"Иштен бошотуу жаза эмес". Соттордун зордукталган аялдарга мамилеси сынга кабылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдө 51 жаштагы аялды зордуктоого шек саналган жаранды үй камагына чыгарган судья өз эрки менен кызматтан кетти.

Жалал-Абадда 36 жаштагы келинди зордуктаганын моюнуна алган мурдагы милиция кызматкерин үй камагына чыгарган соттор боюнча Жогорку сот үн ката элек.

Бул окуялар сот системасындагы аялдарга карата зомбулукка жетиштүү көңүл бурулбай жатканы тууралуу талкууларга жол ачты.

"Үмүт пайда болду эле"

Өткөн аптада Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун тургуну, 51 жаштагы аял өзүн күчтөп автоунаасына салып барып, зордуктаган адамды сот үй камагына чыгарып бергенине нааразы болуп, президент Жапаровго кайрылган.


Анын видеокайрылуусу социалдык тармактарга жана маалымат каражаттарына жарыяланган.

Бир нече күндөн кийин жабырлануучунун тарапташтары Ак-Суу райондук сотунун алдына келип, нааразылык акциясын өткөргөн.

Көп өтпөй, 1-август күнү зордуктоого шектүү жаранды үй камагына чыгарган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун судьясы Абдисалам Мойдунов кызматтан кеткени тууралуу маалымат тарады.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков коомчулуктун талкуусуна түшкөн бул окуяга байланыштуу ыкчам жыйын өткөрүп, жыйынтыгында судья өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө арыз жазган. Анын арызы Соттор кеңешине жөнөтүлгөнүн Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады.

Ага чейин 27-июлда "Азаттык" Жалал-Абад облусунда 36 жаштагы келинди зордуктоого шек саналып камалган 42 жаштагы адамды Жалал-Абад шаардык соту үй камагына чыгарып жибергенин, көп өтпөй облустук соттун коллегиясы шаардык соттун чечимин күчүндө калтырганын жазган.

Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыктын" бул чечимдерди чыгарган судьяларга кандай чара көрүлөт деген суроосуна төмөнкүдөй жооп берди.

"Азыркы учурда, аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, ал Жалал-Абад шаардык сотунда негизинен каралууда жана кароонун жыйынтыгы боюнча мыйзамга ылайык тиешелүү соттук актылар кабыл алынат".

Ал эми 36 жаштагы келинди зордуктаганын мойнуна алган адамды үй камагына чыгарган судьялардын жоопкерчилиги боюнча сурообуз жоопсуз калды.

Дагы караңыз "Зордуктаганын мойнуна алган адам кантип үй камагына чыкты?"

Жабырлануучунун адвокаты Асылбек Дилназаров болсо иш соттук кароого жиберилгени тууралуу маалыматты четке какты.

"Кандайча каралат? Дайындала элек. Тергөө жаңы эле бүттү".

Жабырлануучунун бир тууган эжеси соттон адилеттик таппагандан кийин эми президентке, баш прокурорго кайрылууга аргасыз болуп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

"Ак-Суу районундагы зордукталган келин сот чечимине каршы чыккандан кийин, соттун кызматтан кеткени жөнүндө кабар бизде да үмүт пайда кылды эле. Бирок менин сиңдимди зордуктаган адамды үй камагына чыгарган сотторго эч кандай чара көрүлбөйт. Менин сиңдим зордуктаган адам үй камагына чыгып келгенден бери коркунучта жашап жатат. Аны эске албаган сотторго эмнеге чара көрүлбөйт? Биз президентке, Камчыбек Ташиевге, баш прокурорго кайрылабыз, үй-бүлөлүү, бала-чакалуу келинди зордуктаган адамды эркиндикке чыгарган сотко эмнеге чара көрүлбөйт?", - деди эжеси.

"Судья арызы менен кетсе бир жылдык айлык акысын ала кетет"

Кыргыз коомчулугунда түрдүү оор кылмышка шек саналып, кармалган адамдардын ар кандай себептер менен сот аркылуу үй камагына чыгарылган учурлары аз эмес. Алардын айрымдары гана коомчулуктун басымы менен жоопкерчиликке тартылып же кызматынан алынбаса, көпчүлүгүнө кандай чара көрүлгөнү белгисиз бойдон кала берет.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, кызматтан өз арызы менен кетүү - туура эмес чечим чыгарган судьяга карата жоопкерчиликке тартуу катары саналбайт.

Тескерисинче, кызматынан өз арызы менен кеткен судьялар экс-судья макамын сактап калат.

Клара Сооронкулова

"Кызматынан өз арызы менен кеткен судьялар экс-судья макамын сактап калат. Кызматынан кетип жатып бир жылдык айлык акысын алып кетишет, бул 1 млн сомдон ашуун каражат. Андан тышкары кийинчерээк бош судьялык орундарга талапкерлигин кое алат. Пенсияга да кийин экс-судья макамында толгон-токой артыкчылыктары, кошумча төлөмдөр менен чыгат. Бизде кандай гана адилетсиз чечимдерди кабыл албасын, кылмыш жоопкерчилигине тартылган судьялар жокко эсе. Биз эки жыл мурда атайын иликтөө жүргүзүп, Жаза аткаруу кызматына кайрылганыбызда, "кылган кылмышы үчүн абакта отурган бир да судья жок экен". Демек, "карга карганын көзүн чукубайт" деген принцип соттордо жакшы иштейт".

Клара Сооронкулова Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып, сегиз айга жакын тергөө абагында отурган. Май айында ден соолугуна байланыштуу сот чечими менен үй камагына чыгарылган.

"Судьялардын адилетсиз чечимдери, мыйзамсыз иштери кароосуз калган жок"


Былтыр 8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жаналы Батырбеков 16 жаштагы кызды зордуктоого шек саналгандарды үй камагына чыгарып жибергени коомчулукта нааразылык жараткан.

Жарандык коом судьяны кызматтан алып, жоопкерчиликке тартууну талап кылган.

Көп өтпөй ал өз каалоосу менен, сот бийлигинин кадыр-баркына көлөкө түшүргөнү үчүн жумуштан кетүүнү чечкенин Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдаган. Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков судьянын аракети өспүрүмдүн укугун тебеленген деп тааныганы кабарланган.

Президенттин алдындагы коррупцияга каршы ишкер кеңешинин укук коргоо жана сот органдарынын ишине мониторинг жүргүзүүчү жумушчу тобу акыркы эки жылда соттордун ишмердүүлүгү тууралуу иликтөө жүргүзгөн.

Аталган топтун мүчөсү Ялкун Даутов учурда Жогорку сот тарабынан судьялардын адилетсиз чечимдерине, айрым мыйзамсыз иштерине каршы ыкчам чара көрүлүп жатканын белгиледи.

Ялкун Даутов

"Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кызматына киришип жатып эле сот системасында иштеген кызматкерлер туура эмес чечимдерди кабыл алса, мыйзамсыз иштерге барса, андайларга чара көрүлө турганын эскерткен. Өзүңүздөр күбө болуп жатасыздар, бир нече судья мас абалында автоунаа айдаганы үчүн кармалганда же туура эмес чечим чыгарганы аныкталганда төрага өзү жыйын өткөрүп, аларга чара көрүп келет. Бул өтө жакшы көрүнүш".

Кыргызстанда жалпысынан 312 судья бар. Кызматтан өз ыктыяры менен кетүүнү каалаган судьянын арызы Соттордун тартип комиссиясына жиберилет. Алар чечим чыгарып, президентке сунуштайт.

Президент аны бошотот. Жогорку соттун судьясы аларды Жогорку Кеңешке жиберип, Жогорку Кеңеш бошотот.

Клара Сооронкулова судьялардын жоопкерчилигин кароо эки-үч тепкичтен турганы менен, көбүнчө Тартип комиссиясынын чечими гана эске алынарын мүчүлүштүк катары сыпаттады.

"Судьяларды кызматтан бошотуу же жоопкерчиликке тартуу механизми эки же үч тепкичтен турат. Бирок бизде көбүнчө биринчи тепкичтин - Тартип комиссиясынын чечими менен эле кийинки тепкичтерден да өтүп кетүүдө. Комиссия кызматтан алынсын деген болсо, президент ошол боюнча алып кое берет. Мурдагы тепкичте туура эмес чечим чыгып калганы көбүнчө эске алынбайт. Оор кылмышка шек саналган адамды үй камагына чыгарып же актап жиберген судьяларга чара көрүлүшү керек. Бирок алардын үстүнөн сөзсүз түрдө Соттор кеңешине арыз түшүшү абзел. Же Башкы прокуратура тарабынан жоопкерчиликке тартууга уруксат сураган сунуштама керек".

Ички иштер министрлигинин 2022-жылдагы маалыматында сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнү кабарланган.

Укук коргоочулар бул катталган жана кылмыш иши козголгон гана иштер экенин белгилеп, сексуалдык ыдыкка жана зордуктоого кабылган аялдар милицияга кайрылууну каалабай турганын айтып келет.

Кыргызстанда зордуктоого дуушар болгондордун укугу корголбой жатканы, укук коргоо органдарынан мамилеси тууралуу бир нече жолу маселе көтөрүлгөн.