Кезинде Өзбекстандын негизги инвестициялык долбоорлорун бир чеңгээлде кармап турган "Зеромакс" компаниясынын мурдагы аткаруучу директору Миродил Жалалов камактан бошотулганы 8-январда белгилүү болду.
"Азаттыктын" өзбек редакциясынын журналисттеринин колуна тийген документтерге ылайык, Ташкент облустук соту дүйшөмбү күнү Жалаловдун бөгөт чарасын өзгөртүп, аны сот залынан бошоткон.
Ошентсе да сот 53 жаштагы Жалаловду "акчанын изин жашыруу" сыяктуу бир катар финансылык кылмыштарга байланыштуу күнөөлүү деп таап, ага 2 миң доллардан ашык айыппул салган.
Анын жубайы Фатима Жалалова жолдошу сегиз жылдан кийин абактан чыкканын "Азаттыктын" өзбек кызматына ырастады:
- Бүгүн аны бошотушту. Ал дароо үйгө келди. Биздин кубанычыбыз чексиз. Ал сегиз жыл түрмөдө отурду. Жолдошум бошотулганы үчүн мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевге ыраазычылыгымды билдирем.
Миродил Жалалов 2010-жылы өзбек бийлиги "Зеромакс" компаниясын жапкандан көп өтпөй кармалган. Анын иши сотто каралган эмес. 8-январдагы Ташкенттеги соттук жараянга чейин ага кандай айып тагылганы да белгисиз эле.
Жалалов 2017-жылдын январь айында камактан бошотулуп, ага өзү жетектеген компания келтирген чыгымдарды төлөө үчүн убакыт берилгени маалым болгон.
Бирок үч ай өтпөй ал кайра камакка алынып, андан бери Өзбекстандын коопсуздук кызматынын тергөө абагында кармалып келген.
Ал жетектеген "Зеромакс" (Zeromax GmbH) компаниясы алгач 1999-жылы АКШда түзүлгөн. 2005-жылы бул инвестициялык компания Швейцарияда каттоодон өткөн.
Дал ушул мезгилде "Зеромакс" Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун кызы Гүлнаранын карамагына өткөнү кабарланып келет.
Андан бери "Зеромакс" Өзбекстандагы эң көп иш орундарын камсыз кылган жана чет өлкөдөн инвестиция тарткан негизги компанияга айланган. Ал өлкөдөгү тамак-ашты иштетүүдөн тарта пахта жана текстиль өндүрүшү, ошондой эле энергетикага чейин тармактарга инвестицияларды салып, ири акцияларга ээлик кыла баштаган.
WikiLeaks сайты ачыкка чыгарган, АКШнын Ташкенттеги элчилигинин он жыл мурдагы маалыматтарында "Зеромакс" мунай жана алтын өндүрүшү сыяктуу өзбек экономикасынын негизги тармактарын көзөмөлдөрү белгиленген. 2008-жылы бул компаниянын мүлкүнүн жалпы баасы 4,5 миллиард долларга бааланган.
"Зеромакстын" ишмердигин изилдеген, Францияда жашаган өзбекстандык укук коргоочу Надежда Атаева бул компаниянын Каримовдордун үй-бүлөсү менен түз байланышы болгонун "Азаттыкка" айтты:
- "Зеромакс" биринчи үй-бүлөнүн жана түздөн-түз Гүлнара Каримованын камкордугундагы уюм болгон. Андыктан бул компанияга Өзбекстанда өзгөчө артыкчылык берилип келген. Анын тез арада өнүгүп кеткенин да ушундан билсе болот. "Зеромакс" өзбек экономикасынын негизги багыттарында иш алып барган 22 ишкананы түзүүгө жетишкен.
2010-жылы өзбек бийлиги "Зеромакстын" бардык мүлкүн камакка алганда компания чет өлкөлүк кредиторлорго 500 миллион доллардай карызы бар экени ачыкка чыккан. Компаниянын капыстан банкрот болушунан улам акчасын кайтара албаган кредиторлордун арасында немис инвесторлору да бар экени белгилүү болгон.
"Зеромакстын" мурдагы жетекчиси Жалалов бошотулар алдында Өзбекстандагы жергиликтүү басылмалар бул компаниядан аласасы бар немис кредиторлорунун маселеси жакын арада чечилерин өкмөттүк булактарга таянып кабарлашкан.
Маселен, декабрь айында Podrobno.uz. басылмасы "Зеромакстын" немис инвесторлоруна карызын 60тан 200 миллион еврого чейин деп жоромолдоп, Өзбекстандын Инвестициялар боюнча мамлекеттик комитети маселени чечүүнүн жолдорун талкуулап жатканын жазган.
Бирок азырынча карызды ким, качан төлөп берери так белгисиз. Укук коргоочу Атаева бул милдет абактан чыккан Жалаловго жүктөлөөрүн болголойт:
- Өкмөт "Зеромакстын" кредиторлорунун алдында жоопкерчилиги бар экенин түшүнүп турат. Себеби бул компаниянын көпчүлүк долбоорлоруна мамлекет кепилдик берген. Эми кредиторлорго карызды төлөп берүү үчүн Миродил Жалаловго мүмкүнчүлүк берилип жатат. "Зеромакстын" кредиторлорунун аты-жөнү жашыруун сакталууда. Бизге байкалгандай, алар абдан таасирдүү компаниялар. Алардын ою мамлекеттин кадыр-баркына таасирин тийгизип коюшу мүмкүн. Андыктан мен Жалаловдун абактан чыкканын Мирзиёев кабыл алган саясий өңүтү бар чечим деп ойлойм.
Надежда Атаева ошондой эле "Зеромакстын" мурдагы жетекчиси немис инвесторлору декабрь айында Өзбекстанга келип кеткенден кийин жана өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Германияга бараар алдында бошотулганына көңүлүн бурду.
Өзбекстандык жана орусиялык басылмалар жазгандай, президент Мирзиёев 21-23-январда Германияда иш сапары менен болот.