз квота сакталарын айтышкан. Бирок, ал убада аткарылган жок. Бул жерде жалаң олигарх эркектер келери көрүнүп турат. Анткени, аялдардын каржылык мүмкүнчүлүгү жок. Ошон үчүн биз паритеттик принципти колдонууну сунуштап жатабыз.
- Президент ушул калыбында кол коюп, мыйзам күчүнө кирип калса, кандай тобокелчиликтерди күтүп жатасыздар?
- Аялдардан парламентке азыр саналып аткан 16 эмес, андан да аз келиши күтүлүүдө. Депутаттар беш жыл бою мамлекетти оңдоо боюнча иштеши керек. Бирок, эркек депутаттар эч качан социалдык-экономикалык маселелерди керектүү деңгээлде чечишпейт. Ал эмес балдардын кодексин алып чыкканда да колдобой койгон учурлар болгон. Эл деле депутаттардын сапаттык көрсөткүчүнө капа, чынында. Тажикстан, Ооганстан өндүү тышкы коркунучтар да бар. Мындай жагдайда тынчтык маселесин алып чыгыш керек. Мамлекеттин абалы оор. Жалаң эркек депутаттар менен деле биз көп алдыга жыла албайбыз.
- Албетте, бир мандаттуу округдан аялдар катышууга укугу жок деген жобо жок. Мыйзам кабыл алынып калса, аялдарды сүрөй турган шайлоочуларды активдештирүү багытында иштер жүрөбү?
- Биз аракет кылабыз. Бирок, элде кайдигерлик бар. Бизде бир мандаттуу шайлоо округдарынан аял киши өтө албай турганы анык. Партиялык система боюнча шайлоодо да каржы чечет. Ошондуктан, президент кайрылуубузду эске алып, көңүл бурат деген үмүтүбүз бар.