Кыргыздын белдүү тарыхчыларынын жана архив таануучуларынын бири Дөөлөтбек Бекиш уулу Сапаралиев 70 жаштын белин ашты. XVII – XX кылымдардагы чөлкөмдүн жана атамекен тарыхынын устаты жана анын бабалары тууралуу баянга чакырабыз. Тарыхчынын блогу.
Илимге арбын саамалык киргизген адис
Профессор Дөөлөтбек Бекиш уулу Сапаралиев агай – аты Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да таанымал заманбап тарыхчы.
Ал 450дөн ашуун ар кыл эмгек жарыялаган, анын ичинде 6 монография, 4 брошюра, 6 усулдук китепче, калемдешип жазылган 22 китеп жана макалалар бар. Анын илимий макалалары ар кыл тилдерде Азербайжан, Индия, Казакстан, Монголия, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдөгү илимий басылмаларда жарык көрдү.
Дагы караңыз Д.САПАРАЛИЕВ: КЫРГЫЗДЫН ЖЕРЛЕРИН ЖАНТАЙ КАЗАКТАРГА УБАКТЫЛУУ ГАНА БЕРГЕН
47 жылдан бери Кыргызстандын тарых илимине ырааттуу кызмат өтөп келе жаткан окумуштуу аксакалыбыздын илимий салымдарынын бардыгын санап отурбайлы. Ал тарых илиминин чөйрөсүнө XVII – XX кылымдардагы кыргыздардын жана алардын тарыхый коңшуларынын саясий тарыхы, инсан таануу, архивдик даректери боюнча олуттуу саамалыктарын киргизе алган мээнеткеч окумуштуу. Аны илимий ишмердиктин уюштуруучусу катары да сыйлайбыз.
Тарыхчы Дөөлөтбек Бекиш уулу Сапаралиев 2002-жылы Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгына, 2011-жылы болсо “Кыргыз Республикасынын билимине эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наамга ээ болгон.
Ал эми 2013-жылы ал Түркияда Ататүрк доорунда негизделген кадыр-барктуу “Түрк Тарых Коомуна” (Türk Tarih Kurumu) чет өлкөлүк ардактүү мүчө болуп шайланган.
Үстүбүздөгү айда (2023-жылдын октябрында) ага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору наамын ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алынды.
Тарыхчынын ата-бабалары тууралуу кыска баяндан.
Молдобайдын өмүрү
Илимпоз Дөөлөт Бекиш уулу Сапаралиевдин теги – кыргыздын саяк уруусунун ыман уругунан. Анын ата-бабалары Жумгал өрөөнүн жердешкен.
Ал мурдагы падышалык Орусиянын архивдерин ар кыл илимий көйгөйлөр боюнча иликтеп жүрүп, ара-чолодо өзүнүн жеке бабаларына тийешелүү да кызыктуу маалыматтарды чогултуп алган.
Анын чоң аталарынын бири Молдобай Айбаш уулу (1865–1938) падышалык оторчулук доорунда ар кыл кызматтарга жеткен тың кыргыз төбөлдөрүнүн бири болгон экен.
Маселен, ал падышалык Орусияга караштуу Жети-Суу (Семиреченская) облусунда Пишпек (Бишкек) үйөзүндөгү Качкын (же Качыке) болуштугунун №3 айылында элдик бий (жергиликтүү шайланма сот) болуп иштеген.
Д.Сапаралиев Казакстандын мурдагы борбору Алматы шаарындагы мамлекеттик архивден падышалык оторчулук дооруна таандык архивдик иштерди карап жатып, өз бабасы Молдобай Айбаш уулу 1911- жана 1915-жылдары (эки жолу) аталган №3 айылдын элдик бийи болуп шайлангандыгын жана анын бул кызматы падышалык оторчул бийликтердин (тактап айтканда, Орусиянын Жети-Суу облустук аскер губернаторунун) буйругуна ылайык тастыкталгандыгын аныктаган.
Тарыхчы Д.Сапаралиевдин изилдөөсүнө караганда, 1892-жылы Суусамыр болуштугунун чарба каттоо китебинде Молдобай Айбаш уулу айылда өзүнчө чарбанын башчысы катары белгиленип, 25 жашта экендиги, анын жубайы Үмүт дагы жашташ болгондугу, алардын уулу Молдокул 2 жашка чыккандыгы, колунда бир жылкы, эки бодосу, жыйырма кою бар экендиги, аштык менен да алектенип, бир кап буудай эгип, түшүмү беш капка жеткендиги чагылдырылган. Булардын бардыгы, албетте, салык үчүн керек болгон жана малынын жана дыйканчылыктагы түшүмүнүн саны атайылап азыраак көрсөтүлгөн болушу ыктымалдан алыс эмес.
Сыягы, Молдокул Молдобай уулу чарчап калса керек, ал жөнүндө кийинрки архивдик маалыматтарла эч айтылбайт, деп Д.Сапаралиев боолголойт.
Дагы караңыз 1916: Кыргыз бийлери жана манаптары көтөрүлүштө кандай ролду ойногон?Биринчи дүйнөлүк согуш маалында, 1916–жылы Петроградда чыккан “Жети-Суу облусундагы жергиликтүү калктын жана мурдараак келген орустардын чарбаларын жана жерди пайдалануусун изилдөө боюнча П.П.Румянцевдин жетекчилиги астында топтолгон жана иштелип чыккан материалдар” (“Материалы по обследованию туземного и русского старожильческого хозяйства и землепользования в Семиреченской области, собранные и разработанные под руководством П.П.Румянцева”) деген статистикалык маалыматка мол жыйнактын жетинчи томунда Бишкек үйөзүнө байланыштуу маалыматтар топтолгон.
Мындагы 134-бетте Молдобай Айбаш уулу да өз айылындагы алты чарбанын жетекчиси катары чагылдырылган экен.
Д.Сапаралиев ырастагандай, Молдобай Айбаш уулу Жумгалдын Кара-Төк кыштоосун жайлаган жана анын карамагында 20 эркек жана 21 аялзатынын өкүлдөрү болгон.
Качкын (Качыке) болуштугундагы бул алты чарбанын ээлигинде 47 жылкы, 8 төө, 27 бодо мал, 1070 кой, 71 эчкиси бар болгон. Кол өнөрчүлүк менен алектенген жана бир малайды жумшаган бүлөсү да болгон.
Демек, Кара-Төк кыштоосундагы бул чарбадагылар бардар жашашкан. Алты чарба жылына 370 боо чөп чогулткан. Беде айдашкан эмес. Баары тең дыйканчылык (аштык) менен да алектенишкен. Алардын 12–15 танаптай (орусча “десятина”) сугат жери бар болгон.
Орусиянын ичкерки аймактарынан (өзгөчө 1905-жылдан кийин) улам көптөп көчкөн славян келгиндердин айынан жер тарып, кыргыздардын турмушу катаалдашкан чакта, 1912-жылы Молдобай Айбаш уулу менен Мырзабек Дыйканбай уулу биргелешип, Качкын (Качыке) болуштугунун калайыгынын атынан оторчул бийликтерге арыз жазышып, кыргыздардын жер тилкелери келгин орустар тарабынан мыйзамсыз түрдө тартып алынып жаткандыгына ачык нааразылык билдиришкен, деп тарыхчы Д.Сапаралиев өз бабасынын ишин сыймыктануу менен эскерет.
Орус падышасына жана Сенатына жолдонгон бул катты Д.Сапаралиев жакында Орусиянын мамлекеттик архивинен таап келди.
Дагы караңыз Көмүскө Куршаб бейити: "МедиаХаб" тобу иликтейтАлбетте, Советтер Биримдигинде болшевиктик режим күч алган доордо, өзгөчө Иосиф Сталиндин жеке керт башына сыйынуу бара-бара тамыр жайып, анын “тап күрөшү ого бетер курчуйт” деген зулумдук жобосуна негизденип, кеңири куугунтуктар башталган чакта, советтик Кыргызстанда мурдагы бай-манаптар жана оокаты тыңдар делгендер жазалоочулардын бутасына алынышкан.
1920-жылдардын соңунда Жумгалдагы тыңдардын бири Молдобай Айбаш уулу “эзүүчү таптын өкүлү” катары “кулакка тартылып”, кийин “социализмдин саясий душманы” аталып, сталиндик репрессияга кабылган.
Ал үч жолу сталиндик абакка салынган. Акыры ал абактан качып чыгып, 1938-жылы (73 жашында) каза болгон.
Ал кезде “эл душманы” деген жарлыкка кабылган кишинин үй-бүлөсү да каатчылыкка, ар кыл түз же кыйыр куугунтуктоолорго кабылышканы белгилүү.
Молдобай Айбаш уулунун урпактары да сталиндик азап-тозокту жон тери менен сезишкен.
Сапаралы чоң атанын жолчулук тагдыры
Молдобай Айбаш уулунун үч кыздан башка уулдарынын бири Сапаралы (1892–1974) Кеңеш бийлигинин алгачкы кезеңинде – 1920–1930-жылдары далай кыйынчылыктарды көрсө да, акырындап бутуна турган.
Ал Экинчи дүйнөлүк согуш жылдары Кочкор жол тейлөө башкармалыгына караштуу жана аскердик да мааниге ээ болгон Фрунзе–Нарын жолунун (азыркы Бишкек – Торугарт кан жолунун) кара жумушуна тартылган.
Азыркы тапта Долон ашуусунан түштүккө карай түшүп, Оттук суусунун капчыгайы аркылуу Нарын шаарын көздөй автоунаада шуулдап өтүп жаткан жүргүнчүлөр Кара-Үңкүр жергесин тез эле жандап өтүшөт.
Ал эми согуш жылдары бул чакан кыштак – өзгөчө корголгон жана далай абактагылардын сөөктөрү сөпөт болгон кандуу жай эле. Мында советтик аскер өнөр жайы үчүн керектүү коргошун, кийинчерээк уран казуу далаалаттары болгон. Кен жайда жетиле элек алтын да болгон деген маалымат бар.
Азыр да Кара-Үңкүр кыштагынын тоо этегинде сталиндик доордогу эски кенчилердин таш коргон үйлөрүнүн пайдубалдары үңүрөйүп, ары-бери өткөндөргө бийиктен карап турушат.
Бул кен жайга Долон ашуусу аркылуу келчү автоунаа жолду кышы-жайы менен оңдоп-түздөп туруу машакаты дал ушул Кара-Үңкүрдөгү жол тейлөө мекемесине таандык болгон.
Дагы караңыз Адабият күнү, айтылып бүтпөс Айтматов
Долон ашуусунун коркунучтуу жолу тууралуу Чыңгыз Айтматовдун (1928–2008) айтылуу “Кызыл жоолук жалжалым” (“Делбирим”) чыгармасында да чагылдырылат эмеспи. Бул чыгарманын кыргызча алгачкы үзүндүсү "Советтик Кыргызстан" гезитинин 1959-жылдын 30-августундагы санына "Долондун кан жолунда" деген ат менен жарыяланган.
Сапаралы Молдобай уулу кара жолду караган ушул мекеменин Оттук жана Он-Арча тилкелеринде да жолду көзөмөлдөп, оңдоп-түздөө иштерине тартылган экен.
Азыркы тапта автоунаалар деңиз деңгээлинен 3030 метрдей бийиктиктеги Долон белинен Нарын шаарына чейин бул тилкелердеги заманбап жол аркылуу 50 мүнөттө кирип барышат. 1940–60-жылдары бул аралыкты дээрлик 3 саатта араң басып өтүшчү. Орто жолдо унаалар Он-Арча суусунан эски жыгач көпүрө аркылуу акырын өтүшөөр эле.
Сапаралынын Токтоналы жана Усубалы деген эки иниси Экинчи дүйнөлүк согуш маалында кан майданга кетип, кайтпай калышкан.
Сапаралынын уулдары Бектур (эркелеткен ысымы – “Бекиш”) жана Жумалы экөө тең жаштайынан кара жумушта иштеп, чыйрак өсүшкөн.
Сапаралы ата 1974-жылы өз айылында дүйнө салган.
Бекиш атанын бүлөсү
Бектур (Бекиш) Сапаралы уулу (1926–1999) айылдагы толук эмес (сегиз жылдык) мектепти аяктаган соң, 1942-жылы атасына кошулуп, Кара-Үңкүр, Оттук багытындагы кара жолду түзөө иштерине тартылган.
1943-жылы ал Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайына ийгиликтүү тапшырып, аны 1946-жылы аяктаган. Ара-чолодо ал Долон – Он-Арча тилкелериндеги жол иштеринде да иштеп турган. Бир учурда иштеп жана окуу – кыйла түйшүк болчу, бирок сталинизм доорунда ар кыл запкы чеккен үй-бүлө мүчөсү үчүн тийешелүү жогорку билимге ээ болуу – болочокку телчигүү жана кызматтык өсүү үчүн өзгөчө маанилүү тепкич түзмөк.
Бектур Сапаралы уулу (документте “Бекиш Сапаралиев”) мугалимдик кесипке ээ болгон соң, 1946–1951-жылдары Нарын облусунун (ал кездеги Тянь-Шань облусунун) Жумгал районуна караштуу Базар-Турук айылындагы Жаңы-Арык мектебинде, андан соң райондун борбору – Чаек айылындагы Чаек жети жылдык мектебинде, анан Кара-Булак жети жылдык мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы жана тарых, география мугалими болуп эмгектенген.
Ал мектепте иштеп жүрүп, Юридикалык мектепти (1951–1953-жж.) аяктап, андан соң Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы КУУнун) юридикалык факультетинде (1958–1964-жж.) таалим алган.
Дагы караңыз Кыргыз эркин туюнткан укукчу айдың
1964-жылдан тартып ал алгач адвокат, юридикалык (укуктук) кеңеш берүүчү мекеменин башчысы, андан кийин Нарын облусунун Тянь-Шань, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунда прокуратура кеңсесинде – тергөөчү жана прокурордун орун басары болуп ар кыл укуктук кызматтарда эмгектенген.
Ал бир нече жолу Жумгал жана Ак-Талаа райондук Кеңештерине депутат болуп шайланган.
1967-жылы ал СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун жарлыгына ылайык “СССРдеги каармандык эмгеги үчүн” медалы, 1984-жылы болсо “СССРдин эмгек ардагери” медалы менен сыйланган.
Демек, мурдагы “байдын жана кулактын” урпагы Бектур (Бекиш) Сапаралы уулу өзүнүн өмүрлүк жубайы Нурпия Турдумолдоева (1924–2010) экөө совет заманынын кийинки баскычтарында буттарына тура алышты. Башкача туюнтсак, алар “өз киндигин өздөрү кесип”, байсалдуу өмүр өткөрүштү.
(Айтмакчы, Нурпиянын атасы, саяктын мойнок уругунан чыккан бай Турдумолдо Баатай уулу дагы “кулак” катары жазыксыз жерден куугунтукталып, эки ирет сталиндик абакта жатып чыккан жана 1938-жылы дүйнө салган. Сөөгү Жумгал районундагы Кызарт айылынын Сары Талаа жергесинде коюлган).
Нурпия апа Фрунзедеги (азыркы Бишкек) соода окуу жайын бүтүргөн. Ал өмүр бою өз күйөөсү иштеген жерлерде ар кыл соода мекемелеринде үзүрлүү эмгектенген.
Бектур (Бекиш) менен Нурпия алты баланын (уулдары – Дөөлөтбек, Дуулатбек, Медетбек; кыздары – Светлана, Гүлнара, Камелия) баарын жогорку билимге жетиштиришип, татыктуу тарбиялашкан.
Бекиш ата 1991-жылы Кыргызстандын эгемендикке жетишин чечекейи чеч боло сүйүнүп тосуп алган. Ал 1963-жылы ноябрда КПСС партиясына мүчөлүккө өтүп, ГКЧП кутуму ойрон болгон 1991-жылы 21-августта КПССке мүчөлүгүн токтоткон.
Бекиш ата 1999-жылы 9-майда каза болгон. Байбичеси Нурпия эне болсо он бир жылдан соң, 2010-жылы дүйнө салды.
Жогорудагы чакан баяныбыз азыркы белдүү тарыхчыбыздын кандай кыртышта таалим-тарбия алгандыгын жана эгемендик доорунда гана ачыкталган үй-бүлөлүк сырларын калыс аңдообузга огожо болот ко деп ойлойбуз.
Дагы караңыз Таабалды Мукайыл уулунун жаркын элеси эсте
Дөөлөтбектин серелери
Дөөлөтбек Бекиш уулу Сапаралиев 1953-жылы 24-октябрда советтик Кыргызстандын Тянь-Шань облусуна (азыркы Кыргыз Республикасынын Нарын облусуна) караштуу Жумгал районунун Чаек айылында айдыңдык үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген.
Ошол айылдагы Москва атындагы орто мектепти 1970-жылы аяктагандан кийин, дароо жогорку окуу жайына өтпөстөн, ошол жылдын ноябрь айынан тартып Жумгал райондук эл сотунун соттук отурумдун протоколдук катчысы катары эмгек жолун баштаган.
Тарыхчынын өмүр жолу жана чыгармачыл ишмердиги тууралуу кеңири маалыматты заманбап интернет барактарынан арбын учурата алабыз. Маселен, анын өмүр жолунун урунттуу учурларын “Википедиядагы” макаладан да окуй алабыз. (Биз андагы айрым түзөтүүлөрдү Д.Сапаралиевдин автобиографиялык маалыматына негизденип киргизген элек).
Бул биографиялык маалыматтарды кургак кайталап отурбастан, айрым орчун жагдайларга токтолууну эп көрдүк.
Дагы караңыз 2-февраль: Тарых барактары
Д.Б.Сапаралиев 1987-жылы “Кыргыз элинин XVIII кылымда коңшу жана Орусия элдери менен өз ара мамилелери” деген тема боюнча диссертацияны ийгиликтүү жактап, тарых илимдеринин кандидаты илимий даражасын алды.
Бул диссертацияда ал илимге жаңы архивдик маалыматтарды киргизе алган таланттуу илимпоз катары өзүн мыкты тастыктады деп бекем айта алабыз.
Дөөлөт агайыбыз 1980-жылдардын этегинде Кыргызстандын Илимдер академиясында (азыркы Кыргызстандын УИАсында) ал кездеги Тарых жана чыгыш таануу институтунун Жаш тарыхчылар кеңешинин төрагасы болуп, институттагы жаш окумуштуулардын уюмун жетектеп турганда, телчигип келе жаткан далай жаш изилдөөчүлөрдү ар кыл илимий жыйындарга катыштыргандыгы эсимде.
Ал эми 1989-жылы 3-июнда Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты (КЖТЖ) уюму негизделгенде, Дөөлөт агай экөөбүз бул уюмдун башчылыгына атаандаш талапкерлерден болдук.
Ал кезде Дөөлөт агай Компартияга мүчөлүккө талпынып жаткан, биз болсок КПССке каршы чыккан алгачкы демократиялык иш-аракеттерге көбүрөөк ооп жатканбыз.
Дагы караңыз Жаш тарыхчылар уюмуна 30 жыл
Шайлоо аркылуу тастыкталып, алгачкы жылдары КЖТЖны этнограф Айдарбек Көчкүнов жетектеп калды, ал эми 1991-жылдын жазынан 1992-жылдын май айына чейин бул чыгармачыл жамаатты Дөөлөт агай өзү жетектеди. Экөөнүн тушунда тең уюмдун төрагасынын орун басары болдум.
1990-жылдан тартып Дөөлөт Сапаралиев агай деле жалпы демократиялык маанайга көчкөн болчу жана Кыргызстандын тарыхынын көйгөйлөрүнө реформачыл өңүттө кароого ал өзү да жигердүү салым кошо баштаган.
1992–1995-жылдары КЖТЖны ушул саптын ээси башкарды. Ал жылдары да Д.Сапаралиев, А.Көчкүнов, Т.Өмүрбеков, А.Асанканов, Т.Кененсариев, З.Курманов, С.Бегалиев, Т.Машрапов, К.Молдокасымов, А.Акунов, М.Кожобеков, Т.Бакир уулу, Т.Бейшеналиев, К.Табалдыев, А.Кылычев. А.Койчиев, Т.Абдыракманов, А.Кожобаев, Д.Иманова ж.б. жаш тарыхчылар жана аларга устат болгон жана ар кыл кеңеш айткан Ө.Караев, К.Үсөнбаев, географ С.Өмүрзаков, жазуучулар Т.Сыдыкбеков, К.Жусупов, К.Акматов, Т.Касымбеков, ж.б. аксакалдар кыргыз тарыхынын орчун баскычтарын жаңыча жазуу көйгөйлөрүн тилектештик менен козгоп жатышты.
Дагы караңыз Адилбай Калча уулу жана анын тарыхчы урпагы Жумали
Эгемендик доорунда Д.Сапаралиев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиндеги, эл аралык Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги жана Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык (азыр мамлекеттик) университетиндеги тарых адистиги менен байланыштуу факултеттерде жана башка илимий мекемелерде үзүрдүү эмгектенип, адистик тарбия деңгээлин көтөрүүгө опол тоодой салым кошуп келди жана келе жатат.
Албетте, Дөөлөт агай менен кээ бир илимий маселелерде кайчы пикирде болуп калган учурларым деле болду.
Дөөлөт агай Атакенин элчиси Абдыракман Кучак уулунун Санкт-Петербург сапарын көкөлөтүп жазды. Мен болсом бул элчи Ала-Тоого кайтып келе жаткан чагында Шибердеги падышалык бийликтер тарабынан сый туткун катары кармалып, (Омбуда) өлгөнүн да унутпоо керектигин белгиледим.
1990-жылдардын этегинде ал кездеги президент Аскар Акаевдин ата-теги боюнча бир эмгегине сын пикир жазганыма Дөөлөт агайым өзгөчө капа болгон учуру эсимде. Бишкек топоними тууралуу да анын жоромолуна кайчы пикирим бар. Д.Сапаралиевдин Ормон хандын көз каранды эмес мамлекетин “Кара кыргыз хандыгы” деп атоосунун айрым өңүттөрүн деле эп көргөн жокмун, асыресе мындагы “кара” сөзү ашыкча го деп санайм. Айтор, айрым өңүттөр боюнча азыр деле кээ бир кайчы көз караштарыбыз жок эмес.
Дагы караңыз Тарыхчы Осмонаалынын теги ким?
Бирок анын тарыхчы илимпоз катары Кыргызстандын тарых илиминдеги бараандуу орду бар экендигин, ар дайым өз пикирин тарыхый фактка жана архивдик маалыматка негиздөөгө умтулуп жаткандыгын, белгисиз кала берип жаткан далай архивдик маалыматтарды илим чөйрөсүнө ырааттуу киргизген өрнөктүү салымдарын азыр да баса белгилейм.
Д.Сапаралиев бир катар тарыхый инсандардын, – анын ичинде элчи Нышаа, өкүмдар Кубат бий, Пирназар бий, Жайыл баатыр, Садыр баатыр, Атаке баатыр, Тайлак баатыр, Ормон хан, Аалыбек баатыр, Алымбек датка, Нурдөөлөт баатыр, Садыр Жолболду уулу, Байзак баатыр, Шабдан Жантай уулу, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдыракманов, Жайнак Саадаев, Рахманкул хан Жапаркул уулу, Чыңгыз Айтматов ж.б. бабаларыбыздын – тарыхый бейнесин изилдөөгө өзүнүн факт жүзүндөгү кызыктуу салымдарын кошо алды.
Эгемен өлкөнү бийлеген айтылуу Атаке баатырдын 1785–1788-жылдары орусиялык бийликтерге жолдогон каттарынын этегиндеги Атакенин өздүк мөөрүнүн текстинин кыргызча (арап тамгалары менен чагатайча) жазылышы камтылган маанилүү дипломатиялык документти да Дөөлөт агай алгачкы болуп шардана кылган. Ал кезде “Лениндин бийлигине чейин кыргыздын жазмасы жок болчу” деген калпыс жобо Кыргызстандагы илимде расмий үстөмдүк кылып жаткан.
Дагы караңыз По стопам первого кыргызского посла в ПетербургАйтмакчы, Атакенин элчиси Абдыракман Кучак уулу теги боюнча кыргыз болгондугун да алгачкы болуп Д.Сапаралиев жазып чыккан.
Бул ачылыш Д.Сапаралиевге таандык болчу, бирок Атакен жөнөткөн элчилик тууралуу айрым маалыматтар 1981–82-жылдары анын жетекчиси В.Плоскихтин ысымы учкаштырылган макалаларда да камтылган.
Д.Сапаралиевдин илимий табылгалары 1980-жылдары далай жаш тарыхчыларды шыктандыргандыгы жадыбыздан кете элек.
Профессор Д.Сапаралиевдин шакирттери азыркы тапта ар башка өлкөлөрдө жана ар кыл гуманитардык тармактарда иштеп келишет.
Дөөлөт агай чыгаан журналист, маркум Уланбек Эгизбаевди да өзүм окуткан элем деп сыймыктана эскерип калат.
Үй-бүлөсү тууралуу азыноолак кеп
Дөөлөт агайдын өмүрлүк жары Айке Султан кызы (Сапаралиева) 1954-жылы Ысык-Көл өрөөнүндөгү Көк-Мойнок айылында туулган.
Жубайлар – курсташтар. Алар жумурияттын борбор шаарындагы “Бакыт үйүндө” 1975-жылы 29-ноябрда никелешкен. Ал кезде алар КМУнун (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) тарых факултетинде акыркы курста окуй башташкан эле.
Ал эми 1976-жылы алар КМУнун аталган факултетин чогуу аякташкан.
Айке жеңе Кыргызстандын билим берүү тармагында 45 жылдай эмгектенди. Анын ичинде ал Бишкек шаарындагы № 33 мектеп-гимназияны жетектеп, 21 жылдай үзүрлүү иштеп, акыры ардактуу эс алууга чыккан.
Жубайлар Нурланбек (1976) жана Бакытбек (1978) деген эки уулдуу, Жазгүл (1982) деген кыздуу болушту. Азыр алар чоң ата менен чоң энени Перизат, Бектур, Эркайым, Элзар, Айдар, Эрхан, Адинай, Алфия, Алия жана Адил аттуу он неберелүү кылышты.
Бул бакыбат үйдүн очогунун куту болгон Айке жеңе Дөөлөт агайдын чыгармачыл дүйнөсүнүн ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, турмуштагы бардык кечүүлөрдө мыкты жаншерик болуп келет.
Мааракелик тилек сөз
Кыргызстандагы азыркы көрүнүктүү тарыхчыбыз, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, жумурияттын илим тармагындагы Мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Ч.Айтматов атындагы эл аралык коомдук академиянын академиги, профессор Дөөлөтбек Бекиш уулу Сапаралиевдин 70 жылдык торколуу тою азыркы тапта өлкөбүздөгү илимий коомчулук тарабынан белгнленүүдө.
Маараке ээси жөнүндө “Кут билим” гезити сыяктуу мезгилүү басылмаларда жана интернетте куттук сөздөр жарыяланды.
Шейшембиде, 31-октябрда, академик Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Дөөлөт агайдын мааракесине арналган “Эмгектен баар тапкан инсан” аттуу салтанаттуу жыйын өткөрүлгөн жатат.
Эч кандай мааракеге байланыштырбастан, жылуу сөз айткандардын бири – чыгаан композитор, публицист жана акын Түгөлбай Казаков агабыз болду. Анын 1989-жылы 19-июлда Маскөө–Бишкек аба каттамы менен келе жатып жазган ырын Дөөлөт агай таберик кылып сактап келет.
Ал эми тээ 1993-жылы 14-январда биз Дөөлөт агай тууралуу “Дүбүртү күчтүү тарыхчы” деген макалабызды “Кыргыз туусу” гезитине жарыялаган элек.
Азыркы торколуу той өтүп жаткан күндөрү болсо тарыхчы устат Дөөлөтбек Бекиш уулу агайыбызга чың ден соолук, жеңебиздин жана урпактарынын кашында, жалпы бакыбаттыкта 110 жашка чыгышын, мындан аркы албан чыгармачыл эргүүлөр менен ийгиликтерди каалайбыз.
Дөөлөт агайдын аргымагынын дүбүртү ылайым тарыхты аздектеген жалпы журтубузду ойгото берсин!
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.