Абдул Рашид Дустум Грозныйга барып, Кремлдин сүймөнчүгү- Чеченстандын президенти Рамазан Кадыров менен жолугушкандан кийин Ооганстан аскерий жардамга муктаж экенин эки жак коомчулукка шардана кылышты.
Теги өзбек генерал Дустум Ооганстандын 1-вице-президент болгону менен, батыш маалымат булактарынын жазышынча, саясый чечимдерди кабыл алууда салмагы жеңил. Бирок да “даңазалуу” генералдын Орусияга жасаган сапары, серепчилердин баамында, талиптердин күчтөнүүсү Ооган жетекчилигин Москвадан жардам издөөгө аргасыз кылып жатканын жышааналайт. Мындай ойго Абдул Рашид Дустум 5-октябрда Грозныйда Чеченстандын президенти Рамазан Кадыров менен кездешкенден кийин жасалган билдирүү түрткү берет.
Дустум “Ислам мамлекети” тобу Ооганстанды өз плацдармына айлантууга аракет кылып жатканын, алардын коркунучун токтотуу үчүн Кабыл Орусиянын Сириядагы сыяктуу жардамына зар экенин оболу Кремлдин “кол баласы” эсептелген Рамзан Кадыров кездешүүдөн соң "Инстаграммда" жазды. Буга караганда, Москва мартабалуу коноктун жарым официалдуу визитинин максатын бейрасмий сурнайчысы аркылуу коомчулукка жарыялоону ылайык тапкан.
Ооганстандын 1-вице-президентинин жардамчысы Султан Файзи “Азаттык” радиосуна телефондон сүйлөп, козголоңчулар менен террорчуларга каршы согушта Ооган өкмөтү аскердик-техникалык жардамга, өзгөчө, авиациянын колдоосуна зар болуп жатканын тастыктады.
- Орусия тарап Ооганстанга аба күчтөрү жана аскерий жактан колдоого жана жардам берүүгө дилгир. Биз абадан колдоого, курал-жарактарга муктажбыз. Бизге терроризмге каршы согушта чоң тирек жана көмөк зарурат.
Султан Файзи бирок аскерий жардам жана колдоо деген Москва Ооганстанга солдат жиберип, кырдаалга түздөн-түз кийлигишет дегенди түшүндүрбөсүнө көңүл бурду.
1979-жылы Советтер Союзу Ооганстанга армия киргизип, марионеттик өкмөттү жөлөп-таяп турган он жылда 15 миңдей советтик солдат курман болгон.
Москвада Ооганстандагы кырдаалды талдап көрүп, кандай жардам берүү жөнүндө бүтүм кабыл алабыз деп сөз берилген. Андан тышкары, Султан Файзинин айтымында, Борбор Азиядагы Ооганстанга чек аралаш экс-советтик республикалар менен жардамдашуунун жолун масилээттешип көрөбүз деп айтылган.
Абдул Рашид Дустум аскердик-техникалык жардам берүүнүн жолун сүйлөшүү максатында былтыр Астана менен Ташкентке бейрасмий визит жасаган. Бирок сүйлөшүүлөр майнапсыз бүткөн.
Москвада чыкчу “Аргументи недели” басылмасынын жазышынча, Дустум Грозныйдан башка Москва жана Сочиде болуп, “олуттуу геосаясый чечимдерди кабыл алуу үчүн жоптуу ”орусиялык даражалуу чиновниктер менен жолугушкан. Ал береги сүйлөшүүлөрдө Ооган күчтөрүнө абадан жардам берүүнү суранган.
Файзинин “Азаттыкка” билдиришинче, орусиялык ырасмийлер Достумга “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун желдеттеринин Ооганстанда активдешип жатканына жана талиптердин Кундузду үч күнгө басып алуусуна тынчсызданганын айтышкан. 300 миң калктуу Кундуз Тажикстанга чектеш провинциянын борбору.
Кундуздагы салгылаш АКШ каржылап машыктырган 350 миңдик Ооган күчтөрү НАТОнун аскерлерисиз эрегишчилердин жапырыгына туруштук бере алабы деген кооптонууну жараткан.
“Аргументи недели” орусиялык аскердик-дипломаттык булактарга шилтеп жазышынча, Москва кокус Ооган армиясына абадан жардам көрсөтчү болсо, ал үчүн Бишкектин ныптасы - Канттагы авиабазаны пайдаланышы мүмкүн.