Тажик-ооган чегинде талибдер машыгып жатабы?

Тажикстандын Ооганстан менен чектешкен Шамсуддин Шохин району.

Тажикстандын башкы чек арачысы "Талибан" кыймылы ооган-тажик чек арасына жакын аймактарга 7 миңге чукул жоочуларын жайгаштырганын билдирди. Ал мындай маалыматты 2-майда Дүйшөмбүдөгү жыйында айтып, ооган чегинде баңгизат соодасы да күчөгөнүн, аткезчилерди согушкерлер калкалап жатканын кошумчалады.

Ооганстандын коопсуздук күчтөрүн тынымсыз бутага алып жаткан "Талибан" кыймылы тажик-ооган чегинде жанданып жатканын Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали 2-майда Борбор Азиядагы чек араларды башкаруу программасынын (БОМКА) 15 жылдыгына арналган иш-чарада ишара кылды.

Ал талибдер Ооганстандын тажик чегине жакын жайгашкан Балх, Кундуз жана Тахор сыяктуу аймактарындагы 29 машыгуу базаларына 6800дөн ашык согушкерин жайгаштырганын айтты. Бирок Тажикстандын башкы чек арачысы мынча согушкер канча убакыттан бери чек ара аймактарына топтолгонун тактаган жок:

Тажикстандын Чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали.

- Талдоо көрсөткөндөй, Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен Балх, Кундуз сыяктуу провинцияларында кырдаал чыңалып жатат. Абал курчуп кетчүдөй болуп турат. Бул аймактардагы айрым райондор мурда салыштырмалуу тынч болчу, - деди Ражабали Рахмонали.

Тажикстан Пакистандан кийинки эле Ооганстан менен эң узун чек арасы бар өлкө. Эки мамлекеттин чек арасы 1350 чакырымдан ашат. Андыктан тажик бийлиги ондогон жылдардан бери туруксуздуктун чордонуна айланган Ооганстандагы жоочулардын коркунучу тууралуу Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу көбүрөөк коңгуроо кагып келет.

Ооганстандын Кундуз провинциясы.

Мисалы, тажик президенти Эмомали Рахмон Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун былтыр Минскиде өткөн жыйынында Ооганстандагы кырдаал уюмдун түштүк чек арасына коркунуч келтирээрин белгилеп, ооган-тажик чек арасын бекемдөө зарылдыгына токтолгон.

Тажикстандын чек ара мекемесинин башчысы Ражабали Рахмонали ооган-тажик чегинде маңзат агымы да күчөгөнүн Дүйшөмбүдөгү жыйында кошумчалады:

- Соңку эки жылда мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз ташылган баңгизаттын көлөмү өсүп жатат. Террорчулар ок атуу менен аткезчилердин из жашырып кетишине көмөктөшөт. Өз кезегинде мындай окуялар Тажикстандын чек арачыларын да ок атууга аргасыз кылып жатат.

Андыктан тажик-ооган чегинде аткезчилер менен атышуу тез-тез катталып, айрым учурларда эки өлкө чегиндеги өткөрмө бекеттер коопсуздук маселесинен улам маал-маалы менен жабылып турат. Былтыр декабрь айында Ооганстан менен чектеш Шамсуддин Шохин районунда Тажикстан аймагынан чыгып кетүүгө үлгүрбөгөн ооган аткезчилери менен тажик күчтөрү атышып, андан бир тажикстандык офицер окко учкан.

Тажик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2017-жылы ооган-тажик чегинде кеминде 30 куралдуу жаңжал чыккан. Бир жыл ичинде чек ара аймагында баңгизат ташыган 18 аткезчи жок кылынып, 20сы кармалган. 1700 килограммдан ашык баңгизат колго түшүрүлгөн.

Кабулда 30-апрелде болгон жанкечтинин жардыруусу.

Былтыр "Талибан" кыймылынын жоочуларынын Ооганстандын Кундуз шаарын камалаганы коңшу Тажикстан менен Түркмөнстандын тынчсыздануусун жараткан. Бул жолу да Тажикстандын башкы чек арачысынын камтамачылыгы Ооганстанда талибдер менен "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун чабуулдары күчөп турган мезгилге туш келди.

Бул жуманын башында эле Кабулда болгон кош жардыруу 29 кишинин өмүрүн алып кетти. "Ислам мамлекети" экстремисттик уюму артында турган бул кол салууда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун эки кабарчысы сыяктуу баш-аягы тогуз журналисттин өмүрү кыйылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.