Сирияда ИМ тобун күрттөр сүрүүдө

Тел-Абьяд шаарын алууга катышкан күрт күчтөрүнүн Сириянын түндүк-чыгышындагы Камишли шаарчасындагы парады. 24-июнь, 2015-жыл.

Сирияда “Ислам мамлекети” радикал тобун жергиликтүү күрттөрдүн куралдуу күчтөрү сүрүүдө. Акыркы апталарда алардын айрым маанилүү аймактарды ээлей алышынан улам АКШ администрациясы күрддөрдүн аракетин Иракты “Ислам мамлекети” тобунан тазалоо үчүн үлгү катары көрсөтүүдө. Бул аралыкта “Ислам мамлекети” тобу бүгүн Сириянын байыркы Пальмира шаарындагы эки күмбөздү жардырып жиберишкени белгилүү болду.

Сириядагы күрттөрдүн расмий “Элдик коргонуу бөлүктөрү” деп аталган күчтөрү “Ислам мамлекети” тобуна каршы акыркы бир аптада айрым ийгиликтерге жетише алды.

Адегенде Түркия менен чек арага жакын жана жихадчылардын катарын чет элдик согушкерлер менен толуктоо, керектүү жарак-жабдыкты жана жүктү өткөрүүдө маанилүү роль ойногон Тел-Абьяд шаарын, анын артынан Сирия армиясынын кезинде согушкерлер колуна өтүп кеткен аскерий базасын, ал эми бир күн мурда Айн-Исса шаарчасын жана анын айланасындагы кыштактарды ээлөөгө жетишти.

Айн- Исса шаарчасы - “Ислам мамлекети” тобунун Сириядагы эң башкы таянычы - Ракка шаарынан 50 чакырымдай эле алыстыкта жайгашкан.

Тел-Абьяддагы уруштар сириялыктарды Түркияны көздөй качырган. 10-июнь, 2015-жыл.

Сириядагы согушка башынан бери байкоо салып келаткан уюм - Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматына караганда, “Ислам мамлекети” радикал тобунун коргонуу тилкелери азыр Ракка шаарынын чет жакасын көздөй сүрүлдү.

Расмий өкүлдөр жана аймактагы жагдайдан кабары бар баяндамачылар белгилеп жатышкандай, “Ислам мамлекети” тобунун Сириядагы соңку жоготуулары – АКШнын согушкерлердин турумдарына абадан жасаган соккулары жана күрт күчтөрү менен чалгын маалыматтарын бөлүшүүсүнүн натыйжасы. Башкача айтканда эки тарап эриш-аркак жана координация жүргүзүп иштеген.

Ак үйдүн басма сөз өкүлү Жош Эрнест Вашингтондогу пресс-конференцияда айткандай, Сириядагы күрт күчтөрүнүн ийгилиги “Ислам мамлекети” тобуна абадан сокку уруп жаткан, АКШ баштаган коалиция үчүн жеринде ишенимдүү өнөктөштүн болушу канчалык маанилүү экенин көргөздү:

- Биз түндүк-чыгыш Сирияда “Ислам мамлекети" тобуна каршы олуттуу ийгиликке күбө болдук. Бул ийгиликтин маанилүү бөлүгү АКШ администрациясынын мурдагы чечимдерине байланыштуу. Анткени президент Обама Кобани (Сирия) шаарында “Ислам мамлекети” тобуна каршы күчтөр жардамды мүмкүн болушунча көбүрөөк алгыдай шарт жараткан. Ал жерде АКШ жана аймактагы коалициялык өнөктөштөр тарабынан аскерий соккулар, аба соккулары абдан көп жасалган. Менимче бул нерселер Кошмо Штаттар үчүн жеринде, “Ислам мамлекети” тобуна каршы натыйжалуу күрөшүүнү көздөгөн, жөндөмдүү өнөктөштүн болушу канчалык маанилүү экенин каңкуулоодо. Мындай күчтөрдү Сирия менен Иракта түзүү үчүн бир топ каражат ажыратылып, аракет көрүлүүдө.

Сириянын күрттөр жашаган Кобани шаары “Ислам мамлекети” тобунан быйыл февралда бошотулган эле.

Бул жактагы күрт күчтөрүнүн ийгиликтери алардын кийинки бутасы эми ИМдин башкы таянычы - Ракка шаары болобу деген суроолорду да жаратты.

Сириядагы күрддөрдүн күчтөрү Ракка провинциясында. 15-июнь, 2015-жыл.

Бирок Пентагон жана күрттөрдүн өкүлдөрү Раккага чабуул тууралуу азырынча эч нерсе айтыша элек. Америкалык расмий өкүлдөр билдиришкендей, күрт күчтөрүнө соңку ийгиликтерин бекемдөөсү үчүн убакыт талап кылынат.

Себеби буга чейин “Ислам мамлекети” тобу жоготууга учурап баратып, бирок кайра чабуулга өткөн учурлар болгон.

Пентагондун басма сөз өкүлү, полковник Стив Уаррендин айтымында, күрт күчтөрүнүн Ракка менен Түркиянын чек арасын түндүк-батышта байланыштырган кан жолду ээлеши алдыда жихадчыларга чет элдик согушкерлер, курал-жарак келишин кыйындатат. Бирок согушкерлердин карамагында башка жолдор да бар.

Бул арада “Ислам мамлекети” тобу Сириянын байыркы Пальмира шаарынан эки мавзолейди жардырып жиберишкени белгилүү болду.

Байыркы Пальмира шаарында "ИМ" тобунун кара желеги илинип турат.

Сириянын байыркы эстеликтер жана музейлер боюнча мекемесинин башчысы Маамун Абулкаримдин айтымында, жардырылган күмбөздөрдүн бири Мухаммед пайгамбардын аталаш иниси Алинин тукуму Мухаммед бен Алиники, экинчиси мындан 500 жыл мурда жашаган таанымал суфий аалымы Низар Абу Баха Эдиндики.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерватория согушкерлер Пальмиранын борборундагы байыркы эстеликтердин урандыларына мина койо баштаганын өткөн аптада маалымдаган эле. Алар бул чарага Сириянын өкмөттүк күчтөрдүн чабуулунан коргонуу же байыркы жайларды талкалоо максатында барганы белгисиз болуп жаткан. Бүгүн жардырылган күмбөздөр Пальмиранын борборунан анча алыс эмес.

Тарыхы 1-2 кылымдарга барып такалган Пальмираны халифатчылар өткөн айда ээлешкен.