Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:25

Таңырыков: Сирияда "өзгөчө тапшырмаларды" аткарганбыз


"Сирия президентинин атасы Хафез Асадга тилмеч болгом"
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:53 0:00

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку мейманы советтик армиянын полковниги, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин профессору Валимжан Таңырыков болду.

Ал маегинде кантип аскер кызматкери болгонун, ойдо жок жерден Москвада котормочулукка окуп калганын, Сирияда кылган кызматын, Айтматовго жолукканын, “өзгөчө тапшырмаларды” аткарганын, айдалган тыңчылар, тонолгон-таланган аскер курал-жарактары ж.б. жөнүндө кеп кылат.

- Валимжан ага, сиз Ош мамлекеттик институтунун англис тили мугалими адистигин бүткөн экенсиз, мектепте иштепсиз, анан кантип аскер адамы болуп калдыңыз?

- Мен Ош мамлекеттик университетин аяктап, Араван районундагы мектепте англис тилинен мугалим болуп төрт ай иштеп калганда аскер комиссариатынан чакыруу келди. Ошто көчөдө турсам биздин кафедра башчысы жолугуп калып, “эмне кылып жүрөсүң” деди, “армияга кетип жатам” дедим. Ал мени комиссариатка жетелеп кирип барды да “ушул кыргыз аскерге барбай койсо, армия кулап калбайбы” деди. Алар “жок, кулабайт” дешти, “анда калтырып бергиле” деп аларды көндүрүп, мени институтка окутуучу кылып кабыл алышты.

Институтта иштеп жүргөндө армияга дагы чакырышты. Анда да чогуу иштеген кесиптештеримдин облустук аскер комиссариатында иштеген тааныштары бар экен, алардын жардамы менен калып калгам. Ошондо Паршин деген полковник “дарегиңди, телефонуңду таштап кет, керек болуп каласың” деди, мен берип кеттим. Ошентип көп өтпөй Фрунзеде (азыркы Бишкек) Илимдер академиясынын аспирантурасына тапшырайын деп жүрсөм, “сени облустук аскер комиссариатынан чакырып жатат, тез Ошко барышың керек” дешти. Келсем, колума учактын билетин, паспортумду беришип, “тез Мосвкага уч, окуу күтүп жатат” деп айтышты. Ошентип СССРдин Коргоо министрлигинин алдындагы Чет тилдер аскер институтунун котормочуларды даярдоо курсуна өтүп, аскер адамы болуп калгам.

- Ал курста котормочуларды даярдоонун максаты эмне эле?

- Ошол учурда социалисттик системанын башында турган СССР өзүн колдогон, боштондук үчүн күрөшкөн көп мамлекеттерге курал-жарак жактан бекер жардам берчү. Берилген учактарды, башка техникаларды жергиликтүү адистерге окутуу үчүн инструкторлор жиберилчү, алардын жанында котормочулар да иштешкен.

Мисалы, Сирия араб мамлекетинде эле 28 котормочу иштедик, алар араб, англис жана француз тилдерине которуп иштешкен. Мен англис тилинен котормочу болдум...


- Араб тилин качан үйрөндүңүз?

- Биз курста окуп жатканда экинчи тилди үйрөнүүгө милдеттендиришкен, мен француз тилин тандагам. Бир күнү агайым “өзүң чыгыш адамы, мусулман болгондон кийин араб тилин танда, келечеги жакшы болот” деп кеңеш айтты. Ага макул болуп, араб тилин окуп жатсам, араб тилин үйрөткөн агайыбыздын мөөнөтү бүтүп калып, токтоп калган. Анан Сирияга келгенде өз алдымча эле үйрөнө баштадым. Орус окумуштуулардын араб тили боюнча окуу китептерин казып окудум. Арабдар менен оозеки көп сүйлөшөм. Бир жылдан кийин которо баштадым, ошентип өздөштүрүп алдым.

- Сирия баратканда сиздерди котормочулуктан башка да тажрыйбаларга үйрөттүбү?

- Бизди жалпы эле согуш илимине үйрөттү, ага тиешелүү сабактарды берген.

- СССР өкмөтү өзүнүн аскер контингентин эмне үчүн Сирияга алып барган, анын негизги миссиясы эмне эле?

- Негизги максаттарынын бири СССР өз аскер кубатын көрсөтүү, аны жайылтуу, пропогандалоо болгон. Ал аркылуу өзүнүн таасирин күчөтүү максатын көздөгөн. Курал-жарак бергенден кийин ал мамлекет көз каранды болуп калат. Сирия ошондо бир гана Советтер Союзунан аскер куралдарын алчу. Сирияга совет өлкөсүнөн кийин Орусиянын таасири аликүнчө уланып келатпайбы.

- Сиздерге Сирияда котормочулуктан башка да жашыруун-жабык кошумча милдеттер жүктөлчү беле?

- Анда советтик армиянын ар бир бөлүгүндө “особый отдел” (өзгөчө бөлүм) деген болчу. Алар расмий түрдө “инжерендик” же башка деп эле аталганы менен чындыгында КГБнын эле кызматкерлери болчу. Сирияда ошол “особый отдел” бизге “сириялыктар СССР жөнүндө эмне деп жатышат, үйрөнүп жаткан курал-жарактар боюнча ойлору кандай”, ж.б. маалыматтарды берип турчубуз.


- Сизди “жашыруун”, “абдан жашыруун” деген документтерге киргизчү беле?

- Жок, андай документтерди окуган жокмун. Биз сыртка гана маалыматтарды берип турчубуз.

- Сиз иштеген аскер бөлүктөрүндө тыңчылык кылып кармалгандар болгонбу?

- Мен Сирияда иштеп жатканда андай окуялар болгон жок. Ал жактан кайтып келип, Фрунза аскер авиация окуу жайында иштеп жүргөндө Мозамбиктен келген 2 курсант, Анголадан келген 2 курсант “тыңчылык” боюнча кармалып, өлкөдөн чыгарылган. Аларга жардам берген 2 полковник жумуштан айдалган...

- Фрунзедеги (Бишкек) аскер авиация окуу жайынын ишине кыргыз бийлиги кийлигишип, таасир көрсөтө алчу беле?

- Кыргыз бийлиги эч кандай таасир кыла алчу эмес, баардыгы Москвадан чечилчү. Мисалы, мен начальниктин орун басары катары жылына эки жолу Москвага отчет берчүмүн, кыргыз бийлиги сурачу да эмес. Менин милдетим алдыңкы делген завод-фабрикаларга, колхоздорго, окуу жайларга, кооз жерлерге чет элден келген курсанттарды алып баруу менен Советтер Союзунун жетишкендигин гана көргөзүү болчу, ошону кынтыксыз аткарчумун...

- Сиз Сирияда жүргөндө Чыңгыз Айтматов барган деп угуп калдым, ал кандай болду эле?

- Мен Чыңгыз аганы биринчи жолу Ошто студент кезимде жазуучулардын бир жолугушуусунда көргөм. Сирияда иштеп жүргөндө ошол кездеги советтик атактуу жазуучулар: Чыңгыз Айтматов, Евгений Евтушкенко, Расул Гамзатов, Анатолий Сафронов, Фазил Искандар ж.б. келишип, советтик аскер контингенти менен жолугушуу өткөрүшөт деп калды.

Сафроновдун баласы биз менен чогуу француз тилинен котормочу болчу. Алар келишти, жолугушуунун аягында Чыңгыз Айтматовго кол тамга алабыз деп кезекке туруп калышты. Калгандарына барышкан деле жок. Мен араб тилине которулган аңгемелеринин жыйнагын таап алып, эл менен кезекте туруп, кол тамга алууга жеткенде “саламатсызбы Чыңгыз ага” деп кыргызча учурашсам, “ой кыргызым, бул жакта эмне кылып жүрөсүң” деп калды, котормочу болуп иштеримди айттым...Көңүл көтөргөн жакшы сөздөрүн айтты эле...

XS
SM
MD
LG