Эски-жаңы партиялар шаардык мандатты талашат

Кыргызстандагы шайлоолордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Беш шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга 22 партия арыз берди. Алардын азы гана бардык жерде жарышка түшсө, айрымдары эки-үчтөн, айрымдары бирден гана калаада ат салышмакчы.

Партиялардын ичинде эскилер да, жаңылар да бар, анча-мынчасы аталышын өзгөрткөндөй. Адистер жергиликтүү деңгээлдеги шайлоо парламенттик шайлоого даярдык экенин айтып жатышат.

22 партиянын баяны

Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерин шайлоого арыздарды кабыл алуу 2-мартта аяктады. Бишкектеги атайын жыйында Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жарышка түшкөн партиялардын санын жарыялады.

Нуржан Шайлдабекова.

Жалпы маалыматты БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова угузду.

«Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууга жалпы 22 партия арыз берди. Анын ичинен төрт партия бардык беш шаардын, төрт партия үч шаардын кеңешине катышмай болду. Дагы төрт партия эки шаарга, 10 партия бир шаарга арыз берип, талапкерлерин сунуш кылды. Азыр кайсы партиялар мурдагы шайлоого канча жолу катышканын же катышпаганын тактап жатабыз», - деди Шайлдабекова.

Эгер шаарларга карата бөлсөк, эң көп партия Караколдо жарышчудай. Мында старт алчулар жалпы жонунан 14 партия. Алар «Кыргызстандын жашылдар партиясы», «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Биримдик», «Кыргызстан», КЛДП, «Улуу Журт», «Замандаш», «Бирик», «Табылга», «Мекен Ынтымагы», «Ак шумкар», «Улуу Кыргызстан», «Республика» партиялары.

Каракол шаардык кеңешине ат салыша турган партиялар.

Ал эми Балыкчы шаардык кеңешине мандат талашта «Табылга», «Мекеним Кыргызстан», «Замандаш», «Улуу Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Биримдик», «Кыргызстан», «Ата Журт», «Эмгек», «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы» партиялары күч сынашат.

Токмокто болсо «Биримдик», «Эл биримдиги», «Эмгек», «Ата Мекен», «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Ооганстан согушунун ардагерлеринин жана башка жергиликтүү чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы», «Кыргызстан», КЛДП партиялары шайлоого катышат.

Майлуу-Суу калаасында «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Замандаш», «Элмурас», «Мекеним Кыргызстан», «Ата Мекен», «Биримдик», партиялары жарышат.

Ошто КЛДП, «Өнүгүү-Прогресс», «Биримдик», «Кыргызстан», «Улуу Журт», «Эмгек», «Бирик», «Мекеним Кыргызстан», «Бир Бол» партиялары бар.

Ош шаардык кеңешине ат салыша турган партиялар.

Өзүңүз көргөндөй, узун тизменин ичинде белгилүүлөрү да бар, жаңыдан чыккан же регионалдык деңгээлде гана таанылгандары да жок эмес.

Журналист жана жарандык активист Семетей Талас уулу партияларды мындан да башкачараак классификациялады.

Семетей Талас уулу.

«Мен бийликчил же бийликчил эмес деп бөлөт элем. Маселен, «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» же «Улуу Журт» сыяктуу партияларды бийликчил деп атаса болчудай. Алар бийлик менен тыгыз иштешип жатат, жер-жерлерде губернатор, акимдер, мэрлер да ушуларга иштеп берет. Буларга акча да көп бөлүнүп жатат. Андан сырткары жаңы чыккандарынын арасында олигархтар, же кайсы бир байлар каржылаган партиялар бар. Ошондой эле күчүн же бактысын сынайм деп чыгып алгандары жок эмес. Жергиликтүү кеңештерде мурдатан беш-алтыдан мандат алып жүргөн партиялар да бар. Алар ошол эле жердеги позициясын бекемдеш үчүн шайлоого кайра чыгышты. Партиялар бул шайлоону парламенттик шайлоого даярдык катары көрүп жатышат»,- деди ал.

Бийликчилби же бийликчил эмеспи?

Беш шаардык кеңеште жалпы 169 мандат болсо, партиялар буга 3108 талапкерди көрсөтүштү. Анын 1886сы эркек болсо, 1222си аял. Эми эл өкүлү болгусу келгендерди документтери он күндөй текшерилет. Ошондон өткөнү тизмеде калат жана кагаздары туура чыккан партия жарышка уруксат алат.

Тизме ачыкка чыга элек болгондуктан азыр биз талапкерлерди талдай албайбыз. Ошол себептүү партияларды азырынча лидерлери, же башында турган талапкерлери менен гана баалоого аргасызбыз.

Мисалы, КЛДП партиясы курултайында депутат Жанар Акаевди жана эксперт Сейтек Качкынбайды, экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакировду шайлады. «Биримдик» партиясы болсо депутат Марат Аманкуловдун лидерлигинин алдында КСДП партиясынын бир катар депутаттарын өзүнө имерип алды.

Юстиция министрлигинин реестринде «Мекеним Кыргызстандын» төрагасы катары Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Ильичбек Эргешов көрсөтүлсө, «Улуу Журт» партиясында жетекчи катары активист Анарбек Катаганов катталган.

Бирок «Улуу Журттун» лидери катары мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаев саналат. Малабаев өзү партияны бийликке ыктайт деген сөздөрдү четке какты.

Аргынбек Малабаев.

«Бийлик менен алака-катышыбыз жок. Тизмебизде саясаттагы таанымал адамдарыбыз жок, негизгиси жаштар. Легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкуловду рухий лидер катары алып чыгып жатабыз, лидери мен. Башка партияларды «бийликтики экен, тигил саясатчы артында турат экен» деп ачык айтып атышпайбы. Кыргызстан кичинекей эле, кимдин артында ким турганын баары эле билет да. Биздин партия өзүбүз чыгып жатабыз. Биз бийликчил эмеспиз»,- деди Аргынбек Малабаев.

«Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан», «Замандаш» партияларынын лидерлери көпчүлүккө маалым. «Замандаштан» башкасынын парламентте депутаттары да бар. Бирок Жогорку Кеңеште мандаты бар, башка белгилүү партия КСДП – Кыргызстан социал-демократтар партиясы быйыл жергиликтүү кеңештерге өзүнүн атынан барбай калды. Бул андагы кризис менен байланыштуу. Тагыраагы, партиянын бир жааты Сагынбек Абдрахмановго, экинчи тарабы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге бөлүнүп кеткен.

Балыкчы шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан «Социал-демократтар» партиясы КСДПга тиешеси жоктугун билдирүүдө. Партиянын реестрде катталган жетекчиси Жыргалбек Ишенов «Азаттыкка» кыскача кеп курду.

«Биз КСДП менен байланышыбыз жок. Биз өзүбүзчө партиябыз. Байланышыбыз болуп калышы мүмкүн, бирок азырынча тиешебиз жок. Менин принциптерим башка»,-деди.

Деген менен юстиция мекемеси КСДПга төрага катары каттаган Сагынбек Абдрахманов «Социал-демократтар» партиясын мурдагы президенттердин тарапташтары түзүп чыкканын айтууда. Ал ошондой эле өздөрү эмне үчүн жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышпай калгандарына да түшүндүрмө берди.

Сагынбек Абдрахманов.

«Атамбаевчилер башка партиянын атын өзгөртүп, 26-декабрда «Социал-демократтар» деп каттоодон өткөрүшүптүр. Түздөн-түз Атамбаевге тиешелүү, анткени анын айланасында жүргөн бир нече киши партияны каттоого аралашкан. Тагыраак кийин ачыкка чыгарышса керек. Биз КСДП катары шаардык кеңешке катышайын десек, биздин партиядагы депутаттар, мэр-губернаторлор «КСДПдан эмеспиз» деп жатышат. КСДПнын парламенттеги депутаттары, жергиликтүү кеңештердеги депутаттары «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» партияларына кире качышты. Ошого биз өзүбүзчө чыга албай калдык. Эми парламенттик шайлоону карап көрөбүз», - деди Сагынбек Абдрахманов.

Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештерине шайлоо 12-апрелде өтөт. Бул күнү мындан сырткары Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин депутаттары да шайланат.

Үгүт өнөктүгү шаардык кеңештерге 13-мартта, айылдык кеңештерге 23-мартта башталат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​