Сириядан качкандар көбөйдү

Сирия -- Качкындар Сирия-Түркия чек арасындагы өткөрмө бекетте. 23-август, 2012.

БУУ коңшу өлкөлөрдө сириялык качкындардын саны мурда болжонгондон алда-канча көп болуп жатканын эскертти.
Бириккен Улуттар уюму бир жарым жылдан бери кризистин кучагында калган Сириядан быйыл жыл бүткөнчө 185 миң киши качышы мүмкүн деп болжоп жаткан. Мындай божомол качкындарга гумжардам көрсөтүүнү пландоо үчүн керек.

Бирок быйыл август айына карата эле качкындардын саны 200 миңден ашып кетти. Бул тууралуу БУУнун качкындар боюнча баш комиссарынын маалымат өкүлү Адриан Эдвардс мындай деди:

- Сириялык качкындардын саны август айында укмуштуудай өстү. Азыр биз 200 миң качкынды тизмеге алдык. Бул 2012-жыл аяктаганга чейинге болжолдонгон 185 миңден көп. Ошондуктан эми планыбызды кайра карап чыгышыбыз керек.

Эдвардс өткөн аптада эле Сириядан коңшу өлкөлөргө 30 миңдей киши өтүп келгенин эскертти.

Качкындардын агымы канчалык экенин ушундан билсе болот, өткөн жума күнү Түркияга 24 саат ичинде эле үч жарым миң, ал эми бейшембиде Иорданга рекорддук 2200 киши качып келген.

Түркияга өзгөчө кыйын болуп жатат. Себеби бул өлкөдө азырга чейин 74 миңдей сириялык качкын топтолду. Башка бир да өлкөдө мынча сириялык качкын жок.

Түркиянын бийликтери азыр 150 миңдей кишини кабыл ала турган жети жаңы лагер куруп жаткандыгын билдирүүдө. Ошол эле убакта Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу Түркия 100 миңден ашык кишини кабыл ала албай тургандыгын эскертип, өткөн апта соңунда БУУга Сириянын ичинде «коопсуздук тилкесин» түзүп, ошол жерде качкындарды кабыл алууну сунуш кылды.

БУУнун качкындар агенттигинин маалымат катчысы «коопсуздук тилке» маселесин Түркия 30-августта Коопсуздук кеңешинде да көтөрөт деп күтүлүп жаткандыгын билдирди. Ал жыйында БУУнун качкындар боюнча баш комиссары Антонио Гутеррес өзү сөз сүйлөмөкчү.

БУУнун болжолунда, Сириянын өзүндө азыр аз дегенде 1.2 миллион киши үй-жайын таштап, башка жерлерде жан сакташууда. Ошондой эле 2.5 миллион киши гуманитардык жардамга муктаж.

Сириялык активисттердин айтымында, былтыр март айында башталган президент Башар ал-Асадга каршы көтөрүлүштө 25 миңдей кишинин каны төгүлдү.

Бул күнү түндүктөгү Алеппо жана Иордан менен чек арага жакын жайгашкан Дарая шаарларында катуу салгылаш жүргөндүгү кабарланды. 50 миңден ашык сириялык качкын турган коңшулаш Ливанда бул күнү акыркы беш күндөгү кагылыштардан кеминде 12 кишинин набыт болгону кабарланды.

Ал эми апта соңунда активисттер Дамасктын жанындагы шаардан аз дегенде 300, а балким 600 чакты киши өлтүрүлгөндүгүн жар салышты. Бул кабарды көз карандысыз булактан ырастоо же жокко чыгаруу мүмкүн болгон жок, бирок интернетке чыккан видеодо сулап жаткан жаш адамдардын сөөгүн көрүүгө болот, бир канчасы желкесине ок жеген. Дарая шаарындагы курмандыктардын арасында аялдар да бар экендиги айтылууда.

Сириянын мамлекеттик сыналгысы Дараяда өкмөттүк аскерлер «террористтердин калдыктарын жок кылып» жаткандыгын кабарлады. Ал эми баш калаа Дамаскта президент ал-Асад Ирандан келген мартабалуу өкүлдөрдү «Сириянын эли чет элдик кутумду максатына жеткирбейт", - деп ишендирди.