2-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын "Жахабанын күбөлөрү" диний уюмунун бир катар диний адабияттарын "экстремисттик" деп табуу жөнүндө арызын кароосуз калтырды.
Башкы прокуратуранын прокурору Азатбек Темирбаев кийинки сот инстанциясына даттанарын билдирди.
Улуттук коопсуздук комитетинин, Ички иштер министрлигинин жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү соттун чечими боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
Жактоочу Константин Черновецкий соттун аныктамасын адилет чечим деп атап, демократиялык Кыргызстанда дал ушундай кадамды күтүшкөнүн билдирди.
"Сот бул ишти кыскартып, туура жыйынтык чыгарганына кубанычтабыз. Бул адабияттын баары Кыргызстандын аймагына мыйзамдуу киргизилген. Алар дүйнөнүн жүздөгөн мамлекеттеринде кеңири тараган. БУУнун Адам укуктары боюнча комитети, Европанын адам укуктары боюнча соту сыяктуу эл аралык соттук инстанциялар мындай адабиятка өздөрүнүн оң баасын берип келген. Андыктан прокуратуранын арызы бизди абдан таң калтырды. Бул иштин ушундай аякташы толук күтүлгөн болчу", - деди адвокат.
Кыргызстандын укук коргоо органдары "Жахабанын күбөлөрү" диний уюмунун ишмердигин 2019-жылдын аягынан бери тыкыр иликтеп келет.
УКМК 2019-жылдын 4-декабрында Жазык кодексинин 313-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш ишинин алкагында "Жахабанын күбөлөрү" диний уюмунун Бишкек шаарындагы кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, бир катар диний китептер алынган.
Уюмдун Бишкектеги борборунун өкүлү Булутбек Жакиев кылмыш иши тууралуу алардын деги эле кабары болбогонун айтат.
"2019-жылы биз такыр билбеген себептер менен кандайдыр бир экспертизалар өткөрүлүп, кылмыш иши козголуптур. Биз аны такыр билген эмеспиз. 2021-жылы мартта биздин Бишкектеги диний борборго УКМКнын көп кызматкери келип, тинтүү жүргүзүшкөн. Эртеден кечке кеңсебизди, жашаган жерлерибизди кыдырып тинтип, адабиятыбыздын баарын чогултуп тартып алышты".
Ал материалдарды Адилет министрлигинин алдындагы Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы изилдеп чыккан. Эксперттик корутундуда "Жахабанын күбөлөрүнүн" аталган китептери "адамдарды диний кастыктын негизинде коомго каршы иш-аракеттерди жасоого түртөрү" белгиленген.
"Жахаба күбөлөрүнүн" талаштуу адабияты
Бул кылмыш иши боюнча УКМК быйыл 29-июлда Башкы прокуратурага кат менен кайрылган. Анда "Жахабанын күбөлөрүнүн" иш-аракеттеринен улам "психологиялык жабыр тарткан жарандар" көп болуп жатканы жазылган. Жергиликтүү телеканалдардын берүүлөрүндө чагылдырылган айрым турмуштук окуялар мисал келтирилген. Атайын кызмат Башкы прокуратурага "Жахаба күбөлөрүнүн" адабиятын таркатууга жана уюмдун Кыргызстандын аймагындагы ишмердигине тыюу салууга сунуш берген.
Козголгон кылмыш ишинин жана УКМКнын катынын негизинде 17-ноябрда Башкы прокуратура диний уюмдун 11 китебин, эки брошюрасын жана алты видео ролигин "экстремисттик" деп табуу өтүнүчү менен Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылган.
Быйыл февралда Бишкекте бир топ жарандар "Жахабанын күбөлөрүнөн" жабыр тарттык деп нааразылыкка чыккан. Алардын бири Наталья Титова эки кызы бул уюмга кошулуп кеткенин айткан эле.
"Кыздарым мени таштап кетишти. 10 жылдан бери жалгыз жашайм. Катуу депрессиядан улам өз жанымды кыюуга аракет кылгам. Бул уюмда жүргөндөргө, анын ичинде кыздарыма да ал жактан чыгып кеткиле деп айткым келет", - деген Титова.
Диний эксперт Канатбек Мурзахалилов "Жахабанын күбөлөрү" боюнча Кыргызстанда ар түрдүү пикирлер бардыгын айтат. Эксперт белгилегендей, коомчулукта бул уюмдун ишмердигине кескин каршы чыккандар да бар.
"Биз дагы ушундай маалыматты угуп жүрөбүз. Дин комиссиясында иштеп жүргөн кезимде расмий кайрылган адамдар болгон. Ошондо аларга (диний уюмга - ред.) эскертүүлөр берилген. Тажрыйба көрсөткөндөй, "Жахабанын күбөлөрү" диний уюму алдап жатат деген адамдар көбүнчө кары-картаңдар экени белгилүү. Акыркы тенденциялар көрсөткөндөй, мурдагы жылы Базар-Коргондо диний уюм ачабыз дегенде жергиликтүү коомчулук кескин каршы чыккан. Кадамжайда да алардын ишмердигине каршы болушкан. Ушундай фактылар көп", - деди Мурзахалилов.
Кыргызстан Орусиянын жолоюна түшөбү?
"Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева укук коргоо органдарынын иш-аракеттери демократиялык өлкөнүн мыйзамдарына сыйбай турган жосун дейт.
"Биз бул ишке байкоо салууну улантабыз. Анткени бул абдан кооптуу белги. Бизге УКМК жана укук коргоо органдары бул уюмдун ишмердигине кызыгып калышканы абдан таң калтырууда. Уюмдун материалдары экстремисттик эмес деп ойлойбуз. Бийликти кулатууга же адам өлтүрүүгө чакырбаса, кайсы диний топ болбосун ишмердигин улантууга укуктуу".
Султаналиева бул ишти Орусиядагы "Жахаба күбөлөрүнө" жасалган саясатка окшоштурат.
"Орусияда да "Жахаба күбөлөрүнө" карата куугунтук так ушундай болуп башталган. Алгач адабиятын экстремисттик деп таанууга аракеттенишкен. Кийин диний уюмдун өзүн штаб-квартирасы менен кошо экстремисттик деп таанышкан. Аягында "Жахаба күбөлөрүнүн" мүчөлөрүн экстремист кылышкан. Кыргызстанда да ушундай сценарий кайталанат деген кооптонуулар бар".
"Жахабанын күбөлөрү" диний уюму АКШда түзүлгөн. Башкаруу борбору Нью-Йоркто жайгашкан. Уюмдун расмий маалыматында, дүйнө боюнча 8,5 миллиондон ашуун жолдоочусу бар. Кыргызстанда 1998-жылы "Жахабанын күбөлөрү" диний борбору деп катталган.
Бул уюм Иранда, Иракта, Түркмөнстанда, Тажикстанда жана Орусияда экстремисттик деп таанылган. Дүйнөнүн калган мамлекеттеринде эркин иш жүргүзөт.
Дагы караңыз Орусия дин эркиндиги боюнча "кара тизмеге" кирди