“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, улуттук “Кабар” агенттигинин мурдагы башкы директору Кубан Таабалдиев болду.
Ал маегинде алгачкы менчик басылмалар, президенттер Акаев, Бакиев, Атамбаевдин тушундагы бийликтин жалпыга маалымдоо каражаттары менен мамилеси, таасири, журналисттердин соттолушу, өлтүрүлүшүнүн себептери ж.б. суроолорго жооп берет.
- Эгемендиктин алгачкы жылдары Кыргызстандагы менчик басылмалардын бири “Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкованын камалышы президент Акаевдин бийлигине, басымына байланыштырсак болобу, анткени ал гезит президентти абдан сындап келбедиби?
- 1995-жылга чейин Акаевдин бийлиги басма сөзгө тийише алган эмес, таасири аз эле, кысым кийин күчөдү. Башында президенттин басма сөз катчысы басылмалардын башкы редакторлоруна басым көрсөтө баштаган.
“Республика”, кийин “Асаба” гезиттерине ушундай мамиле кылган десек болот. “Аалам” гезитине да тийишкен. Бийлик басылмалардын күчүн алсыратуунун эң жөнөкөй жана натыйжалуу жолу деп сотко берүүнү тандап алган болчу. Ошол учурдагы парламенттин депутаты, маркум Турдакун Усубалиев “Асаба” гезитин сотко берди эле, утуп албадыбы. Гезит жабылды. Баш редактору Мелис Эшимканов кыйын экен, тапкыч экен, “Агым” деген гезитти чыгарып, ошол эле командасы менен “Асабанын” ишин улап кетти.
- Президенттин басма сөз катчысы институтту өкмөттүк, айрым жеке менчик маалымат каражаттарына бийликтин кызыкчылыгына төп келген иштерди жасаш үчүн өз алдынча тапшырмаларды, көрсөтмөлөрдү беришкен деп калышат, сиздин оюңуз кандай?
- Президенттердин басма сөз катчыларынын деңгээли, алардын көз караштары, иштөө ыкмалары ар кандай болду. Бир жактуу айтуу кыйын. Бирок, баарына тиешелүү бир жагдай - басма сөз катчылар өздөрүнө жаккан, бийликке кызмат кылган маалымат каражаттары, алардын жетекчилери менен эч кимге билгизбей жеке мамилелерди түзчү. Бийлик өз кишилерин адистиги, даярдыгы, тажрыйбасы болбосо да КТРди, өкмөттүк гезиттерди жетектөөгө дайындап жатты.
- Бийликке иштеген журналисттерге кошумча калем акы, башка камкордуктар көрсөтүлүп турганы чынбы?
- Акчага (калем акы) байланыштуу окуяларды көрбөсөм да укканым бар. Мен бийликтин журналисттерге жасаган башка камкордуктары жөнүндө айтайын. Мисалы, президент Акаев чет өлкөлөргө расмий иш сапарлары менен барганда мамлекет башчысын өкмөттүк журналисттерден сырткары, он чакты жеке менчик гезиттердин кабарчылары, көбүнчө башкы редакторлору коштоп жүрүшчү.
Айталы, “Дело№” гезитинин жетекчиси Запольский, “Кыргыз Руху” гезитинин башкы редактору Султан Раев ж.б. коштоп жүрүшчү. Бул эмне? “Бизге иштеп берсеңер чет өлкөгө сейилдетип келебиз” деген бийликтин камкордугу. Мындан сырткары бийлик “Алтын калем”, эмгек сиңирген ишмер ж.б. мамлекеттик сыйлыктарды да өзүнө иштеген журналисттерге берип келди, бул өзүнчө стимул болду.
- Президент Курманбек Бакиев бийликке келгенде басма сөзгө мамиле өзгөрдүбү?
- Мурда журналисттер менен президенттин басма сөз кызматы иштеп келсе, Бакиевдин учурунда президенттин катчылыгы иштей баштады. Катчылык идеологиялык чоң институтка айланып, бийлиги күчөп, жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө мурдагыдан да активдешкен десек болот.
- Эсиниздеби, Бакиев бийликке келгенден көп өтпөй эле өкмөттүн “Кыргыз Туусу”, “Слово Кыргызстана” гезиттерин мамлекеттен ажыратып, менчиктештирип, акционердик коом катары кайра түзүү кадамы болду эле, анан эле токтоп калды, анын себебин билесизби?
- Ал учурдагы бийлик көп өтпөй эле өзүнүн күчтүү экендигине ишеним артып калган. Өкмөттүкүбү же жеке менчикпи бардык маалымат каражаттары алардын карамагындагыдай туюлчу. Катчылыктын жетекчиси Оксана Малеванная баштаган топ таасирдүү деп телевидениеге көңүл буруп, алар менен тыгыз иштешип жатты. Телеге басым жасаган медиахолдингдерди түзө башташкан. “Пирамида”, “КООРТ” телеканалдары бийликке иштеп калган. Биздин “Кабар” агенттигиндеги телепрограммалар аларды абдан кызыктырган. Ошон үчүн сиз айткан өкмөттүк эки гезиттин бир бөлүгүн жеке тараптарга берүү планы болсо керек. Кыскасы, кандай болгон күндө да бийлик ЖМКларды башкарууну өз колунан чыгарбай, көзөмөлдөй турган жолдорун табышкан.
- 2010-жылы Убактылуу өкмөт бийликке келгенде КТРди коомдук кылып түзүүгө батыл киришип, аны ишке ашырган. Бирок убакыт өттү, мамлекеттин башкы каналы мыйзамдагыдай коомдук боло алган жок, анын себебин сиз эмнеден көрөсүз?
- КТРКны коомдук кылуу идеясы, ага байланышкан аракеттер Кыргызстандын Батыш өлкөлөрүндө түшүп бараткан демократиялык рейтингин көтөрүү максатында жасалган саясат болгон. Идея, максат да жакшы болчу. Бирок аны ишке ашыруу жолдору КТРКны коомдук кыла алган жок. Бийликтин башы катты, башкаруунун жарымын коомдук уюмдарга берип койсок, бизге баш ийбей калат деп чочулады. Анан жаңы идея чыкты. КТРКны 15 кишиден турган байкоочу кеңеши башкармай болду, анын бешөө Жогорку Кеңештен, бешөө президенттен, калган бешөө гана коомдук уюмдардан болду. Президент менен парламенттен келген он адам бийликти жүргүзүп жатты. Коомдук уюмдардын үнү угулган жок, алардын добушу аз болгондуктан чечимге таасир көрсөтө албады. Кийинки жылдары КТРКнын байкоочу кеңешинин 15 мүчөсүнүн баары бийликтин макулдугу менен көрсөтүлүп, шайланып калбадыбы. Бул сөзү менен иши айкалышпаган бийликтин накта көз боёмочулугу болгон.
(Маектин толук вариантын видеодон көрүңүз)