Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Зулум каныкелер: диктаторлордун жубайлары


Имельда Маркос Филиппиндердин мурунку биринчи айымы.
Имельда Маркос Филиппиндердин мурунку биринчи айымы.

“Музоо баш”, “Геноцид айым” - бул бир кезде бийликти бир колго мыкчып кармаган дүйнөдөгү диктаторлордун жубайларынын ылакап ысымдары. Бул аялдар кандуу режимдин орношуна кандай салым кошкон? Француз режиссеру Жоэл Солер бул суроолорго акыркы 18 жылдан бери жооп издеп келет. Ал тарткан “Зулум кожойкелер” сериалында Сажида Тульфах, Люсия Пиночет, Имельда Маркос сыяктуу диктаторлордун жубайларынын тагдыры баяндалат.

Имельда Маркос

Филиппиндин мурдагы диктатор башкаруучусу Фердинанд Маркостун жубайы Имелда дүйнөдөгү эң ач көз, зыкым биринчи айым катары таанылган. Муну ал өзү деле жашырбайт. Француз режиссеру Жоэл Солердин фильминде Имелда Маркос акча десе эт-бетинен кетерин ачык айткан:

- Мен дүйнөдөгү эң ач көз адаммын. Кооз нерселерди жакшы көрөм. Даамдуу азыктар менен гана тамактанам. Менин алсыздыгым ушул -акчаны жанымдай жакшы көрөм.

Нью-Йорктун Бешинчи авенюсундагы үй-мүлк, Лос-Анжелестеги, Франциядагы хан сарайлар, Пикассонун, Винсент Ван Гог, Рембрандттын сейрек сүрөттөрү, атактуу дизайнерлер тиккен кийимдер, дүйнөдөгү эң чоң акак таштар жана жибектен колго токулган даарат кагаздары Имелда Маркоско таандык байлыктын бир гана чети.

Маркостун бут кийими эле 3000ге жакын болгон.

Ошентсе да, анын араандай ачылган алкымын эч нерсе тыя алган эмес. Ал Нью-Йорктогу атактуу дүкөнгө бир киргенде 2 миллион долларга чейин сарптап чыкчу.

Каныке Маркос байлыктан көзү тунарып, акчага магдырап турган чакта жөнөкөй филиппиндиктер жакырчылык сазына батып, жегенге тамак таппай турушкан.

Диктатордун жубайы байлыгына манчыркап турган 21 жыл ичинде өлкөнүн жарандары концлагерден, аскерий төңкөрүштөн, аба соккулардан жапа чегип жатышты.

Имелда өлкөдөгү абалга башын ооруткан эмес. Ал ачарчылыктан азап чеккендерге да жаркыраган бриллианттарын тагынып барган. Анын жолдошу Фердинанд тактан кулагандан кийин үч жыл өтпөй көз жумду. Жесир калган Имелда 1992-жылы өзүн президенттикке коюп, кол тийбестик укугуна ээ болду.

Кийин Конгресске болгон шайлоодо ийгиликке жетишип, Өкүлдөр палатасынын мүчөсү болгон. Филиппиндин азыркы өкмөтү Маркостор уурдаган байлыктын бир бөлүгүн мамлекеттик казынага кайтара алды. Имельданын 21 миллион долларга бааланган ювелирдик коллекциясы аукцион аркылуу сатылды. Анда ар бир даанасы бир миллион турган Cartierдин таажылары жана өтө сейрек кездешкен күлгүн түстүү 25 карат бриллиант да бар болчу.

Мишель Беннетт Дювалье

Фильмде дагы бир диктатордун жубайы Мишель Беннетт Дювалье тууралуу да баяндалат. Гаитинин 1980-жылдардагы биринчи айымы Мишель Беннет өзүн Жаклин Кеннеди сыяктуу көрсөткүсү келчү.

Ал бул үчүн кайрымдуулук фонддордун түзүп, кедей-кембагалдарга "жардам берип жатканын" айтып турган. Гаитидеги ишканалар заводдордон тарта электростанцияларга чейин Мишель Бенеттин фондуна ай сайын он миңдеген доллар которуп турган.

Бирок кайрымдуулуктун артында ал каржы махинацияларды аткарып, күйөөсүнүн кандуу иштерине көмүскө аралашып келген.

Мишелдин күйөөсү Жан-Клод Дювалье Гаитинин тарыхындагы эң кандуу диктатор Франсуа Дювальенин мураскери.

Мишель Беннетт Дювалье. "Зулум кожойкелер" фильминен кадр.
Мишель Беннетт Дювалье. "Зулум кожойкелер" фильминен кадр.

Франсуа Дювалье “Папа Док" деген ысым менен таанымал болчу. Анын режиминин курмандыктарынын саны 60 миңден ашкан.

“Папа Док” уулу Жан-Клод Дювальени Мишель Беннетке үйлөнткөндө тойго 3 миллион доллар сарптаган.

Уулу да атасынын жолдоп, бийликти кош колдоп мыкчыды. Дювальенин режими 1986-жылы гана кулатылган. Мындан Беннеттин казынасы бөксөрүп калган жок. Ал күйөөсүнүн акчасын чет өлкөгө чыгарып алгандан кийин гана ажырашты. Франциядагы кымбат сарайында мурдагыдай эле бейкапар доорун сүрүп жатты. Жан-Клод Дювалье 2013-жылы соттолгон. Ал өзүнө тагылган айыптарды моюнуна алган эмес.

Екатерина Дангиаде - Борбордук Африкалык республика

Байлыкка башы айланган диктаторлордун дагы бири Борбордук Африкалык Республикасында жашады. Мурдагы француз колониясы болгон бул өлкө көз карандысыздыкка 1960-жылы жеткен. Эң жакыр БАРда ушул күнгө чейин жарандык согуш жүрүп жатат. Жакында эле орус журналисттери да ушул мамлекетте белгисиз жагдайда курман болушту.

Өлкө кыйын кезеңди Жан-Бедел Бокасса такта отурганда баштан кечирди.

Полковник Бокасса бийликке аскерий төңкөрүштүн арты менен келген. Ал 1966-жылдан 1979-жылга чейин бийликтин эки чылбыр бир тизгинин кармап турду.

Бокасса өзүн император деп атап, өмүр бою башкаруу укугун түзүп алган.

“Императордун” 17 аялдан турган гареми болгон. Алар диктаторго жүздөн ашуун бала төрөп беришкен. Болочок аялдарын күчтөп үй-бүлөсүнөн тартып келишчү. Такыр баш ийбегендерди тойго чейин камакта кармашчу. Жашы жете элек бул кыздардын айрымдары жанын кыюуга аракет кылган учурлар болгон.

“Императордун” үй-бүлө мүчөлөрү Бокассанын сүрөтү тартылган алтын төш белгилерди тагынып жүрүшчү. Екатерина Дангиаде -гаремдеги аялдардын башы, байбиче болгон. Аны тактыга 70 миң доллар турган көйнөк кийгизип отургузушкан.

"Зулум кожойкелер" фильминен кадр.
"Зулум кожойкелер" фильминен кадр.

Жалпы тактыга отургузуу аземине 20 миллион доллар коротулган. Бул жакыр өлкөнүн жылдык кирешесинин төрттөн бир бөлүгүн түзгөн. Алмаздан жасалган таажыларга гана беш миллион доллар сарпталган.

Бирок диктатор өз жыргалчылыгы үчүн мындай чыгашадан баш тарткан эмес.

Олеся Ива

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG