Орусиянын Олимп оюндарына катышаар-катышпасы арсар

Рио оюндарына катышуучу орус спортчулары

Дүйнөлүк жайкы Олимпиадага саналуу күн калды. Бирок, ага бардык орус спортчуларын катыштырбоо керек деген талаш басылган жок. Ушуга байланыштуу Эл аралык Олимпиада комитети менен Дүйнөлүк допингге каршы агенттик ортосунда кайчы пикир жаралды.

Планетадагы эң ири спорттук беттеш, Олимпиаданын башталаарына үч күн калды. Бирок, Орусия курама командасын оюндарга катыштыруу маселеси кызуу талашка түштү.

Бул арада Орусия бийлиги курама командасы Олимп оюндарына катышпай калабы дегендей чочулоосун жашырган жок. 1-августта сүйлөп жатып, орус спорт министри Виталий Мутко мындай деди:

- Бүгүн-эртең, команданы катыштыруу боюнча бардык формалдуулуктар чечилет деп үмүттөнөм жана мерчемдеп турам. Ошондой эле команда да катышат-катышпайт деген нервди чыңаган абалдан жумушчу абалга өтүп, биздин балдар өздөрүнө келип, олуттуу даярдана башташат деп ойлойм. Биз аларды сөзсүз түрдө колдойбуз.

Эл аралык Олимпиада комитети (ЭОК) да мына ошол оюнга даяр турган 266 орусиялык спортчуларды колдоп, коргоодо. Колдогону үчүн эгер алар "таза" экенин далилдешсе, мелдешке катыша беришсин деп, мурдараак уруксат берген.

Ал эми допинг жаңжалы башталгандан кийинки текшерүүнүн натыйжасында 100дөн ашуун орусиялык атлет Олимп оюндарынан четтеп калган. Атап айтканда, бүтүндөй орус жеңил атлетчилери жана бир катар оор атлеттер Олимп оюндарына катышпайт.

Мына ушул допинг жаңжалы башталгандан кийин Дүйнөлүк допингге каршы агенттик (WADA) көз карандысыз иликтөө дайындаган.

Канадалык юрист Ричард Макларен жетектеген көз карандысыз комиссия орусиялык спортчуларга байланыштуу ишти иликтеп, июлда отчет берген.

Анда комиссия 2012-2014-жылдар аралыгында кышкы жана жайкы Олимп оюндарында спортчулардын “шектүү” анализдери “тазасына” алмашылганын айтып чыккан. 30дан ашуун спорттун түрү боюнча ушундай алмаштыруу болгон деген комиссия бул кыңыр ишти Орусия Спорт министрлиги Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) колдоосу астында жүзөгө ашырып, көзөмөлдөгөнүн маалымдаган.

Орусия жетекчилиги, албетте, бийлик допинг колдонууну калкалаган деген айыпты четке каккан.

WADA ушундан улам бүтүндөй орус курамасын Олимпиададан четтетүүнү сунуштоодо.

ЭОК президенти Томас Бах болсо жуп оюндар башталарга жакын ушундай пикир чыкканын сынга алды.

- Силер адамды, анын өкмөтү жасаган, бирок ал киши аралашпаган катачылык үчүн жазалай албайсыңар, - деген Бах комитет акыйкат жана саясатка аралашпаган чечим кабыл алганын белгиледи жана иликтөө толук аяктабаганын, анткени орусиялык тараптын жүйөсү угула электигин да эскертти.

Бирок, WADA жетекчиси Крэйг Риди ашкерелеген фактылар олуттуу, ага кечиктирбестен чара көрүү зарыл деп көшөрүүдө.

Бул талаш 2-августта Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан Эл аралык олимпиада комитетинин 129-Ассамблеясында жаңырды.

Эл аралык олимпиада комитети WADAнын сунушун эске алабы, же өз турумунда калабы али белгисиз.

Ар төрт жылда бир өтчү дүйнөлүк Олимпиада 5-августта башталып, 21-августта жыйынтыкталат.