Ушул жылдын январь айында 60 жаштагы жахабачы Теймур Ахмедов Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган. Ахмедовдун жактоочусу Наталья Кононенко сот чечимин кайра даттана тургандыгын билдирди. Коненконун айтымында, сотто негизги далил болуп жаткан жаздырылган аудионун айыптоого ыңгайлуу үзүндүлөрү гана угузулду:
- Ишти кароодо сот жана прокурор айыптоо позициясында болушту. Сот жаздырылган маектеги Ахмедовду актоочу бөлүктөрүн кароодон баш тартты. Ошондой эле 19 дискке жаздырылган маекте чагымчыл суроолорду бергендердин аудиосу дагы бар болчу. Бирок сотто ал эске алынган жок. Алар Ахмедовду өткөн жылдын 9-майынан 4-ноябрына чейин жаздырышкан. Анда сын-пикирлер айтылган, ага тыюу салынган эмес да.
Төрт айга чукул камакта жаткан Теймур Ахмедов соттун өкүмүн токтоо кабыл алды. Ал өткөн жумадагы отурумда өзүн күнөөлүү деп эсептебесин айтып, соттордон акыйкат жана ырайымдуу болууну өтүнгөн. Сотко катышкан Казакстандагы “Жахаба күбөлөрү” диний уюмунун айрым мүчөлөрү Ахмедовго чыгарылган чечимге нааразычылыгын билдиришти.
Сары-Арка районундук ага прокурору Бауржан Кулмаганбетов соттон Ахмедовго алты жыл жана сегиз ай жаза берүүнү өтүнгөн эле. Коопсуздук кызматынын буга чейин берген маалыматына ылайык, Теймур Ахмедов жана Асаф Гулиев аттуу жаран май айынан ноябрга чейин Астананын ар кайсы батирлеринде бир нече диний жыйын өткөрүшкөн. Маектешүү форматында өткөн жыйында Ахмедов ислам дини жана православ христиандары тууралуу терс пикирин билдирген дейт расмий орган. Соттук экспертиза жыйындарда жаздырылган маектешүүлөрдө диний кастыкты козутуунун белгилери бар деп табышкан.
Жыйынга катышкандар Астанадагы студенттер экени айтылат. Алар кылмыш ишинде күбө катары суралышып, жеке коопсуздугуна байланыштуу деп жабык режимде көрсөтмө беришкен.
Бирок, Теймур Ахмедовдун аялы диний жыйындар студенттер делген адамдардын демилгеси менен өткөрүлүп, алар маектешүүдө провокациялык суроолорду беришкенин айтууда. Жыйындар жаздырылып жатканын Ахмедов өзү билген эмес. Учурда ошол маектешүүлөр жаздырылган 19 дисктеги аудиолор кылмыш ишинин негизин түзүүдө.
Жахабачы Ахмедовду коргоо үчүн жергиликтүү жактоочулардан башка Орусиядан Виталий Кузнецов жана Канададан Шейн Брейди аттуу адвокаттар келишкен. Жактоочулардын пикиринде, Ахмедов атайын кызматтын “студент схемасынын” курмандыгы болууда. Алар ушундай эле жагдайда 2015-жылы диний кастыкты козуткан деп эки жылга эркинен ажыратылган чиркөө кызматкери Ыкылас Кабдуакасовду мисалга тартышат. Кабдуакасов шаардагы стунденттерге лекция өтүп жатып, топтордун араздашуусун козуткан пикирин билдирген деп айыпталган.
Ахмедовдун жакындары жана адвокаттар соттолуучуну рак илдети менен ооруп жатканын айтып келишет. Өзүн Темур менен диндеш санаган Асаф Гулиев ушул жылдын февраль айында тагылган айыпты өз эрки менен мойнуна алып Кылмыш жаза кодексинин 174-беренесиндеги “дин, улут аралык касытыкты козутуу” айыбы менен беш жылга кесилген. Башында Гулиев менен Ахмедовдун кылмыш иши бирге тергелип, бирок кийин өз-өзүнчө иликтене баштаган.
Ал арада Дин иштери боюнча министрлик жана жарандык коом Казакстанда 2017-2020-жылдардагы диний чөйрө боюнча жаңы концепцияны сунуштап чыкты. Анда өлкөдө диний чөйрөдөгү абалга көзөмөлдү күчөтүү жана светтик негиздерди бекемдөө менен өлкөнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу каралган.
Расмий маалыматка ылайык, Казакстан аймагында 3658 диний уюм жана алардын филиалдары катталган. Өлкөдө 2550 мечит болсо, протестанттардын 495, православдардын 294, католиктердин 109 чиркөөсү жана бир нече диний уюмдардын сыйынуучу жайы каттоодон өткөн.
Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиянын 26-апрелде жарыялаган жылдык баяндамасында, Казакстан өзгөчө тынчсыздануу жараткан өлкөлөрдүн ичинде болбосо да диний эркиндик жаатында көйгөйлүү 12 өлкөнүн катарында турат.
Жахабачыларга Кытай, Түндүк Корея, Сауд Арабия өлкөлөрүндө, Борбор Азиянын ичинен Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстанда тыюу салынган.
Жакында эле Орусияда дагы 1991-жылдан бери расмий иш жүргүзүп келген “Жахаба күбөлөрүн” экстремисттик уюм деп таап, ишмердүүлүгүн чектеди.