“Сорос-Кыргызстан” фонду 25-октябрда өзүнүн 30 жылдык мааракесин белгиледи. Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдардан бери ишмердик жүргүзүп келген фонддун мааракеси өлкөдө бейөкмөт уюмдарды "чет элдик өкүл" деп таануучу мыйзам биринчи окууда кабыл алынган учурга туш келди.
"Сорос-Кыргызстан" фонду тарабынан 30 жыл аралыгында өлкөнүн түрдүү тармактарын өнүктүрүүгө, колдоого багытталып, 120 млн долларга жакын кайтарымсыз акча берилген.
"Коомдун аң-сезимин өзгөрттү"
"Сорос-Кыргызстан" фонду Кыргызстан эгемендик алган жылдары келип ишмердигин жүргүзгөн эл аралык уюмдардын сап башында турат.
Аталган фонд саламаттык сактоо, укуктук, билим берүү, демократиялык башкаруу, маалымат каражаттарын өнүктүрүү сыяктуу программа, долбоорлорду каржылап, кайтарымсыз гранттарды берип жүрөт.
1990-жылдардын башынан тарта "Сорос-Кыргызстан" фонду бир жылда жасаган иштеринин отчётун ошол кездеги эң таанымал басылмалардын бирине жарыялап келген.
Ошол жылдары фонддун отчётторун которуп, гезитке басуу менен алектенген журналисттердин бири, "Асаба" гезитинин жооптуу редактору болгон Аскер Сакыбаева фонддун ишине төмөнкүдөй баа берди:
"Сорос-Кыргызстан" фонду Кыргызстанга эң алгачкылардан болуп кол сунган, өлкөдөгү элдин жашоосу, өлкөнүн келечеги үчүн чоң таасири бар саламаттык сактоо, билим берүү тармактарын, эркин маалымат каражаттарын, журналисттерди колдоп, өнүктүргөн бирден бир ири фонд болду. Чет өлкөлүк бейөкмөт уюмду Кыргызстанга алып келип, аны өлкөнүн өнүгүүсү үчүн иштетүүдө фонддун ошол кездеги алгачкы жетекчиси Чынара Жакыпованын эмгеги зор деп айтар элем. "Сорос-Кыргызстан" фонду бизде күчтүү жарандык коомдун калыптанышына, жарандардын бийликти эле карап отурбай, өзүнчө аракеттенип, өнүгүүгө болоруна көзү жетип, түшүнүгү калыптанышына да өтө чоң салым кошту".
Журналист Алмаз Исман "Сорос-Кыргызстан" фондунун аймактардагы маданий борборлордун, жергиликтүү бийликтин өнүгүүсүнө да кошкон салымын эскерди:
"Эсимде, 2006-жылы Ош мэриясынын сайтын "Сорос Кыргызстан" фонду менен түзгөнбүз. Мен фонддун тапшырмасы менен сайттын концепциясын жазып бергем. "Ошсити.кж" деген аталыш менен түзүп, бир нече жыл анын ишин фонд каржылап берген. Сайт азыркы учурда да ошол аталышта иштеп келет. Мындан тышкары Оштогу кыргыз, өзбек театрларына спектаклдерди жаңыртуу жана башка жаатта колдоо көрсөткөн. Китепканаларга, мектептерге кыргыз, өзбек тилдеринде китептерди таратып, англис тилин акысыз үйрөтүүчү курстарды ачкан. Ал курстарда англис тилин үйрөнгөн көптөгөн балдар-кыздар кийин дүйнө кыдырып, билим алып, мыкты адис болуп чыгышты".
Апааттагы "118 - ыкчам номуру"
"Сорос-Кыргызстан" фонду ишке ашырган долбоорлордун катарында кыргыз тилиндеги балдарга билим-тарбия берүүгө багытталган "Керемет көч" мульттасмасы, кыргызча Википедия түзүү, "Ачык өкмөт", "Медиа жаса", Жогорку технологиялык парк түзүү, "Эсимде" жана башка долбоорлор бар.
Фонддун колдоосу менен кыргызстандык жаштардын чет өлкөлөрдө билим алуу мүмкүнчүлүгү пайда болгон. Студенттерге жана илимий кызматкерлерге билимин жогорулатуу үчүн стипендиялар берилсе, илимий жана маданий долбоорлорду өнүктүрүүгө гранттар бөлүнүп турган.
Булардан тышкары, 2020-жылкы пандемия кезиндеги "118 - ыкчам байланыш" долбоору коронавирус күчөп, ооруканалар бейтаптарга толуп, карайлаган эл кайда, кимге кайрыларын билбей калган чакта ишке кирген. Ал долбоор өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине гана эмес, бийликке, жалпы эле элге чоң жардамы тийгенин Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Элден Калчакеев эскерди:
"Пандемияда көптөгөн медицина кызматкерлери аралыктан иштөөгө жиберилип, башкалары жетишпей калган. Анын үстүнө карантин болчу ал кезде. Шаар жабылып, адамдар 103кө аябай көп чала баштаган. "Тез жардам" кызмат көрсөтүп да, кеңеш берип да жетише албай калган. Дарыгерлер жетишпей, стационарлар толуп калган. Ошондо президенттик аппараттын колдоосу жана "Сорос-Кыргызстан" фондунун каржылоосу менен алгач Бишкекте "118 - ыкчам байланыш" ишке кирип, ыктыярчылардын жардамы менен жүз миңдеген адамга кеп-кеңеш, жардам берилген. Бул долбоордун пандемия учурундагы пайдасы эбегейсиз болгон".
Дагы караңыз
«Сорос Кыргызстан» фонду облустук ооруканаларга дары-дармек бердиБоронов: 118 кызматына кошумча адистерди тартыш керек"Сорос-Кыргызстан" фонду өлкөдөгү демократияны бекемдөө, жарандык коомдун туруктуулугун сактоого багытталган долбоорлорду иштетип келет.
Фонддун байланыш менежери Кубан Сагындыковдун "Азаттыкка" маалымдашынча, ал гана эмес, өкмөттүн, мамлекеттик органдардын ачык иштешине да чоң көмөк көрсөттү.
"Биздин фонд өлкөдөгү демократиялык институттарды жана процесстерди бекемдөөгө, эркин жана көз карандысыз маалымат каражаттарын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп, ошондой эле мамлекеттик түзүмдөрдүн ачык-айкын иштешине зор салым кошту. Көп тараптуу Ачык Өкмөт Өнөктөштүк (OGP) демилгесин ишке ашырууда Кыргызстандын өкмөтү ачык маалыматтар рейтингинде позициясын жакшыртып, 2015-жылы глобалдык рейтингде 98-орундан 34-орунга көтөрүлдү".
"Сорос-Кыргызстан" фондунун 30 жылдык мааракесине туш келген убакта, 25-октябрда Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарды "чет элдик өкүл" катары таануучу мыйзам Жогорку Кеңеште биринчи окуудан кабыл алынды.
Дагы караңыз
"Чет элдик өкүл" мыйзамы биринчи окуудан талкуусуз өттү "Чет элдик өкүл" мыйзамын колдогон депутаттарды виза жагынан чектөө сунушталды
Укук коргоочулар, жарандык коом өкүлдөрү, журналисттер бул мыйзам Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамдан айырмасы жоктугун, "агент" деген сөздү "өкүл" деп гана алмаштырып коюшканын, эгер ал кабыл алынса, жарандардын эркиндиги менен укуктарына эле эмес, социалдык тармакка жана экономикага залакасы тиерин белгилеп келишет.
Анын автору, депутат Надира Нарматова болсо мыйзам өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп ишендирүүдө.
"Сорос- Кыргызстан" фондунун сайтындагы маалыматка ылайык, отуз жыл аралыгында өлкөгө саламаттык сактоо, укуктук, билим берүү, демократиялык башкаруу, маалымат каражаттарын өнүктүрүү жана маалыматтык программалар аркылуу 115,5 млн доллардан ашуун акча кайтарымсыз грант катары берилген.
Америкалык миллиардер, филантроп Жорж Сорос негиздеген "Ачык коомдун" фонддору бир нече убакыттан бери өзгөрүүлөргө туш болууда. Быйыл апрелде "Сорос-Казакстан" фонду дээрлик 30 жылдык ишмердиктен кийин жарандык демилгелерди каржылоону токтотту. Былтыр күздө "Сорос-Тажикстан” жабылары жарыяланган.