Жума күнү (20-октябрда) Ош мамлекеттик университетинде мээнеткеч тарыхчы жана педагог, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жумали Адилбаевдин 75 жылдыгына арналган илимий жыйын онлайн тартибинде өттү. Жыйын маалында анын атасы, жаш кезинде сталиндик репрессияга кабылган Адилбай Калча уулу тууралуу да эскерген сөздөр болду. Адилбай атанын тагдыры жана анын тарыхчы уулу Жумали тууралуу тарыхчынын блогу.
Калча атанын тагдыры
Кыргыздын адыгине уруусунун жору уругунан чыккан Калча Жапаркул уулу Намазбек небереси Алайкуудагы Сары-Камыш жергесиндеги бай кишилерден болгон. Албетте, совет доорунда андай кишилердин жагдайы жымсалданып берилген эмеспи.
Себеби “бай кишинин (б.а. көчмөндөрдөгү эзүүчү таптын өкүлүнүн) урпагы болгон” деген сөз коммунисттик доордо тарбияланып, өз карьерасын жасаган далай ала-тоолук кишилердин бетине чиркөө болгон.
Калча Жапаркул уулу Алайкуу, Алай, Анжыян жана Кашкар багытында соода алакасын жүргүзгөн тоолук кыргыз байларынын бири болгон. Ал тоолуктардан мал сатып алып, ал эми отурукташкан өрөөндөрдөн көчмөндөрдүн турмуш-тиричилигине керектүү товардарды сатып алып турган.
Тоолуктар менен өрөөндөгүлөрдүн кылымдар карыткан өз ара чарбалык байланышынын кан тамырын дал ушундай мээнеткеч катмар түзүп турган. Албетте, андай соодагердик катмардын оокаты да тың болгон.
Калча атанын байбичеси – Алайкуу өрөөнүндөгү Чычырканак айылындагы Каражылкы уруусунун кызы Моту (Мотуке) эле. Ал он төрт бала төрөгөн, бирок жубайлардын карманып калганы – эки уул (Адилбай менен Токтош) жана эки кыз (Зыйнат менен Зейнеп) болгон эле.
Бул балдардын ичинен Адилбай падышалык оторчулук доордо, Биринчи дүйнөлүк согуштун ирегесинде, 1914-жылы жарык дүйнөгө келген.
Биринчи дүйнөлүк согуш кырдаалындагы жаңы бурулуш окуялар – 1916-жылдагы Борбордук Азиядагы улуттук боштондук көтөрүлүш, айрым аймактардагы Улуу Үркүн, 1917-жылдагы Орусиядагы падышалык режимдин кулатылышы, Түркстан автономиясы жана Алаш Ордо автономиясы сыяктуу автономиялык жана эгеменчил кыймылдар, болшевиктердин төңкөрүшүнөн кийинки жарандык согуш, болшевиктик бийлик менен эгеменчилердин (“басмачылардын”) тирешүүсү – ушул окуялардын бардыгы жалпы эле кыргыз элин оор экономикалык кырдаалга кептеген.
Владимир Ленин “жаңы экономикалык саясат” нугу аркылуу кайрадан коомдун демилгелүү өкүлдөрүнө дем бергени менен, бул – убактылуу гана жүрүм болгон.
Иосиф Сталиндин өкүмү жүргөн мезгилде, 1920-жылдардын этегинде, СССРдин башка аймактарындагыдай эле, Кыргызстанда да мурдагы бай катмардын өкүлдөрүнө карата репрессиялар жүзөгө ашырылган.
Дал ошол жылдары Калча Жапаркул уулу өз үй-бүлөсү менен тоолуу Алайкуу аймагынан Оштун бир ыптасындагы Кара-Суу өрөөнүнө сүргүнгө кеткен.
Андана ары Калча Жапаркул уулу 1928-жылы камакка алынып, Ош шаарындагы абакка түшкөн. Бул абакта падышалык доордо Алымбек датка менен Курманжан датканын уулу Камчыбек да кармалган дешет.
Оштогу абакта жаткан кезинде Калча Жапаркул уулунун өпкөсүнө суук тийген. Ал 1930-жылы катуу ооругандыгына байланыштуу бактан чыгарылган, бирок кийинки, 1931-жылы эле мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Өспүрүм Адилбай – сталиндик сүргүндө
1920-жылдардын этегинде Кыргызстанда да айыл чарбасын жалпы мамлекеттик менчикке которуу (колхоздоштуруу) жүрүмү таңууланып, аны жүзөгө ашыруу маалында “элге жат эзүүчү катмар” катары “кулак” аталган катмарды куушгунтуктоо иштери башталган.
Тарыхта “кулакка тартуу” деп аталып калган бул окуялардын маалында Адилбай Калча уулу да сталиндик бийликтердин тырмагына илинет.
Адилбай Калча уулу тээ Ыраакы Чыгышка – Уссурийск аймагына – тарыхый Манчжуриянын түндүк ыптасына “жаш кулак” катары сүргүнгө айдалган.
Мында ал учу-кыйырсыз сезилген чытырман токойдо кызыл карагай кыркып иштеген.
1932-жылы, дээрлик бир жарым жылдан кийин, Орусиянын борборунан комиссия келип, сүргүндөгүлөрдүн өздүк иш кагаздарын текшерген экен.
Дал ошол текшерүүнүн жүрүшүндө Адилбай жаңы гана 18 жашка карагандыгы аныкталат. Анын эрезеге чыга электе эле “кулакка тартылгандыгын” комиссия туура эмес чечим катары санап, “атасы бай болгондугу үчүн эле баласы жооп бербеши керек” деген жүйөө менен Адилбай Калча уулун сүргүндөн боштондукка чыгарган жана ал өзү туулуп-өскөн айылына кайтып келген.
Албетте, комиссиянын башчысы адилеттик кылган экен. Бирок ал дагы кара мүртөз киши болгон болсо, анда, балким, Адилбайдын тагдыры таптакыр башка нукта улантылмак.
Эмгектин алдыңкысы
Кайрадан Алайкуудагы куттуу Сары-Камыш жергесинде орун-очок алган Адилбай Калча уулу үйлөнүп, 1933-жылы Андаркан аттуу кыздуу болот. Жазмыштуу окуя болуп, биринчи жубайы оорунун айынан дүйнөдөн өтөт.
Экинчи дүйнөлүк согуш советтик жарандар үчүн 1941-жылы июнда Атамекендик согуш деңгээлинде улантылган чакта, Адилбай Калча уулу да аскерге чакырылат. Бирок Адилбай Калча уулу Казакстандын түштүгүндөгү Семей (же Чимкент) шаарынан аскердик медициналык комиссиядан ден соолугуна байланыштуу “аскерге жараксыз” деп табылып, (сыягы сүргүн өз белгисин калтырган болуу керек), кайра үйүнө кайтарылган. Анын дээрлик он жылдай мурдагы Уссурийск аймагындагы сүргүндөгү оор турмушунун залакасы саламаттыгына кесепетин тийгизген эле.
Ал эми Адилбайдын иниси Токтош 1941-жылы кан майданга кетип, ошол бойдон эл-жерине кайтпай калган.
Адилбай Калча уулу согуш маалында оорукта жан үрөп иштеди. Согуш аяктаган соң да күжүрмөн эмгегин улантты.
Кийинчерээк Адилбай Калча уулу кайрадан үйлөнүп, 1948-жылы Турдубүш энеден Жумали аттуу уулдуу болгон. (Кийин алар оту күйүшпөй ажырашып кетишкен. Турдубүш эне Бакы деген киши менен турмуш куруп, Тилек аттуу уулдуу болгон).
Алайкуудагы “Ленинчил жаш” колхозунда бригадирлик кызматын аркалаган Адилбай Калча уулу 1947-жылы дан эгинде мол түшүм алган ийгилиги үчүн СССР Жогорку Кеңешинин төрагасынын жарлыгына ылайык СССРдеги өтө барктуу сыйлык – Ленин ордени менен сыйланган.
1949–1951-жылдары Сары-Камышта колхоздун жылкы фермасынын башчысы, ал эми Сары-Камыш айылы Тельман колхозуна бириктирилгенден кийин, 1952–1955-жылдары ал кайрадан бригадир кызматын аткарган.
Кыргызстандын Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Камыш айылында – бийик тоолуу элет жергесинде бел чечпей эмгектенип жүрүп, ардагерликке чыккан Адилбай Калча уулу карыя 2001-жылы дүйнөдөн кайткан.
Адилбайдын илимпоз уулу Жумалинин өмүр баянына кылчаюу
Адилбай Калча уулунун жалгыз эркек баласы Жумали Адилбай уулу Калча небереси 1948-жылы 6-августта Сары-Камыш айылында туулган.
Ал айылдагы орто мектепти аяктагандан кийин 1966–1969-жылдары Ош шаарындагы Ош мамлекеттик педагогикалык инсититутунун (ОМПИ) тарых факультетинде окуй баштаган.
ОМПИдеги аталган факультеттин жабылгандыгына байланыштуу ал 1969–1970-жылдары окууну Бишкек (ал кездеги Фрунзе) шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде (КМУ, азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, КУУ) уланткан.
Тарых факултетиндеги окуусун кызыл диплом менен аяктаган жаш адис Жумали ошол эле факультеттин Жалпы тарых кафедрасында калтырылган. Бул кафедра кийин Байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдардын тарыхы кафедрасы жана Жаңы жана соңку жаңы доор тарыхы кафедрасы болуп жиктелген соң, Жумали Адилбаев кийинки кафедрада иштеп калган.
Ошентип, 1970–1992-жылдары ал КМУнун (КУУнун) тарых факултетинде эмгектенип, “Азия жана Африка өлкөлөрүнүн жаңы жана соңку жаңы доордогу тарыхы” сабагынан дарстар окуп келген.
Аны менен чогуу жаш тарыхчы адистерди калыптандырууда мээнет тер төккөн дасыккан педагог-илимпоздордун арасында тарых илимдеринин докторлору А.Х.Хасанов (ал КР УИАнын мүчө кабарчысы болгон), А.А.Чукубаев, Б.М.Зима, С.Аттокуров, В.М.Петровец, Х.Мусин, Ж.С.Бактыгулов, З.Эралиев, Ч.Жакыпова, Т.Кененсариев, Т.Өмүрбеков, М.Н.Фёдоров, Ж.Жакыпбеков, тарых илимдеринин кандидаттары: А.Рыскулов, К.Мамбеталиева, М.Жамгырчинов, Б.Урстанбеков, Т.Мурзабеков, М.Н.Оморов, В.Ф.Шелике, Д.Эгемназаров, Г.А.Мохова, С.Искенова, М.Исабекова, Ж.Момбекова, ж.б. бар эле.
Жумали агай КУУнун тарых факултетиндеги мыкты агайларым Бейше Урстанбеков жана Таабалды Мурзабеков менен дагы өтө жакын эле.
Жумали Адилбаев агай КМУда (КУУда) эмгектенген 22 жыл ичинде бир нече жүздөгөн жаштарга билим-тарбия берип, турмуш нугун тандоосуна педагогдук салымын кошкон.
Белгилеп кетүүчү жагдай, Советтер Биримдиги мезгилинде КМУнун тарых факультети идеологиялык багыттагы адистик мектеби катары да эсептелип, анын бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан көптөгөн компартиялык, комсомолдук жана советтик кызматкерлер телчиксе, ал эми “Кайра куруулар” доорунда Кыргызстан жаш тарыхчылар уюму, “Ашар”, КДК сыяктуу демократиячыл уюмдардын бир катар түптөөчүлөрү өсүп чыккан.
Кыргызстан 1991-жылы 31-августта СССРден мамлекеттик көз каранды эместигин жарыялаган соң, жогорку билим берүү жаатында да өзгөрүүлөр башталган.
1992-жылы мурдагы Ош мамлекеттик педагогикалык инсититуту (ОМПИ) президенттик жарлыкка ылайык “Ош мамлекеттик университети” (ОшМУ) макамын алган кезде, бул окуу жайга Бишкектен дасыккан педагог кадрлар чакырылган.
Дал ошол толкун менен Ж.Адилбаев КУУдан ОшМУга которулуп келген.
Ошол эле 1992-жылы Ж.Адилбаев Бишкек шаарында тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн жазган диссертациясын ийгиликтүү жактаган.
1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ал Ош шаарындагы ар кыл жогорку окуу жайларда эмгектенип келе жатат.
Оболу Ж.Адилбаев университет катары жаңыдан телчигип, бир нече жаңы адистиктерди кошумча ачып, өз канатын кеңири жайган Ош мамлекеттик университетинде тарых адистиги боюнча улук окутуучу, доцент, Жалпы тарых, Укук таануу кафедраларынын башчысы болуп иштей баштаган.
1996–1998-жылдары ал ОшМУда жаңыдан ачылган юридикалык факультеттин алгачкы деканы болду, ал эми 1998–2000 жылдары ал кайрадан ОшМУнун тарых факультетинин доценти болуп эмгектенди.
Ж.Адилбаев 2000–2006-жылдары Ош гуманитардык педагогикалык институтундагы (азыркы Ош мамлекеттик педагогикалык университети) гуманитардык факультеттин деканы, Москва ишкердик жана укук институтунун Оштогу бөлүмүнүн (филиалынын) проректору болуп эмгектенди.
Ал эми 2006-жылдан тартып ал кайрадан ОшМУга которулуп, алгач 2006–2008-жылдары Тарых жана философия факультетинин деканы болду. Ал эми аталган факультет экиге бөлүнгөн соң, Ж.Адилбаев тарых факультетинде ишин улантты.
Ж. Адилбаев ОшМУда эмгектенүү менен бирге, 2013–2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүндөгү Гуманитардык изилдөөлөр институтуна караштуу Тарыхый мурас бөлүмүндө илимий иштер жүргүздү. Бул мезгилдин ичинде 2010–2021-жылдары аталган бөлүмдүн башчысы болуп да иштеди.
Учурда Жумали Адилбаев агай ОшМУнун Тарых жана социалдык иштер факультетинде жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу жаатында жаштарга билим берүү жана тарбия усулдарын үйрөтүү милдетин аркалап, андан тышкары тарыхнаамалык, илимий усулдук, чек ара тарыхы көйгөйлөрүнө арналган жана башка илимий эмгектерди жарыялап келет. Маселен, 2014-жылы анын “Чыгыштын тарыхы боюнча тарыхый окуялардын, аталыштардын жана түшүнүктөрдүн энциклопедиялык сөздүгү” деген көлөмдүү эмгеги жарык көргөн.
Үй-бүлөсү тууралуу
Агайыбыз өрнөктүү бүлөнүн атасы катары да таанымал.
Анын жубайы Мастура Сабирова – айылдашы болот. Жеңебиз 1950-жылы Сары-Камыш айылында туулган. Демек, жубайлар элеттеги бир айылда чоңоюп, бир мектепте дээрлик удаалаш окушкан.
Алар 1968 жылы декабрда баш кошкон.
Мастура жеңе Кыргыз улуттук университетинин механика-математика факультетин аяктаган. Азыркы тапта ардактуу эс алуудагы жеңебиз Ж.Баласагын атындагы КУУнун Оштогу филиалында маалымат технологиясы боюнча дарстар окуп, кайсы бир жылдары кафедра башчысы болуп да эмгектенген. Азыр Мастура Сабирова ардактуу эс алууда.
Жубайлар төрт кыз, бир уулдуу, бир нече неберелүү болушту. Алардын ичинен Жаркын деген карындашыбыз укук жана логистика жаатында адистикке ээ болуп, Дүйнөлүк банктын долбоорунун жергиликтүү бөлүмүндө жабдуу жана сатык боюнча башкы адис кызматын аркалап келет.
Агайдын үй-бүлөлүк архивиндеги сүрөттөр жана башка маалыматтар менен жабдыган Жаркын карындашыма алкыш айтам.
Устаттын мааракесиндеги тилегибиз
20-октябрдагы ОшМУдагы Жумали Адилбаев агайдын 75 жылдык маракесине арналган илимий жыйын онлайн жана тикелей залда баяндама жасоо усулдарына ширелтилип өткөрүлдү. Жыйында белгилүү тарыхчы, профессорлор Жаныбек Жакыпбеков, Анвар Мокеев, Аалыбек Акунов, Таласбек Машрапов, Байболот Абытов жана башка кесиптештери, үзөңгүлөштөрү жана шакирттери куттук сөздөр жана илимий баяндамалар менен чыгып сүйлөштү.
Бишкектен келген коноктордун арасында белгилүү географ, картограф жана чек ара көйгөйлөрү боюнча адис, профессор Саламат Аламанов болду.
Бул мааракелик илимий шерине тууралуу кабарды ОшМУнун жамааты интернетте кеңири шардана кылды.
Жумали агайды ушул саптардын ээси да өзүн жогорку окуу жайда телчиткен устат катары терең сыйлайт.
1976-жылы августта КМУнун (азыркы КУУнун) биринчи курсуна окууга ийгиликтүү тапшырган абитуриенттер тобун Жумали агайыбыз Сары өзөн Чүйдөгү тоо этегиндеги Аламүдүн районуна караштуу бир нече айылда чөп жыйноо жана башка айыл чарба иштерине жетектеп барды. Ал кезде советтик бийликтер абитуриенттерди бекер иштетип калуунун бар аргасын жасаар эле. Жаштар болсо бул жогортодон таңууланган удулду өз ара таанышуу мүмкүнчүлүгү катары колдонушкан.
Ошондо Аалыбек Акунов, Нарынбек Алымкулов, Эсенбек Жапаров, Муратбек Кожобеков, Маширап Маматеминов жана башка курсташтарым менен алгач жолугушуп, бат эле достошуп калдык.
Жумали агай адамгерчиликтүү, сыпайы, педагог, чыныгы айдыңдык сапаттарын ошол талаа иштери маалында алгач көрсөтүп, бизге өмүр бою өрнөк болуп калды.
Кийинчерээк анын дарстары жана өткөргөн семинардык иштери да өз сабагын терең билген, оор басырыктуу, талапчыл жана мээримдүү агайыбыздын улам жаңы сапаттарын ачыктап жатты.
Илимий жетекчилерибиз башка инсандар болгонуна карабастан, биз Жумали агайды өзүбүздүн нагыз устатыбыз деп санап келебиз.
Бүгүнкү илимий жыйында агайдын башка да шакирттери аны ак дилден алкап жатышты.
Видео тасма. Проф. Жумали Адилбаев агайдын 75 жылдык мааракесине карата Т.Чоротегиндин куттук сөзү. 20.10.2023.
Эми агайыбызга өтөлгөлүү өмүрүнүн андан аркы байсалдуу улантылышын, Мастура жеңебиздин кашында 110 жаштын сересинен ашуусун, үй-бүлөлүк бакыбаттыкты, мындан аркы албан чыгармачыл ийгиликтерди, улам жаңы шакирттерди тарбиялай беришин тилейбиз.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.