Сокулук районунунда Аксакалдар соту жашы 16га толо элек кызды зордуктоого шектүүнүн үй-бүлөсү "айылдан көчүп кетсин" деген бүтүм чыгарды. Кылмыш кылды деген адамдын жакындары ага макул болбой жатышат. Анын айылда жашаган ата-энесин, жубайы менен үч баласы бар. Айрым юристтер аксакалдардын чечими мыйзамсыздыгын, сотсуз жазалоо улуттук да, эл аралык да нормаларга дал келбестигин, териштирүү жүргүзүү жана жазалоо - укук коргоо органдарынын, соттун милдети экенин белгилешүүдө.
Ушул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаты, юрист Мирлан Жээнчороев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Кылмышка шектелип айылдын 31 жаштагы тургуну 5-декабрда камалган. Тергөөнүн баштапкы маалыматында "ал кызды Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктаганы" айтылат.
Шектүүнүн үстүнөн Жазык кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, эки айга камалган.
- Аксакалдар сотунун тургундарды көчүп кеткиле деген чечими канчалык мыйзамдуу?
- Негизи бул абдан оор кылмыш. Бул боюнча укук коргоо органдары катуу талаптарды коюп, тергөө амалдарын ыкчам өткөрүп күнөөлүүнү жоопко тартыш керек. Жабыркаган тарап ынана тургандай чечим болушу зарыл. Ошондуктан укук коргоо органдары, жетекчилер буга өзгөчө көңүл буруп, мындай нерселерге жол бербешибиз керек. Эгер дагы көптөгөн фактылар себеп болуп, дайыма эле жергиликтүү эл ушундайга барып отурса, эл арасында укук коргоо органдары керекпи же кереги жокпу деген маселе жаратып койот. Ошол себептүү укук коргоо органдары, соттор кандай гана кылмышты карабасын кылмышкер туура жазасын албаса, адилеттүү чечим чыкпаса, эл ушул тармакка ишенбөөчүлүк көрсөтө баштайт. Өздөрү соттоп, өздөрү жазаны ишке ашырганга, өздөрү тергөөгө аракет кылат. Анда мамлекеттин укуктук системасы бузулулат.
- Демек, элдин укук коргоо органдарына ишенбестиги дагы ушуга алып барып жатат десек болобу?
- Негизи Аксакалдар соту деген бар. Бирок алар үй-бүлөдөгү жоруктарга байланышкан иштерди, айып пулга байланыштуу, элдешүү, бири-бири менен сүйлөштүргөн маселелерди карайт. Үй-бүлө ичиндеги, кошуналар ортосундагы мамилелерге кийлигишиши мүмкүн. Бирок, соттун функцияларын аткарып, чараларды колдонуу бул мыйзамды аша чабуу болуп эсептелет. Ал эми Сокулуктагы көрүнүш - мыйзамдуу өлкөдө же мыйзамудулук орнотулган өлкөдөгү мыйзамда белгиленген жалпы тартиптердин принциптерине туура келбей калат. Бул укук коргоо органдарына, сотторго ишеничтин жоктугу ушуга алып келди. Бул чоң коңгуроо!
Маектин аудиосун бул жактан угуңуз:
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
- Буга чейин дагы шектүүнүн айрым кылмыштарга аралашып жүргөнү, жоопкерчиликке тартылбаганы дагы аксакалдар сотуна кайрылууга, алардан катаал чечимдерди чыгарууну талап кылууга түрткү берип жаткан жокпу?
- Сиз туура айтып жатасыз. Биринчиден, жоопкерчилик адамда эмес да. Бизде мыйзамда белгиленген тартиптер бар. Эгерде бирөөнүн жазасы мунапыс менен же башка себептер менен кыскартылып, жатак абакка которулса, ал пробациалык көзөмөл кылган офицерлерге жана участкалык милициялардын мойнуна жүктөлөт. Алар алдын алуу (профилактика), туура жолго түштүбү деген көзөмөлдү жүргүзүп, отчет бере турган маселелелер мыйзамда так белгиленген. Мыйзамда баары так, жакшы жазылган. Тилекке каршы, анын аткарылышы начар болуп жатат. Экинчиден, оор кылмышка айыпталып, бирок кандайдыр бир жолдор менен айыбы өзгөртүлүп, жеңил жаза алып калып же жазасы кыскартылып калганда, жабыркагандар сот адилеттигине ишенбей калат. Коомдо ишенбөөчүлүк көбөйгөн сайын алар мыйзамдын сыртына чыгып кеткен жазаларды, укук коргоо органдарынын функцияларын өздөрүнө кабыл ала баштайт.
- Негизи эле аксакалдар сотунун макамы кандай болушу керек? Ушул сыяктуу иштерге аралашып, жашоочулардын көчүп кетүүсүн чечкенге кийлигише алабы?
- Мындай иштерге аралашуу алардын компетенциясына кирбейт. Коомду тартипке чакырып, бири-бири менен ынтымакта жашоого салым кошуп, ошого чакырганга өбөлгө болот. Чоң кылмыштарга эмес, баарын эле кылмышкер кыла бербеш үчүн майда жоруктарды же ошол жеринде чечиле турган иштерде, үй-бүлөлүк маселелер чыкса элдештирет. Мыйзам менен аларга ушундай укуктар берилген.
Негизи эле мыйзамда көчүп кетүү деген маселе каралган эмес. Анткени мыйзам боюнча ар бир кылмышкер жасаган иши үчүн өзү жеке жооп берет. Ал эми жашаган чөйрөсү кошо кылмышка тартса, үй-бүлөсү кылмышын жаап-жашырса же коргосо, кылмышты кошо жасаса, уурулук кылып ошол жерге жашоого мүмкүнчүлүк бербесе, ошого жараша чара көрүлөт. Анын баары мыйзамда каралган. Участкалык милиция алдын алуу иретинде карап турат. Ал эми бир өрөөндөн экинчисине көчүрүү деген Сталиндин тушунда болгон.
- Сокулукта катталган окуяда шектүүнүн жакындары "кылмыш кылса жооп берсин, балдарында, ата-энесинде эмне күнөө" деп ыйлап жатышат. Аксакалдар соту аларды үч күндө көчүп кеткиле деген чечим чыгарып жатат. Эми тартип коргоо органдарынын аракети кандай болушу керек?
- Биринчиден, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Эл ызасы менен жазаны өз колуна алса, анда соттордун жана тергөө органдарынын функциясы кереги жок болуп калат. Бул ушул органдарга ишенбөөчүлүк. Ошондуктан бул жерде жергиликтүү бийлик иштеш керек. Эгерде өзүңө ыйгарылбаган мамлекеттин функцияларын алсаң, ал боюнча дагы жаза бар. Эртең уруу-урууга, көчө-көчөгө бөлүнүп чыгып кетиши мүмкүн. Ошондуктан мыйзамдуулук менен жашайм деген өлкөдө мыйзамда көрсөтүлгөндөй тартип менен жоопкерчиликке тартылат.
Ошону менен кошо ал органдар өзүнүн кыймыл аракети менен ишенбөөчүлүктү жаратпашы керек. Бул жагдайда акыркы сөз сотто болот. Сот ынанымдуу, адилеттүү чечим чыгарышы керек. Юрист катары көрүп турам, бул жерде оор кылмыш жасалды. Бул боюнча толук жоопкерчиликке тартылышы зарыл. Кылмышты жашыруу максатында өлтүрүү аракети болгонбу, ошону караш керек. Керек болсо укук коргоо органдары кандай беренелер боюнча айыпталып жатканын элге ачык айтып чыгыш керек.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.