“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коноктору философия илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын баатыры, Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун уулу Райкан Төлөгөнов, жазуучу, журналист Жаналы Нурманбетов болду.
Алар жазуучунун коммунисттик саясат, анын бийлигине, совет заманындагы жазуучуларга байланышкан кыйчалыш окуялары, кырдаалдар, эгемендик жылдардагы тагдыры ж.б. жөнүндө кеп кылат.
- Төлөгөн абанын тарыхый окуяларга, ага байланыштуу чыгармаларды жазууга киришип калышына эмне себеп болгон?
Райкан Төлөгөнов: Атам 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуп жүргөндө эле “Жылкычынын уулу”, “Көкө”, “Жетим” ж.б. айылдык турмушка байланышкан чыгармаларын жазат.
Ар бир жазуучу чыгармачылыгынын башында изденет, жолун чабат эмеспи. Ошол мезгилде атама “эмне үчүн тарыхый темалар жазылбайт?” деген ойлор келет. Анын үстүнө атамдын “Сынган кылыч” романындагы окуялардын баары биздин айыл, биздин аймак аркылуу өтөт. Кокон хандыгын залалын биздин эл көп көргөн. Ошолордун баарын атам угуп чоңойгон. Ал дагы тарыхка кайрылууга өбөлгө болгон.
Дагы караңыз Сыны кетпеген “Сынган кылыч”- Ал учурда архивдердин баары эле ачык болгон эмес. Төлөгөн аба тарыхый маалыматтарды табууда, чогултууда кандай түйшүктөрдү тарткан?
Райкан Төлөгөнов: Атам “оозеки айтылган көп окуялардын жазуу түрүндөгү архивдик маалыматтарды таба алган жокмун” деп айтып калчу. Албетте, ал кездеги бийликтен уруксат алып, Ленинграддын архивдерине барып жүрдү. Андан кийин Кокон шаарында хандыктын тарыхын чагылдырган музей бар, анын алдында бай архиви бар, атам ошол жакка көп каттады, көп материалдарды ошол жерден тапкан. Атамдын колуна уруксат берилген, тыюу салынган материалдар да түшүп калган. Тыюу салынган архивдик маалыматтарды алууга ошол музейде иштеген кыргыз жигиттери жардам беришкен... Алар азыр да иштешет.
- Совет заманында жазуучу кандай темада чыгарма жазат, алдын ала Жазуучулар союзу, коммунисттик бийлик менен макулдашкан, социалисттик идеологияга ылайык буйрук менен жазышкан деп калышат, бул жаатта Төлөгөн абанын жолу кандай болгон?
Жаналы Нурмамбетов: Менимче, Төлөгөн Касымбеков идеологиялык багыттагы чыгармаларды жазган жок. Кийин жаңы заман келатканда генерал Жумабек Асанкулов КГБнын төрагасы болуп турганда алардын сунушу менен НКВДнын тарыхына байланыштуу “Ак кызмат” деген документалдуу повесть жараткан. Ошондо ал КГБнын “жашыруун” деп келген архивине да кирип чыккан. Касымбеков ал мезгилдеги коммунисттик бийлик менен түздөн-түз каршылашкан эмес, диссидент болгон эмес.
- Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романынын тагдыры эмне үчүн оор болгон?
Жаналы Нурмамбетов: Маселе Компартиянын идеологиясы менен “Сынган кылыч” романындагы тарыхый окуялар карама-каршы келип калгандыгында болду. 1964-жылы “Кыргыздардын Орусиянын курамына өз эрки менен кошулушунун 100 жылдыгы” деп майрамдап жатса, Касымбеков “Сынган кылыч”, “Кел-кел” романдарында кыргыздар орустарга кошулбай каршылык көрсөтүп жаткандарын көп тарыхый эпизоддор менен жазып жатат... Бул чоң маселе жараткан.
Дагы караңыз "Жер-суу аталышы кыргызча болсун деп куугунтук көргөнбүз"
- Ошондой кыйчалыш оор учурда Касымбеков чыгармаларындагы айрым эпизоддор боюнча бийлик менен келишүүчүлүк (компромисттик) жолдорго барган деп калышат, ушундай болгонбу?
Жаналы Нурмамбетов: Төлөгөн Касымбековдун мага айтып бергенине караганда ал киши убагында Кыргызстандын биринчи жетекчиси Турдакун Усубалиевге кирген. Ал жолугушууда Борбордук Комитеттин катчыларынан, башка тиешелүү бөлүмдөрдүн башчылары, кызматкерлер болгон. Анда Төкөмдүн романдары жөнүндө сөз болот. “Биз минтип Орусияга кошулганыбыздын 100 жылдыгын белгелеп жатсак, сиздин китептериңизде каршы келген жагдайлар болуп жатат” деп кеп кылышат. Касымбеков “мен чыгармаларымда оруска каршы эч нерсе жазганым жок, падышалык Орусиянын баскынчылык саясаты жөнүндө жаздым” деп баягы бекем позициясын кайталайт. Анда Усубалиевден “китебиңизди дагы кеңейтип жазбайсызбы, романыңызда биротоло совет бийлигин орнотуп койбойсузбу” деген сунуш болот. Төкөм ага макул болуп, китептин биринчи вариантында жок Фурманов, Фрунзе деген революционерлер жөнүндө жаңы эпизоддорду кошот.
Мисалы, Фрунзени Жалал-Абаддын вокзалынан кызыл аскерлер тосуп алат. Ал Арстаналы Осмонбековду кызыл аскерлер дивизиясынын командири кылып дайындайт. Мына ушундай учурлар чыгармага кийин кошулат. Кыскасы, Төлөгөн Касымбеков расмий бийлик менен ачык каршылыкка барган эмес, айрым адамдар аны бийликке жаман көрсөтүп турган.
- Чыгармалары боюнча ал кездеги Жазуучулар союзу кандай позицияда болгон?
Райкан Төлөгөнов: Атамдын “Сынган кылыч” романы абдан курч жазылып, тарыхый кырдаалдар ачык чагылдырылган десек болот. Кийин “Кел-кел” романы чыгаарда бийлик “дагы эмнени жазды экен” деп чочулаган. Ошол жагдайдан пайдаланып, айрым акын- жазуучулар Касымбеков жөнүндө бийликке, анан Москвага чейин “тоголок арыздарды”, ачык да каттарды жазышып, бийликти ого бетер тынчсыздандырып коёт. Ошонун азабынан китеп чыкпай көпкө токтоп калат. Эң кызыгы, чыгарма биринчи Москвадан орус тилинде чыгып кетет. Саясий-идеологиялык илинчек таппагандан кийин Кыргызстандан чыгарышат.
- Төлөгөн Касымбековдун үстүнөн кара булут айланып турганда улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун мамилеси, позициясы кандай болгон, ал кишинин чыгармалары боюнча оюн айтканбы?
Райкан Төлөгөнов: Атамдын башына оор иш түшүп турган мезгилде каршы чыккандар, аны колдогондор да болгон. Аалы Токомбаев, Токтоболот Абдымомунов, Качкынбай Осмоналиев, Майрамкан Абылкасымова, Асанбек Стамов, Эрнест Турсунов, Турар Кожомбердиев ж.б. атама ачык эле колдоо көрсөтүп келген. Сооронбай Жусуев менен Сүйүнбай Эралиев болсо атам жөнүндө жакшы да, жаман да айтышпаган. Баягы тоголок арызчылар жазып алышып Чыңгыз Айтматовго келишкенде “силер Касымбековдой чоң чыгармаларды жазып алып, анан келбейсиңерби, уят эмеспи” деп айтканын билебиз. Айтматов өмүрүндө атам жөнүндө, анын чыгармачылыгы жөнүндө каршы сөз же сын пикирин да айткан эмес. Атам дагы Айтматов менен жакын мамиледе болгон эмес.
- Усубалиев бийликтен кеткенден кийин Масалиев келди, Касымбековдун чыгармаларындагы идеялык каталар деген кине жумшардыбы, саясат өзгөрдүбү?
Жаналы Нурмамбетов: Усубалиевдин убагы болчу, 1981-жылы Төкөм 50 жашка чыкмак. Жанагыдай кырдаал болуп турса мааракеси деле белгиленбесине көзү жеткенден кийин Аксыга барып калат. Мен анда райондук комитетте иштейт элем. Уруксат сурап, Төкөмдү бир топ күн коштоп жүрүп, жумушка келсем, менин маселем каралып калса болобу. Райкомдун биринчи секретары Линский “коммунисттик партиянын саясатына каршы чыккан жазуучуну партиялык комитеттин кызматкери коштоп жүрөт, бул саясий жактан өсүп жетпегендик” деп баалап, мага сөгүш жарыялаган. Кийин Масалиевдин убагында Ноокатта иштеп жүргөн кезимде да Касымбековду коштоп жүргөнүм үчүн бийликтен тил уккам.
Дагы караңыз "Сомду киргизүүнү Орусияга, кошуналарга айткан эмеспиз"- Төлөгөн абанын көзү тирүү кезинде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өзүнө чакырып, казак тарыхына байланыштуу чыгармаларды жазыңыз, бардык шартты түзүп берем, калем акыдан ыраазы кылам деп убада берген, деп айтылып келе жатат.
Райкан Төлөгөнов: Эгер ошондой болсо мага айтат эле, экөөбүздүн ортобузда андай сөз болгон эмес. Ооба, ушундай имиштер эл арасында айтылып жүрөт. Менин жеке пикирим боюнча, биринчиден, тарыхты жакшы билген адам катары атама андай сунуш түшүшү мүмкүн. Бирок ага атам макул болмок эмес. Казактардын тарыхын атам эмес, казактар өздөрү чечмелей албай келатышат, аларды тарыхын жазса, анда бир нече элдин тарыхы болуп кетет. Экинчиден, казактарда Эсенберлин, ага окшогон аттуу-баштуу жазуучу, тарыхчылары турса, анан Касымбековго кайрылып турганы кандай көрүнөт? Казак интеллигенциясы Назарбаевди тытып жеп койбойбу. Нурсултан Назарбаев өз кишилери турса, анан алардан аттап, "казактын тарыхын жаз?" деп башкаларга кайрылмак беле? Кыскасы, андай сөздү атамдан уккан эмесмин.