Каталонияда эл Пучдемонду коргоп чыкты

Немис полициясы Карлес Пучдемонду Германия-Дания чек арасынан кармаган.

Барселонада Каталониянын мурдагы президенти Карлес Пучдемондун кармалышынан кийин демонстранттар менен полиция кагылышты.

Испания соту аймактын жикчил жетекчилерин "козголоң уюштуруу", "көз боёмочулук", "мамлекетке баш ийбөө" беренелери боюнча айыптап, бешөөнү, анын ичинде Пучдемонду кармоо ордерин калыбына келтирген.

24-мартта Карлес Пучдемонду Германия-Дания чек арасында немис полициясы кармаганы белгилүү болору менен он миңдеген киши Барселонанын көчөлөрүнө агылды.

Каталониянын сары-кызыл желектерин көтөрүп чыккан демонстранттар "Пучдемон – биздин президент", "Саясий туткундарга боштондук" деп ураан чакырып турушту.

Барселона. 24-март.

Көз карандысыздыкты колдогондордун жапырт көчөгө чыгуусу бейбаштык менен коштолуп, кагылышууларда элүүгө жакын киши майда жараат алышты. Полиция үч кишини кармап кетти.

Каталония парламентинин спикери Рожер Торрент телекайрылууда элди тынчтыкка чакырды жана жергиликтүү партияларды жарандык эркиндиктерди, укуктарды коргоо үчүн кеңири коалиция түзүүгө чакырды.

Рожер Торрент.

- Ушундай адилетсиздик болуп жаткан чакта бардыгын бейпилдикке жана жоопкерчиликке чакырам. Биздин жооп - каталондорго мүнөздүү демократиялык багытта жана эң негизгиси тынч болууга тийиш. Демократиянын жеңишин каалабагандарга жетишкендиктерди тарттырып жибербеш керек. Каталония коомчулугу зомбулукка жеткирбейт деп ишенем.

Өткөн жума күнү Испаниянын Жогорку Соту автономдуу аймактын 25 жетекчисин "козголоң уюштуруу", "көз боёмочулук", "мамлекетке баш ийбөө" беренелери боюнча айыптап, Пучдемонду жана бозгундагы дагы төрт саясатчыны кармоо ордерин кайра күчүнө келтирди.

Мадрид эл аралык ордерди адегенде былтыр декабрда чыгарып, бирок Бельгия бийлиги ага башпаанек бериши мүмкүн деп чочулагандыктан буйрукту артка кайтарып алган.

Германия полициясы жасаган билдирүүдө Каталониянын мурдагы президенти өлкө түндүгүндө, Дания менен чек арадан алыс эмес жерде, Фленсбург шаарынын жанындагы кан жолдо кармалганы айтылат. Пучдемон Финляндиядан жергиликтүү парламентарийлер менен жолугуп, конференцияга катышып, Белгияга кайтып бараткан.

Каталонияда көз карандысыздыкты жактагандардын митинги. 27-октябрь, 2017-жыл

Мекенинде саясатчы мыйзамсыз референдум уюштуруп, бийликке каршы аракет көрүү жана кутумга шыкак берген деп 25 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.

Былтыр 1-октябрда көз карандысыздык боюнча өткөрүлгөн референдумда добуш бергендердин көбү Испаниядан бөлүнүүнү колдошкон.

Өнөктүктү Мадрид жана Европа Биримдиги мыйзамсыз деп аташкан. Испаниянын өкмөтү жооп иретинде Баш мыйзамдагы тиешелүү беренеге таянуу менен түз башкаруу киргизип, Пучдемон башында турган аймактык өкмөттү иштен алып, автономиянын парламентин таркаткан.

Каталон өкмөтүнүн мурдагы министрлери, аймактык парламенттин төрайымы кутум уюштуруу, мамлекеттик каражатты максатсыз пайдалануу боюнча айыпталып, камакка алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.