Сербия: президент менен оппозициянын тиреши

Кармалган демонстранттардын биринин апасы экенин айткан аял Белграддагы полиция имаратынын алдында турат, 17-март, 2019-жыл.

Сербияда оппозициянын соңку жүрүштөрүнөн кийин президент Александр Вучич өлкөдө тартипти коргоого убада берди. 16-мартта Вучичтин бийликтен кетишин талап кылган оппозициячыл топ мамлекеттик телеканалды ээлеп алып, өздөрүнүн пикирин элге жеткирүүнү талап кылышкан.

Жекшемби күнү Александр Вучич Белграддагы президенттик сарайдан сүйлөп жатканда сыртта миңдеген демонстранттар анын бийликтен кетишин талап кылып турушту.

Митингчилер "Анын күнү бүттү!" деп кыйкырып жатышты. Дал ушул ураан 2000-жылдын октябрь айында ал учурдагы серб президенти, маркум Слободан Милошевичти бийликтен кетирген элдик толкундоолордо колдонулган эле.

Вучич президенттик имаратта өткөргөн маалымат жыйынында митингчилерден коркпой турганын айтып, аларды "фашисттер", "бейбаштар" жана "уурулар" деп атады:

Серб президенти Александр Вучич.

- Сербия зордук-зомбулук менен коштолгон коркутууларга жол бербейт. Бейбаштык, зомбулук жана адамдарга кол салуу менен саясий максатка жетем дегендер жаңылышат. Мен "фашист" лидер Бошко Обрадович менен сүйлөшкүм келбейт. Силер көргөндөй, өз өмүрүмө коркунуч жаралып жатса да сүйлөшпөйм. Себеби мен коркпойм.

Президент Вучич президенттик сарайдын алдында миңге жетпеген гана адам чогулганын, алар имаратка кирип келсе өзү күтүп тураарын, саналуу адам өлкөнүн тагдырын чече албастыгын кошумчалады.

Вучич сүйлөп жатканда демонстранттар президенттик имаратты курчап алууга аракет кылышты. Бирок полиция аларга каршы көздөн жаш чыгаруучу газ колдонуп, бир нече демонстрантты кармаганы белгилүү болду.

Митингчилердин көбү тарап кеткенден кийин Александр Вучич президенттик сарайдан чыгып кеткени кабарланды.

Президенттик сарайдын алдына чогулгандар, Белград, 17-март 2019-жыл.

Демонстранттардын бир бөлүгү Сербиянын баш калаасындагы башкы полиция бекетинин алдына келишип, бийликти бир күн мурда RTS телеканалында кармалган активисттерди бошотууга үндөштү.

Ишемби күнү ондогон демонстранттар мамлекеттик телеканалдын имаратына кирип келишип, айрым оппозиция лидери өздөрүнө эфирден убакыт беришин талап кылышкан. Телеканалга басып киргендердин арасында 30га чукул партия жана кыймылдардын өкүлдөрү бар эле. Бирок көп өтпөй полиция аларды имараттан күч менен сүйрөп чыгарган.

Оппозициянын өкүлү, ашкере-оңчул "Двери" партиясынын жетекчиси Бошко Обрадович бийликке каршы жүрүштөр токтобой турганын айтты:

Оппозициянын лидерлеринин бири Бошко Обрадович.

- Биз артка кайтпайбыз. Александр Вучичтин, премьер-министр Ана Брнабичтин, спикер Мая Гойковичтин, мамлекеттик телеканалдын башчысы Драган Буйошевичтин кызматтан кетишин талап кылабыз. Биз шайлоо эркин болушун, өнөктүккө чейинки 6-9 айда медиага эркиндик берилишин каалайбыз.

Сербияда мындай акциялар дээрлик 14 жумадан бери токтобой келет. Апта сайын өтүп туруучу мындай акцияларга ноябрь айында белгисиз адамдар оппозициячыл саясатчыны сабап кеткени себеп болгон.

Митингчилер Вучичти "демократиялык эркиндикти чектеп, саясий каршылаштарына кысым көрсөтүп, медиа каражаттарына көзөмөлүн орнотту" деп айыптап жатышат. Вучич мындай дооматтарды бир нече жолу четке каккан.

Кезинде улутчул саясатчы катары таанылган Вучич соңку жылдары өзүн Евробиримдикти жактаган, ошол эле учурда Орусия менен жакшы мамилени сактап калгысы келген саясатчы катары көрсөтүп келет.

Сербияда кийинки парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт деп белгиленген.

Полиция мамлекеттик телеканалга кирип алган демонстранттарды күчтөп чыгарып жатат, Белград, 16-март, 2019-жыл.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.