Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Каталондуктар өз алдынча өкмөт түзүүнү талап кылышты


Карлес Пучдемон Брюсселдеги маалымат жыйынында. 31-октябрь, 2017-жыл.
Карлес Пучдемон Брюсселдеги маалымат жыйынында. 31-октябрь, 2017-жыл.

Жекшембиде миңдеген каталондуктар Барселонанын көчөлөрүнө чыгып, аймактын Мадридден бөлүнүшүн жактаган өкмөт түзүүнү парламенттен талап кылышты. Демонстрацияны Каталониянын эгемендигин жактаган Улуттук Ассамблея өткөрдү.

Ай башында каталон парламенти учурда Белгияда баш калкалап жүргөн Карлес Пучдемонду символикалык түрдө автономиянын лидери кылып дайындаган. Буга расмий Мадрид каршы чыгып, "автономия лидерлигине өлкө аймагында жүргөн киши келиши керек" деген шарт койгон.

Каталониядагы саясий кризис автономдук аймакта былтыр 1-октябрда эгемендик боюнча талаштуу референдумдан кийин башталган. Испаниянын өкмөтү жооп иретинде Баш мыйзамдагы тиешелүү беренеге таянуу менен түз башкаруу киргизип, Карлес Пучдемон башында турган аймактык өкмөттү иштен алып, автономиянын парламентин таркаткан. Каталон өкмөтүнүн мурдагы министрлери, аймактык парламенттин төрайымы кутум уюштуруу, мамлекеттик каражатты максатсыз пайдалануу боюнча айыпталып, камакка алынган.

XS
SM
MD
LG