Москванын Сириядагы окуялардан улам "Израилдин коопсуздугуна кепилик берүүгөгө жардам берет" деген сунушун Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жөөт премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен 23-июлда, Йерусалимде жолукканда айтканын жергиликтүү телеканалдар менен Батыш медиасы кабарлады.
Сириянын жарандык согушунда президент Башар Асаддын режимин колдоп келе жаткан Орусиянын планы боюнча сириялык аскерлер чек ара аймагына көзөмөл орноткон шартта Ирандын аскердик кеңешчилери, иранчыл согушкелер, анын ичинде Ливандагы “Хезболланын” кошуундары Израилдин чек арасынан 100 чакырымдай алыс кармалат.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху орус делегациясы менен Иерусалимдеги сүйлөшүүлөрдө Москванын бул сунушуна берген жоопту жергиликтүү медиа “четке кагуу” деп баалаган жок.
Бирок "Reuters" маалымат агенттигине израилдик расмий өкүлдөрдүн бири премьер-министр Орусиянын сунушун кабыл албаганын ырастады.
Биньямин Нетаньяху мурдагыдай эле узак мөөнөттөн алганда ирандык согушкерлердин баары Израилден чыгарылышын, ошондой эле Иран Сириядан алыс аралыкка атылуучу ракеталарын, аны менен бирге абдан коргонуу системасын алып кетишин да талап кылган.
Маалыматтарга караганда, Израил мурдараак Ирандын күчтөрүн анын чек арасынан 80 чакырым алыс кармоо тууралуу Орусиянын сунушуна да көнгөн эмес.
Бул маселе акыркы апталарда Израил менен Орусиянын ортосунда эле эмес, АКШ менен Орусиянын ортосунда да талкууланып, жөөт премьери Биньямин Нетаньяху соңку айларда Путин менен эки сыйра жолуккан эле.
- Израил аны менен Сириянын ортосунда күчтөрдү бөлүү боюнча 1974-жылы түзүлгөн келишим Сирияда жарандык согуш башталганга чейинки ондогон жылдардагыдай абалда сакталышын талап кылат. Израил ошондой эле Ирандын жана ал каржылагандардын Сирия аймагында аскердик орун-очок алуу боюнча кандай аракети болбосун, ага каршылык көргөзүүнү улантат, - деген эле жөөт өкмөт башчысы Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Йерусалимде кездешкенге чейин.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Лавров менен Нетаньяхунун жолугушуусун “Сириянын түштүгүндөгү антитеррордук операцияны аягына чыгаруу милдеттерин талкуулоо" деп мүнөздөдү. Анын жыйынтыгы тууралуу мекеме эч кандай маалымат берген жок.
Израил менен Сириянын 1974-жылдагы келишимине ылайык, эки өлкөнүн чегинде Улуттар Уюму көзөмөлдөгөн буфердик зона түзүлгөн. Коңшу мамлекеттер 1967, 1973-жылдары ич ара эки жолу согушуп, анын натыйжасында Сириянын Голан дөңсөөлөрүн Израил оккупациялап да алган. Бирок оккупацияны эл аралык коомчулук тааныган эмес.
Сириянын өзүндө азыр президент Башар Асаддын күчтөрү Голан дөңсөөлөрүнө канатташ жана Израилге чектеш Кунейтра провинциясынын аймагын козголоңчулардан бошотууга аракет кылууда.
Орусия сыяктуу эле жарандык согушта Ассаддын режимине жардам берип келаткан Иран Израил менен АКШнын Сириядан кетүү жөнүндөгү чакырыктарын четке кагып, бул расмий Дамаск суранганда гана мүмкүн экенин айтып келатат.
Сириянын бийлиги анын аймагында Ирандын аскерлери жүргөнү тууралуу Израилдин маалыматтарын төгүндөп, бирок аскердик кеңешчилери бар экенин жокко чыгарбайт.
Буга чейин Израил "Ирандын Сириядагы аскердик турумдары" деп өзү эсептеген жайларга абадан бир нече ирет сокку да урган. 24-июлда Израилдин армиясы Сириянын аскердик учагын алардын аба мейкиндигине киргени үчүн атып түшүргөнүн жарыялады. Дамаск бул окуяга карата азырынча реакциясын билдире элек.