Сириядагы чагым коркунучу

Ирандын коргоо министри Амир Хатами жана Сириянын коргоо министри Али Абдалла Аюб. Дамаск, 27-август, 2018-жыл.

Иран менен Сирия коргонуу жаатында кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу 27-августта Ирандын “Тасним” маалымат агенттиги жазды.

Документке Ирандын жана Сириянын коргоо министрлери 27-августта баш калаа Дамаскта кол коюшту. Сирияга эки күндүк сапар менен барган Ирандын коргоо министри Амир Хатами ага чейин мамлекет башчы Башар Асад менен жолуккан. Макулдашууга кол коюлгандан кийин сөз сүйлөгөн Сириянын коргоо министри Али Абдалла Аюб Тегеранга жети жылдан бери токтобой жаткан согушта президент Башар Асадга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргенин “Тасним” агенттиги жазды.

Ирандын коргоо министри Амир Хатами жана Сириянын президенти Башар Асад. Дамаск. 27-август, 2018-жыл.

Ирандын жана Орусиянын колдоосу менен Асаддын күчтөрү соңку эки жыл ичинде Сириянын көп бөлүгүн козголоңчулардан кайтарып алды. Ушул маалда өкмөттүк армия козголоңчулардын башкы таянычы болуп эсептелген Идлиб провинциясына чабуул коюуга камынып жатышкан чагы.

Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон "эгер Сириянын президенти Башар Асаддын армиясы химиялык курал колдоно турган болсо Америка сокку уруудан кайтпайт" деп билдирген:

- Эгер Сирия режими химиялык курал колдонсо, биз катуу чара көрөбүз. Ошондуктан кандайдыр бир чечимге келерден мурда алар абдан ойлонушу керек. Анткени бул позицияда Кошмо Штаттардын ою бир.

Бул эскертүүдөн көп өтпөй Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков Идлиб провинциясын көзөмөлдөп турган “Жебхат Ал-Нусра” уюмунун согушкерлери британ атайын кызматтарынын колдоосу менен кезектеги чагымын даярдап жатканын билдирген. Конашенковдун айтымында, алардын чагымчыл аракеттери АКШ башында турган коалицияга өз соккуларын баштоого жол берет. Буга чейин Франция менен Британия да эгер Дамаск химиялык курал колдоно турган болсо чабуул коерун билдиришкен эле.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон. Киев. 24-август, 2018-жыл.

Сириялык политолог Сарикис Кассаргян ССТV каналы менен болгон маегинде "Батыш мамлекеттери Сирияда соккуларын баштоого шылтоо таппай турат" деген пикирин билдирген:

- Идлибде ар бир айылды ар башка куралдуу топтор көзөмөлдөп турушат. Бул куралдуу топтор кээде бири-бири менен да урушут. Анткен менен бул топтордун баары мурда "Ал-Нусра" деген ат менен таанымал "Хаят Тахрир ал-Шам" уюмуна баш ийишет.

Сириядагы согуш жүз миңдеген адамдардын өмүрүн алды. Миллиондогон сириялыктар үй-жайын таштап, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушту. 2012-жылдан бери миңден ашуун ирандыктар, алардын арасында Ислам революциясынын сакчылары корпусунун улук аскерлери да Сириядагы жаңжалда курман болгонун “Reuters” агенттиги жазды. Француз президенти Эммануэл Макрон Идлиб провинциясы үчүн боолголонуп жаткан кармаштар кооптондуруп жатканын жашырган жок:

- Анткени режим Идлибде гуманитардык кризис жаратышы мүмкүн деген коркунуч бар. Алар буга чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, бийликти өткөрүп берүү боюнча эч кандай каалоосун билдиришкен жок. Бул режимге жана анын өнөктөштөрүнө басымды күчөтөт. Бул жагынан алганда мен Орусия менен Түркиядан алардын ролдоруна жана милдеттенмелерине байланыштуу көп нерсе күтөм.

Идлиб провинциясы. 27-февраль, 2017-жыл.

Түркиянын, Ирандын жана Орусиянын президенттери 7-сентябрда Ирандын Табриз шаарында Сирия боюнча саммитте жолугушаары күтүлүп жатат. Бул тууралуу түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын администрациясы 27-августта билдирди.

Кремль Орусиянын президенти Владимир Путин Эрдоган жана Ирандын президенти Хасан Роухани менен сентябрдын башында жолугушу мүмкүн экенин билдирди. Буга чейин үч лидер апрель айында Анкарада жолугушкан эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.