Бирок бул жапырык козголоңчулар Ооганстандын түштүк бөлүгүндөгү жабыттарын кеңейтүүгө аракет кылып жаткан жокпу, улуттук коопсуздук күчтөрү согушчандарга туруштук береби деген чочулоону жаратты.
Талибдер Газни шаарына чабуулду дүйшөмбү күнү баштаган. Алар шаарга бир нече багыттан кол салып, беш чакырымча жакындап келишкенин провинция губернаторунун найыбы (орун басары) Мохаммад Али Ахмади маалымдады. 157 миң калктуу Газни стратегиялык жактан маанилүү провинция. Себеби түштүккө Кандагарга, түндүккө Кабулга кеткен кан жолдор дал Газни аркылуу өтөт.
- Ооган аскерлери жана полиция күчтөрү Газнинин губернатору менен бирдикте коркунучка каршы күрөшүүдө. Аларга абадан авиация жардам берүүдө. Биз кан жолду козголоңчулардан бошотууга аракет кылып жатабыз”,- деп билдирди 12-октябрда “Азаттык” радиосуна Ооганстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү Сыдык Сыдыки.
Газни шаарын согушчандардан коргоого коңшулаш провинциялардан келген күчтөр да көмөктөшүүдө. Провинциалдык полициянын орун басар зардалы Асадулла Газни "Франс пресс" агенттигине: “Талибдер жакында Газни Кундуз эмес экенин түшүнөт”, - деп билдирди.
Мындан эки апта мурда козголоңчулар Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Тажикстанга чек аралаш Кундуз провинциясынын борборун кыска мөөнөткө басып алышкан эле.
Кундузду талибдердин басып алуусу НАТОнун согуштук миссиясы былтыр декабрда аяктагандан кийинки ооган аскерлеринин жүзүнө көө сүйкөгөн чоң окуя болду. Батыш машыктырып куралдандырган ооган аскерлери НАТОнун атайын күчтөрүнүн жардамы менен Кундузду кайра ээлешкени менен, шаардын ар тарабында дале салгылаш токтой элек. Аскерлер 300 миң элдүү шаарды үймө-үй тинтип, калган-каткан согушчандарды издешүүдө.
Талиб козголоңчуларынын 14 жыл мурда бийликтен кулатылгандан берки биринчи чоң ийгилиги стратегиялык ыктуу шаар Кундузду басып алуусу болчу. Анын артынан исламчыл согушчандар башка шаарларды да ээлешеби деген чочулоо ушу тапта ооганстандыктарды ойлонтууда.
Талибдер өткөн жумада түндүктөгү Фаряб провинциясынын административдик борбору Меймене шаарына да чабуул коюшту. Ал ирет да ооган аскерлери жергиликтүү өкмөтчүл күчтөр менен чогуу согушчандарды артка кайтарышты. Фаряб провинциясы Түрмөнстан менен чектешет.
Тажаал талибдер менен уруш Кундузга босоголош Бадахшан жана Тахар провинцияларында да жүрүп жатканы маалымдалууда. Бул эки провинция тең Тажикстан менен чектешет. Ушундан улам кокус талибдер Кундузду ээлешсе, Ооганстандын түндүк өңүрүнөн өкмөттүк күчтөр сүрүлүп чыгып, чоң аймакта бийлигин орнотушу ыктымал.
Көтөрүшчүлөр өлкө борборун да жөн калтырышкан жок. Дүйшөмбүдө талиб жанкечти Кабулда британиялык аскердик көчкө кирип келип өзүн өзү жардырып, андан үч жөнжай ооган, анын ичинде бир бала жарадар болду.
Талибдер жайкы жапырыгын апрелде кыймылдын башына Молдо Ахтар Мансур келгенден кийин баштап, эки ай өтпөй Ооганстандын чыгышында бир топ жерлерди басып алышкан.
Өлкөнүн Пакистанга чек аралаш тоолуу аймактарынын кээ бир бөлүктөрү жана түштүктөгү Гелманд провинциясы да узактан бери талибдердин ээлигинде.
“Ал-Жазира” телеканалынын талибдердин өкүлү Забулла Мужахиддинге шилтеп маалымдашынча, ушу чакта Ооганстандын 34 провинциясында 35 район козголоңчулардын кол алдында. Өлкөдө бардыгы 398 район бар.