Швед соту Каримовага пара берди делген менежерлерди актады

"Telia" компаниясынын 2007-2012-жылдардагы башкы аткаруучу директору Ларс Ньюберг

Швециянын соту Өзбекстандын экс-президентинин кызы Гүлнара Каримовага пара берген деп айыпталган "Telia" компаниясынын мурдагы жетекчилерин актаган өкүмдү күчүндө калтырды. Бирок алдыда дагы бир соттук инстанция бар.

"Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө" долбоорунун (OCCRP) маалыматында айтылгандай, Стокгольмдогу сот 4-февралда өткөн.

Швед менежерлери Өзбекстандын телекоммуникация рыногуна кирүү үчүн Гүлнара Каримовага 320 миллиондой доллар пара берген деп айыпталган.

«Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору жана Швециянын SVT телеканалынын журналисттери жүргүзгөн иликтөөдө швед менежерлери Каримовга пара бергендиги тууралуу алгачкы жолу айтылган болчу.

2019-жылдын февралында Стокгольмдо өткөн соттун өкүмү менен "Telia" компаниясынын мурунку үч жетекчиси акталган. Анда сот шведдер Гүлнара Каримовага “пара берген эмес” тапкан.

Бул жолу да ошол негизде Швеция соту "Telia" компаниясынын мурдагы жетекчилерин актоону күчүндө калтырды. Бирок 2019-жылдын март айында швед прокуратурасы Стокгольм сотунун топ менежерлерди күнөөсүз деп тапкан өкүмүнө каршы апелляциялык арыз берген. Компаниянын 37% өкмөткө таандык.

Ошол жылы 15-февралда Стокгольмдун соту "Telia" компаниясынын 2007-2012-жылдардагы башкы аткаруучу директору Ларс Ньюберг, ошол учурдагы каржы директору Терро Кивисаари, ошондой эле Евразия боюнча негизги юридикалык кеңешчиси жана компаниянын башкы адвокаты болгон Ули Туиманы күнөөсүз деп тапкан.

Сот прокуратура Каримовага пара берилгени жөнүндө жетиштүү далилдерди келтирген жок деп билдирген. Ага таянып, күнөөлөнүп жаткандарга коюлган бардык айыптоолорду алып салган.

Гүлнара Каримова атасы Ислам Каримов менен.

Гүлнара Каримова пара алгандардын расмий тизмесинде жок

Соттун жүрүшүндө "Telia" компаниясы которгон акча Гүлнара Каримованын чөнтөгүнө түшкөнү белгисиз экени айтылган. Ал эми прокуратура офшордук компанияларга которулган акчаны пара деп санарын далилдөөгө аракет кылды. Бирок соттун түшүндүрмөсүнө ылайык кандайдыр бир өлкөдөгү мамлекеттик кызматкерге акча же башка материалдык баалуулуктарды берүү коррупция болуп эсептелинет.

Дагы караңыз Каримова каткан акчасын кайтарат

Бирок шведдердин соту Керстин Элсерт "прокуратура Гүлнара Каримова телекоммуникация тармагында кандайдыр бир кызматты ээлегенин далилдей алган жок" деп түшүндүрдү.

Ал ошондой эле прокуратура акча Өзбекстанда кайсы мамлекеттик кызматкерге берилгенин далилдей албаганын кошумчалаган.

Эми Швециянын Башкы прокуратурасы Жогорку сотко кайрылууга мүмкүнчүлүк алды.

Ал арада башкы прокурор Ким Эндрюс «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоорунун өкүлүнө берген интервьюсунда "коррупциялык мыйзамдардын мындай чечмеленишин "шылдың" деп сыпаттады.

«Демек, шведдик компаниялар диктаторлорго же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө пара берүү менен өз бизнесин өркүндөтө алышат. Мындай актоолор Швециянын эл аралык милдеттенмелерин аткара албай жаткандыгын билдирет жана бизден чыккан "күмөндүү" иштерди Европа өлкөлөрү, Америка Кошмо Штаттары тазалоого мажбур болот. Соттор чынында иштин ушундай болушун каалаганынан күмөнүм бар», - деди Ким Эндрюс.

Ал эми "Telia" компаниясынын мурдагы аткаруучу директору Ларс Ньюбергдин адвокаты Стефани Плейжел соттун чечимин кубаттады.

«Биз соттон "Каримованын аты пара алгандардын тизмесинен чыккан жок" деген негизде бул ишти жабууну сурандык. Эгерде мыйзам чыгаруучулар мыйзамды жактырбаса, анда аны өзгөртүшү мүмкүн. Негизи жараян ушундай болушу керек», - деп баса белгиледи адвокат.

Дагы караңыз

Гүлнара Каримованын Швециядагы кесепети

Мурдараак – «Telia», «Vimpelcom» жана МТС уюк компаниялары Өзбекстандын телекоммуникация базарына кирүү үчүн Гүлнара Каримовага миллиондогон пара беришкенин мойнуна алышкан. Бул билдирүүлөрдөн кийин АКШнын бийлиги Гүлнара Каримовага расмий айып койгон. Мисалы, 2017-жылы "Telia" компаниясы АКШнын Юстиция министрлиги менен келишим түзүп, 965 миллион доллар айып пул төлөгөн.

«Бирок бул келишимдин Швеция сотунун өкүмүнө эч кандай тиешеси жок»,- деди адвокат Стефани Плейджел.

Ал ошондой эле компаниянын директору Ларс Ньюберг жумуштан кеткенден кийин гана келишим түзүлгөнүн айтты.

Коррупция боюнча иш азырынча жабыла элек

OCCRРнин журналисти Ола Вестербергдин айтымында, АКШ өкмөтү менен түзүлгөн келишимге жана Швеция сотунун актаган чечимине карабай Ларс Ньюберг баш болгондорго козголгон иш АКШда жабыла элек.

Айыпталуучулардын адвокаттары Кошмо Штаттарынын өкмөтү мурунку жетекчилерге өзүнчө доомат коюшу мүмкүн экенин билдиришкен. Ал эми АКШнын Юстиция министрлигинин өкүлү швед сотунун акыркы чечими боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Дагы караңыз

Гүлнара Каримова 13 жылын абакта өткөрөт

48 жаштагы Гүлнара Каримова Ташкент облусундагы түрмөдө отурат. Ага «Опузалап мүлктү менчиктеп алуу», «Ыксыз сарптоо», «Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо» беренелери менен айып коюлуп, былтыр 13 жыл 4 айга эркинен ажыратылган.

Гүлнара Каримованын балдары, ошондой эле, анын Швейцариядагы адвокаты экс-президенттин кызынын укуктары тергөө маалында, абакта жатканда бузулганын айтып, арыз менен кайрылышкан эле. Бирок Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул айыптоолорду кескин четке кагып келет.