Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Кабулда шайлоочуларга кол салынды


Жардырууда жарадар болгондордун бири. Кабул, 22-апрель, 2018-жыл.
Жардырууда жарадар болгондордун бири. Кабул, 22-апрель, 2018-жыл.

Ооганстанда президент Ашраф Гани "Кабулдагы соңку жардыруу өлкөдөгү демократиялык жараянды алсырата албайт" деп убада берди. Кечээ Кабулда шайлоочуларды каттоого ала турган борбордун сыртында жанкечтинин жардыруусунан 50дөн ашуун киши курман болуп, жүздөн ашууну жараланды. Ооганстан ушу тапта быйыл күздө боло турган парламенттик шайлоого даярдык көрүп жатат.

Кабулдун батыш бөлүгүндө, көбүнесе шииттер жашаган райондогу жардыруу үчүн дароо эле “Ислам мамлкети” тобу жоопкерчилик алды.

Кеминде 57 киши кырылып, 119 адам жарадар болгон жардырууну ушул уюмдун согушкери жасаганын бул экстремисттик уюмга байланышы бар “Амак” жаңылыктар агенттиги билдирди.

Негизи “Ислам мамлекети” тобу Ооганстанда азчылыкты түзгөн шииттерге такай эле кол салып келе жатат. Бирок жанкечти бул жолу бомбаны шайлоочуларды каттай турганы борбордун сыртында жардырды.

- Жардырууну уккандан кийин мен дароо эле чуркап келдим. Биз көп адамдарга жардам берип, ооруканаларга жөнөттүк. Курмандыктардын көбү - бул жерге балдары менен келген аялдар. Алар шайлоого катталуу максатында ID карталарын алыш үчүн кезекте турушкан, - деди кандуу окуянын күбөлөрүнүн бири, Кабулдун тургуну Башир Ахмад.

Жарадар болгондор менен өлгөндөрдүн көпчүлүгү аялдар жана кеминде сегизи балдар экенин кийин Ооганстандын Ички иштер министрлиги да ырастады.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш, АКШнын Мамлекеттик департаменти, ооган президенти Ашраф Гани жадырууну кескин айыпташты.

Жардыруу болгон жер. Кабул, 22-апрель, 2018-жыл.
Жардыруу болгон жер. Кабул, 22-апрель, 2018-жыл.

Президент Гани баса белгилегендей, бул кол салуу Ооганстанды “максатынан тайдыра да албайт, өлкөдөгү демократиялык жараянды алсырата да албайт”.

Улуттар Уюмунун Кабулдагы миссиясы жардырууну экстремисттердин “ооган жарандары шайлоого катышып, конституциялык укуктарын ишке ашыруусуна жолтоо кылуу аракети” катары баалады.

Ооган өкмөтү азыр шайлоого байланыштуу он миллиондой адамды каттоого алыш үчүн 7000ден ашуун борборду уюштуруп жаткан кези. Бийлик өкүлдөрү алдыдагы саясий өнөктүк үчүн коопсуздук эң башкы маселе экенин моюнга алышат.

- Ооганстандын коопсуздук күчтөрү өкмөт көзөмөлдөбөгөн райондордо шайлоочуларды каттай турган, добуш берүүнү уюштура турган адамдардын коопсуздугун камсыз кылууга убада берүүдө, - дейт Ооганстандын көз каранды эмес шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдул Бади Сейяд.

АКШнын Ооганстанды кайра куруу боюнча башкы инспекторунун кеңсеси быйыл январда жарыялаган акыркы баяндамада 2017-жылдын октябрь айына карата ооган райондорунун жарымына жакыны "Талибандын" көзөмөлүндө же таасири астында экени айтылган.

Шайлоочуларды каттоо борбору. Кабул, 23-апрель, 2018-жыл.
Шайлоочуларды каттоо борбору. Кабул, 23-апрель, 2018-жыл.

Өлкөнүн 249 орундуу парламентинин азыркы курамынын ыйгарым укуктары же кызмат мөөнөтү 2015-жылы эле аяктап, бирок президенттин жарлыгы менен эле узартылган. Көптөн бери күтүлгөн, улам кийинкиге калтырылып келе жаткан шайлоо ушул айдын башында гана жарыяланып, шайлоочуларды каттоо жараяны 14-апрелде башталды.

- Кечээги окуя (Кабулдагы жардыруу) шайлоочуларды каттоого алуу жараянын татаалдаштырууда. Коопсуздуктун начардыгы шайлоо жараянына таасирин тийгизип, акыр аягында элдин шайлоого аз катышуусуна алып барат. Бирок бул мүшкүлдрөгө карабай биз элди өлкөбүздүн келечеги үчүн бул улуттук жараяндан оолак калбоого үндөп жатабыз, - деди "Рейтердин" кабарчысы менен болгон маегинде Кабулдан шайлоочуларды каттоо борборлордун биринин кызматкери Сома Зиармал.

20-октябрга мерчемделген парламенттик шайлоодон соң Ооганстанда келерки жылы президенттик шайлоо да өтүшү керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG