Рахмондун уулуна спикерликке жол ачылды

Тажикстан - Дүйшөмбү шаарынын мэри Рустам Эмомали, 12-декабрь? 2018-жыл.

Тажикстандын президенти Эмомали Хахмондун уулу, баш калаа Дүйшөмбүнүн мэри Рустам Эмомали парламенттин жогорку палатасына мүчө болуп шайланды. 27-мартта ага элдик депутаттардын 217си макул деп добуш беришти.

Оппозиция өкүлдөрү Тажикстанда толук үй-бүлөлүк башкаруу орноду дешүүдө. Талдоочулар бул кызмат Рустам Эмомалиге спикерликке жол ачарын айтышты.

Ал эми бул өлкөдө парламент спикерлиги менен президенттик кызматтын ортосу бир гана карыш. Тажик Баш мыйзамына ылайык президенттин ден соолугу начарласа же мөөнөтүнөн мурда кызматтан баш тартса, парламенттин жогорку палатасынын спикери президенттин милдетин аткаруучу болуп калат.

Тажикстандын жогорку палатасы 33 эл өкүлүнөн турат. Анын 25ин район, облус жана республикалык маанидеги шаарлардын депутаттары жашыруун добуш берүү жолу менен шайлашат. Калган сегиз депутатты президент дайындайт. Өлкөнүн бардык мурдагы президенттери өмүрүнүн акырына чейин Жогорку палатанын мүчөсү болот.

Рустам Эмомали 2017-жылдын апрель айынан бери Дүйшөмбү шаардык кеңешинин депутаты жана шаардын башчысы. Андан сырткары ханзада 2012-жылдан бери өлкөнүн футбол федерациясын башкарып келет. Президенттин уулу ага чейин өлкөнүн бажы кызматын жана өкмөттүн алдындагы каржылык кылмыштарга каршы күрөш агенттигин башкарган.

Рустам президент атасынын амири менен жогорку кызматты ээлеген жалгыз бала эмес.

Дагы караңыз Тажик "ханзаадасына" тактыга жол ачылды

Рахмондун кызы Озода Рахмон бир эле учурда президенттик аппараттын башчысы жана жогорку палатанын мүчөсү. Анын жолдошу Жамолиддин Нуралиев улуттук банктын төрага орун басары болуп эмгектенет.

"Азаттыктын" тажик кызматынын кабарчылары президенттин кыздары тууралуу минтип жазды.

"Президенттин дагы бир күйөө баласы Шамсулло Сохибов өлкөдөгү эң чоң бизнес корпорация деп саналган «Фароз» жабык акционердик коомунун кожоюну катары расмий катталган. Андан сырткары Улуттук олимпиада комитетин башкарат. Рахмондун дагы бир кызы Зарина Рахмон өлкөдөгү «Ориёнбанктын» жетекчи орунбасары болуп турат. Президенттин дагы бир кызы Рухшона Тышкы иштер министрлигинде Эл аралык уюмдар бөлүмүнүн башчысынын орунбасары болуп иштейт".

Тажикстандын президентин шайлоо 2020-жылдын күзүндө болору айтылууда. Азырынча ата-бала чиновниктердин эч бири талапкерлигин коёрун билдирише элек. Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан былк эткирбей башкарып келет.

Дагы караңыз FH: Дүйнөдө демократия артка кетти

Расмий Дүйшөмбү төрт жыл мурда өлкөнүн Баш мыйзамын өзгөрткөн. Ага ылайык, президенттикке талапкердин жаш курагы кичирейген. Мурдагы Конституция боюнча өлкө башчылыгына ат салышкан адамдын жашы 35тен жогору болууга тийиш болсо, жаңы Баш мыйзамда ал беш жылга азайтылган. Мындан улам Эмомали Рахмондун тун уулу, 32 жаштагы Рустам Эмомалинин президенттик шайлоого катышары тууралуу сөздөр чыккан.

Буга чейин тажикстандык саясатчы Алим Шерзамонов, Эмомали Рахмон алдан-күчтөн тайгыча бийликти колдон чыгарбасын, бирок ошону менен эле бирге бийликти өз мураскерине өткөрүп берүүгө жол чаап жатканын айткан.

«Бул биздин Конституцияга киргизилген төртүнчү өзгөртүү, - деди ал. - Мунун баары эле азыркы президенттин бийлигин узартууга, анын бийлигин мураскоруна өткөрүп берүүгө багытталган. Эртең эле Рахмон бийликти уулуна өткөрүп берет деп айтыш кыйын. Бирок алдын-ала чара көрүп, чечимдерди кабыл алып жатат».

Борбор Азия чөлкөмүндө президенттердин уул-кыздарынын, жакын туугандарынын мамлекеттик жооптуу кызматтарга дайындалышы, бийликтин атадан балага өтүү мүмкүндүгү тууралуу сөздөр кадыресе көрүнүшкө айланган.

Коңшу Казакстанда «мураскер» тууралуу талкууда өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы, казак Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаеванын аты көп айтылат. Назарбаев 2019-жылы март айында кызматтан күтүүсүз кеткенде анын кызы тууралуу сөздөр кызыган. Учурда Касым-Жомарт Токаев өлкөнү башкарып жатканы менен «Дарига Назарбаева президент болушу мүмкүн» деген божомолдор азайган жок. Өлкө мыйзамдарына ылайык, эгер мамлекет башчысы кандайдыр бир себептер менен кызматын аркалай албай калса, анын милдети Сенаттын башчысына жүктөлөт.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов уулу Сердарды ушул жылы Ахал облусунун башчысы кылып дайындаган. Сердардын Ашхабад шаары жайгашкан, Иран жана Ооганстан менен чектешкен, стратегиялык жактан маанилүү деп эсептелген ири облуска жетекчилик кызматка барышы «мураскер» тууралуу талкууну жанданткан.

Дагы караңыз "Аркадаг" мураскорун таптай баштады

Гурбангулы Бердымухаммедовдун көзгө басар уулу Сердар 2016-жылы ал түркмөн парламентине депутат болуп шайланган. Андан кийин Тышкы иштер министрлигинин департамент башчысы, тышкы иштер министринин орун басары өңдүү кызматтарды аркалаган.

2016-жылы бийликке келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саиданын күйөөсү Ойбек Турсунов - президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары. Мирзиёевдин экинчи кызы Шахноза 2018-жылы Билим берүү министрлигинде башкармалыктын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Күйөөсү болсо президенттин коопсуздук кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп жүрөт.

Кыргызстандын президент Сооронбай Жээнбековдун уул-кыздары мамлекеттик кызматта иштебейт. Бирок мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалаган бир туугандары, куда-сөөгү бар жана бул бийликке дооматты күчөтүп келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​