Асаддын авторитардык режиминин кулашы жана бул жердеги окуялардын сабагы кайсы? Эми Сирияны кандай тагдыр күтөт? Бул өлкөдөгү кырдаал аймактын коопсуздугуна кандай таасир этет?
Ушул жана башка суроолордун тегерегинде АКШнын Сан-Диего университетинин профессору, саясат таануу илимдеринин доктору Ахмет Куру менен маектештик.
- Сирияда Асаддын режиминин кулашы дүйнөнүн назарында болууда. Башар Асаддын соңку 13 жылда анын бийлигине каршы чыккан топторду басмырлап, жок кылуу менен өкүм сүргөн 24 жылдык же болбосо ата-баланын жарым кылымдан ашык турган бийлиги кантип урап калды?
- Мен Түркиянын Сирия менен чектешкен жериндеги Хатай провинциясынын Искендерун районундагы Антакя шаарында төрөлгөм. Ошондуктан Сирияны бала чагымдан бери билем. 2008- жана 2010-жылдары жайында Дамаскта араб тилинде билим алгам. Буга чейин дүйнөдө мусулмандар көп жашаган 50 өлкөдөгү авторитардык башкаруу тууралуу китебим жарык көргөн. Мурда сиздер менен талкуулаган бул китепте Сирия тууралуу да изилдөөм камтылган.
Өзүңүз белгилегендей, ата-бала Асаддардын жарым кылымдан ашык турган режими кулады, бул окуя менен сириялыктарды куттуктайм. Мен тааныган сириялыктар диктатуранын кулашына сүйүнүп жатканы менен, бул убакыт аралыгында жарандык согушта жарым миллион адам кырылып, дээрлик 10 миллиондой адам өлкөсүнөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Өлкө ичинде да журт которууга мажбур болгон миллиондогон жарандар бар эле. Бир жагынан, залимдин кулашы кубанычтуу көрүнүш болсо, экинчи жагынан, өтө трагедиялуу жагдай жаралып калган.
Изилдөөчү катары айтсам, режимдин кулашына алып келген бир нече себептер бар. Бул этникалык жана диний жактан бир адамга байланган саясатты жүргүзгөн, бүткүл сириялыктарды эске албаган, камтыбаган, демократиянын “д” белгиси да болбогон, белгилүү бир топтун жеке кызыкчылыгына ыңгайлашкан, коомдо авторитардык күчкө таянган режим болду.
Тунисте башталган “Араб жазы” Египетте, Йеменде, Ливияда жана башка араб өлкөлөрүндө уланышы сириялыктарга үмүт берди. Мындай кырдаалды режим катаал чараларды көрүп, элдин талабын басууга аракет кылды. Он жылга созулган тиреште бийлик мындай зулумдугу менен өзүн алсыратты. Окуянын башталышы жана өнүгүшү, бул режимдин өзүн алсыраткан фактору ушундай. Башка себептерине да алдыда кайрылабыз.
Дагы караңыз "13 жылдан бери эңсеген мекенге кайтабыз ". Түркиядагы сириялык качкындар- Асаддын режимин колдогон мамлекеттердин ушул учурда өз көйгөйлөрү менен алек болуп калышын да төңкөрүштүн бир себеби катары кароого болобу? Төңкөрүшкө аймактагы оюнчу мамлекеттердин таасири канчалык болду?
- Бул көрүнүштүн эл аралык алкактагы бир фактору – колониализм. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Осмон империясы ураган соң, Франциянын колониализми башталды. Франция бул аймактан чыгып жатканда, артынан көптөгөн көйгөйлөрдү калтырып кетти. Ушундай көйгөйү көп системада аскердик төңкөрүштөрдүн арты менен Асад режими түптөлдү. Кийин “Араб жазы” төңкөрүшү башталып, 2011-2012-жылдары эл демократиялык шарттарды талап кылганда, эки өлкө бул революцияны токтотууга аракет көрүү чечимин кабыл алды. Бирөө – өзүнө кандайдыр бир коркунучту алдын алууга аракет кылган Сауд Арабиясы. Алар Египетте жана Бахрейн сыяктуу жакын өлкөлөрдө аскердик революцияны колдоп, түштүк аймакта “Араб жазын” токтото алышты. Ал эми аймактын түндүк жагында “Араб жазын” токтотуу үчүн негизги борбор Дамаск болуп, ал жердеги кырдаалды жайгарууга Иран чыккан. Иран өзүнүн жөнөткөн аскерлери, АКШда террордук деп таанылган “Хезболла” тобунун күчтөрү, Орусиянын аскердик күчтөрүн колдонуу менен каршы чыккандарды кырып, шаарларды көзөмөлдөө менен бул режимди коргоп турду. Албетте, бул топ өлкөнүн бардык аймагын камтый алган жок. Сириянын түндүгүндө Түркия колдогон топтор, түндүк-чыгышта АКШ колдоо көрсөткөн күрд тобу таасирин сактап турду. Бул режим экономикалык жактан муктаждыктарды канааттандырып туруу үчүн маңзат соодасын жүргүзүп, криминалдык иш-аракеттерге кирип кеткен.
Соңку бир жыл ичинде Израилдин “Хезболла” тобу менен күрөшүп, анын лидерин жок кылышы, Ирандын аймагына сокку урушу менен Иран жана “Хезболла” алсырай түштү.
Буга удаа эле Орусия Украинадагы согушта аскердик-техникалык, моралдык жактан алсырады. Ошентип, Иран да, Орусия жана “Хезболла” да криминалга батып, өз көйгөйүн жайгара албай калганда, Асаддын режими күчүн жогото баштады. Бул кырдаалды пайдаланган топтор Дамаскка чейин кирип барышты.
Дагы караңыз "Элүү жылдык эзүүдөн кутулдук". Сириядагы кырдаал- Ата-уул Асаддардын 50 жылдык башкаруусу, күч менен кармалып турган режимдин урашынан кандай сабак алууга болот? Сирияда бийликти мынчалык деңгээлде кубаттуу кылган факторлор кайсылар болду?
- Жогоруда айтканымдай, бул жерде колониализмден кийин орногон авторитардык режим өкүм сүрдү. Коом өзүнүн демократиялык, жарандык институттарын түзгөнгө чамасы келген эмес. Колониализмдин арты менен эле диктатура, аскердик башкаруу орноп калган. Мен изилдеген китепте жазылгандай, аскердик мамлекеттин интеллигенция катмарын, жеке ишкердикти басмырлап, мамлекеттин катаал текшерүүсүн киргизүүнүн артында мазхабга байланган, алавилер бийликти колго алып, өзүнө ылайыкташкан системаны түзгөн. Албетте, бийликке суннийлерден да, христиандардан да колдоо көрсөткөндөр болгон. Бул көрүнүштөн алына турган сабак – жарандарга тең мамиле, демократиялык, байистүү (светтик) мамлекет түзүп, бардык жарандарга этникалык, диний ар түрдүүлүгүнө карабай бирдей шарт түзгөн бийлик гана адилеттүүлүктү камсыз кыла алат. Бирок Сирияда бийлик мындай системаны түзө алган жок. Анткени Иракта Саддам Хусейн башында турган суннилердин бийлиги болсо, Сирияда шиилер менен алавилер түзгөн Баас режими бар эле. Бул эки бийлик тең элине калыс мамиле жасай алган жок.
Бул жагдайда мусулман өлкөлөрү, айрыкча Ортоңку Чыгыштагы мамлекеттер эске ала турган учурлар бар. Израилдин күндөн күнгө күчөп, бул чөлкөмдөгү ар бир чоң окуянын артында ошол мамлекет туруп жатканын түрктөр, ирандыктар жана арабдар ойлонушу маанилүү. Анткени азыркыга чейин Асаддын режимине соңку бир жылда кол салган, Иранды, “Хезболланы”, Орусияны бир четке жылдырып, режимдин урашын шарттаган Израил болуп калды. Мындан кийинки пландарды иштеп чыга турган мамлекеттер да - Израил менен АКШ. Бул кырдаалда жеңишке жеткен да ушул өлкөлөр. Албетте, диктатордон кутулган сириялыктар болуп турат. Булардын катарында бир нече жылдан бери Асадга каршы күрөшүп жаткан Түркия да бар.
Ал эми мында жеңилгендер Орусия, Иран жана “Хезболла” болуп атат. Бирок узак мөөнөттөгү перспективаны алганда, Израил бул чөлкөмдө таасирин арттырып жатканда, арабдар, түрктөр, ирандыктар саясатта эмне үчүн таасирдүү боло албай жатат? Мунун бир себеби экономикаларынын күчтүү болбогону жана эл аралык саясаттагы орду төмөн экени. Мисалы, мен жашаган АКШда Израилдин лоббиси болгону менен, арабдардын, түрктөрдүн, ирандыктардын орду төмөн, Европада да жагдай ушундай. Ушул факторду эске алып, мусулман өлкөлөрү өзүн демократиялаштырып, эл аралык саясатта үнү угулушу үчүн күчтөнүшү маанилүү. Бирок бул өлкөлөрдү калкын катуу көзөмөлгө алып, өзүнүн режимин сактап калууну көздөгөн бийликтер башкарып жатат. Мындан улам дүйнөлүк саясатта таасири болбой жатат.
Дагы караңыз Азиянын Батышы менен Чыгышынын Путин үчүн дарсы- Социалдык тармактарда жана интернетте сириялык качкындар дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунда бийликтин кулаганына сүйүнүп, майрамдап жатышканын көрүп жатабыз. Алар кыйын күндөр артта калганын белгилеп, жаркын келечекке үмүт артып турушат. Масштабдуу караганда, азыр Сириядагы соңку жагдай кандай болуп турат?
- Бир жагынан алганда, адамдардын үмүтү жанып турган маалда аларга үмүт берүү да туура. Мен да социалдык тармактардан сириялыктарды колдогон билдирүү тараттым. Диктатордун режими кулаганы менен, алдыда чоң көйгөйлөр турат. Бир жагынан, Израил Сириянын аймагын аткылоону улантып жатат. Күрддөр менен арабдар тил табыша алабы, Латакиядагы жана жээктеги башка бир катар шаарлар Дамасктын бийлигин тааныйбы? Булар чоң суроо.
Дагы бир көйгөй – азыр бийликке келген уюм АКШ, Европа өлкөлөрү жана Түркияда “террордук” деп таанылган, мурун “Аль-Каидага” байланышы болгон топ. Бул топтун бийликке келиши Израил үчүн жакшы болду, ал каалаган учурда Сириянын аймагына сокку ура алат жана азыр деле уруп жатат. Эми бул аракетин “булар радикалдык топтор, буга каршы күрөшүүбүз керек” деген түшүндүрмө менен актайт. Экинчи жагынан, бийликти алган топ Сирияны кайсы идеология менен башкарары да суроо бойдон турат. Себеби классикалык түшүнүк болуп калган “исламдык башкаруу” дегени радикалдык көз карашты камтыйт. Мисалы, “Аль-Каиданын”, “Ислам мамлекети” террордук топторунун көз карашы радикалдык идеологияга негизденет. Муну менен демократияны кармануу, ал өлкөдөгү жарандардын динине жана башка өзгөчөлүгүнө карабай бирдей мамиле кылуу мүмкүн эмес. Жаңы келген бийлик мындай радикалдык көз караштан алыстап, орток, плюралисттик түшүнүккө ыктайт деп ойлойм.
- Бийликке келген топ тууралуу учкай айтып калдыңыз. Анын башында турган Жуланинин бейнеси, анын өтмүшү жана саясий көз караштары тууралуу маалыматыңыз барбы?
- Мен да анын саясий багыты жана көз караштары тууралуу америкалык басылмаларга чыккан маалыматтар аркылуу гана кабардармын. Бир жагынан алганда, америкалык бийлик аны колго түшүрүү үчүн 10 миллион доллар сыйлык койсо, экинчи жагынан CNN басылмасына чыгарып жатышат. АКШ стратегиялык жактан кээде “террорист” көрсөтүп, айрым учурда баатырга айландырып жатат. Мындан улам АКШнын да өзүнүн көздөгөнү бар деген ой келет. Албетте, Сириянын келечеги үчүн оң баа бере турган көрүнүштөр бар. Бийликке келген Жуланинин азыркы өкмөттүн башчысы менен алмашуусу, мамлекеттик мекемелерге кол салбагыла деген чакырыгы, Алепподо христиандар менен диалог жүргүзгөнү оң жышаан. Ливияда болгон катачылыктар бул жакта кайталанбайт деп үмүт кылам.
- Сирияда бир нече диний мазхабдын, багыттын өкүлдөрү жана бөлөк динде болгон топтор да бар. Муну өзүңүз да белгилеп өттүңүз. Ушундай шартта баарын камтыган жана тең караган өкмөттү түзүүгө болобу?
- Бул ар жерде, ар дайым мүмкүн, негизгиси буга каалоо болушу керек. Көйгөй болгон жерлерде көз караш жана теориядагы катачылыктардан улам маселе тереңдей берет. Мисалы, сиз экөөбүз бири-бирибизди башка түшүнүктөгү, багыттагы адам деп ойлоп, тымызын иш жүргүзсөк, алдыда биргеликте аракет кылып, ынтымакта жашоо ыктымалдыгы азаят. Сириядагы жарандар жана топтор “бул өлкө биздики” деген көз карашта болуп, мурда жасалган кордуктар үчүн өч алууга ниеттенбей, диний же мазхабга карап бөлүнүү токтосо, күчтүү коом түптөлөт. Ушул жагдайдагы Ирактын тажрыйбасын карасак, Саддам Хусейн башкарып турган учурда ал жакта суннилердин басымдуулугу байкалчу. Кийин бул режим ураганда шиилер бийликке келип, алардан өч алышты. Ошентип, Ирак масхабчылыктан арыла алган жок. Эгер Сирияда дагы суннилер алавилерден өч ала турган болсо, бул өлкө алдыга кетпейт. Азыр Асаддын армиясында иштеген жарандарга кечирим жарыяланганы айтылып жатат. Бул жакшы көрүнүш.
- Бийликке келген топтун кайрылууларына караганда, өлкөнү башкарууда диндин таасири болору жана динге ыкталган саясат жүргүзүшөрү айтылууда. Бул кайра эле адам укугуна көлөкө түшүргөн тандоо болуп калбайбы? Сирияда авторитардык режимдин башкача формасы орноп калуу тобокелдиги канчалык?
- Бул алардын динди кандай түшүнгөнүнө байланышкан маселе. Эгер муну диний плюрализм, адеп-ахлак, изгилик катары кабыл алышса, анда маселе жок. Эгер мындагы түшүнүгү тар болуп, масхабчылык менен гана чектелсе, кыз-келиндер кысымга кабылса, азчылыктагы мусулмандардын башка мазхабдагы топторуна солгун мамиле кылса, бир халифа чыгып, ал өмүрүнүн соңуна чейин бийликте калат дей турган болсо, бул жерден дагы “Талибан” пайда болот жана мындай бийликтен эч жакшылык чыкпай турганы баарына маалым. Сирияда аял-эркек теңдигине, жарандарды саясий процесстерге катыштырган плюрализмге, диний топтордун ортосунда диалог жана сый-урмат мамилеге муктаждык бар. Булар эске алынганда гана күчтүү коом түптөлүп, Израил менен тирешүүдө да өз чегин коргой алышат.
Дагы караңыз "Сирияда калган баламды тирүү көрсөм дейм". Небересин күткөн эненин күйүтү- Сириядагы социалдык-экономикалык абал кандай? Жаңы келген бийликтин алдында кандай чакырыктар турат?
- Маалыматтарга караганда, Асаддын режими экономикалык кризиске белчесинен баткан эле. Наркотрафикти жүргүзүп, ошону менен киреше табууга аракет көрүп жүргөн жана Ирандан, Орусиядан материалдык көмөк алып турган. Азыр келген топтун эл аралык аренада колдоого ээ болушу кыйын, бул жагынан Түркиядан же Катардан көмөк сурашы мүмкүн. Мунай жана жаратылыш ресурстарын болушунча тезинен пайдаланып, каражат табуунун жолун издеши керек болот. Соода алаканы жандандыруу үчүн Латакия жана башка порт шаарлары, Дамаск менен Алеппо ортосундагы соода жолу да ачык болушу керек. Илимде “жемиштүү чөйрө” деген түшүнүк бар. Соода, экономика, демократия, тынчтык сыяктуу баалуулуктар бири-бирин пайда кылат. Тилекке каршы, Ливия, Ирак, Ооганстан сыяктуу өлкөлөрдө “жагымсыз чөйрө” делген зордук-зомбулук, авторитардык режим, эл аралык чыр-чатактар болуп келүүдө.
- Асад режиминин колдоочу өлкөлөрү катары Иран менен Орусия тууралуу сөз кылдык. Бийликке келген топ эми ким менен кызматташуусу мүмкүн? Азыр аларга ким көмөк көрсөтүүгө кызыкдар?
- Биринчи эле өнөктөшү Түркия болушу мүмкүн, анткени бул өлкөнүн чек арасынын көп бөлүгү Сирия менен чектешет. Сириялыктар буга чейин өткөн жарандык согуш жана башка чыр-чатактардан улам Иран жана “Хезболла” менен кызматташуудан карманат. Америка менен Израилдин Сирияга өтө жакын дос эмес экени маалым. Ал эми араб өлкөлөрүнөн кайсы бир деңгээлде колдоо болушу мүмкүн. Катардын Al Jazeera жана башка бир катар медиалары Сирияга жан тартып жатканына караганда, бул өлкө материалдык жардам көрсөтүүсү да ыктымал. Бирок жагдай оор. Анткени Орусиянын блогунан кол жуушту, АКШ да жакын дос көрбөй турат.
- Сириянын тегерегиндеги саясий, геосаясий процесстер башка өлкөлөргө кандай сабак болушу мүмкүн? Башкаруудагы фундаменталдык баалуулуктарды аныктоодо кайсы артыкчылыктар болушу керек?
- Эң маанилүүсү - адам өмүрү. Тилекке каршы, Израилдин соккуларынан 50 миңге жакын палестиндин өмүрү кыйылды, алардын көбү балдар жана аялдар. Орусиянын Украинадагы согушунда он миңдей адам набыт болду. Тилекке каршы, адамзат Экинчи дүйнөлүк согуштан алган сабагын унутуп койгондой. Кайра эле адам өмүрүн баалабаган, согушчул формага өтүп кеттик. Мындай кырдаалдан пайда көргөн топтор бар, мисалы, курал-жарак соодасын жүргүзгөндөр. Буга удаа эле ич ара согуштар, тирешүүлөр баарыбызга терс таасир этет. Мындан улам дүйнө адам өмүрүнө жана эл аралык укукту баалаган алкакка келүүсү баары үчүн пайдалуу болот.
- Дүйнөдөгү акыркы окуяларды алсак. Украинадагы, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдардын жүрүшүн эске алганда, муну авторитардык режимдердин артка чегинүүсү катары кароого болобу?
- Ансыз деле Иран чоң жеңилүүгө дуушар болду. Алардын президенти тик учак кырсыгында каза болуп, ордуна реформачыл башчы келип, революциячыл топтор арасында пикир келишпестиктер бар. Ошондой эле бул өлкөдө бийлик-диний аалымдар альянсын түзүшү жана дин өкүлдөрүнүн бийликке баш ийип калганы эл арасында терс кабыл алынып жүрөт. Жарандар мындай режимге каршы болсо да, бийлик күч менен өзүнүн таасирин сактап келатат. Орусия соңку окуядан улам өзүнүн соодалаша турган күчүн жоготту. Украина маселесинде Орусия Сирияны кошо соодалашууга аралаштырат деп ойлогом. Эми Украина боюнча сүйлөшүүлөрдө Орусия “ушул талаптарды аткарсаңар, Сирияда артка чегинем же толугу менен чыгам” дей турган мүмкүнчүлүгүнөн кол жууду, ал Сирияны толугу менен жоготту.
- Соңку окуялардан улам авторитардык режимдер артка чегинди десе болобу?
- Бир жагынан, бир мамлекеттеги диктатордук режим урады. Бирок берки тарапты карасак, бүткүл дүйнөдө демократия кризисте. АКШдагы шайлоодо Дональд Трамптын жеңишинен кийин бир топ адамдар сарсанаа болуп жатат. Европада ашынган оңчулдардын таасири артып жатат. Европанын бир катар өлкөлөрүндө улуттук жана диний иденттүүлүккө карап бөлгөн жана иммигранттарга каршы саясат кулачын жаюуда. Мындай жагдайда ансыз деле Орусияда, Кытайда демократия жок, мындан улам демократия дүйнөдө кризиске кептелди деп жатабыз. Ошондуктан Асад сыяктуу диктатордун режими ураганы бизди кубантканы менен, Сирияда жана дүйнөнүн башка аймактарында көптөгөн чакырыктар кала берүүдө.