Саммитте Еврошаркетке мүчө болууга умтулуп жаткан Сербия, Босния, Черногория, Косово, Македония жана Албаниянын маселеси козголду. Европа Биримдигинин лидерлери Балкан мамлекеттерин ага мүчө болуудагы шарттардын бири - реформаларды улантууга чакырды.
Болгариянын борбору София шаарындагы саммит алдында Европа Кеңешинин президенти Дональд Туск уюм аймакты өнүктүрүү үчүн Балкан өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык көйгөйүн чечүүгө көмөктөшөрүн убада кылды.
- Бул европалык перспектива Батыш Балкан үчүн геосаясий тандоо бойдон каларын бекемдейт. Биз узак перспективадан тышкары, учурда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу да кам көрөрүбүздү далилдешибиз керек.
“Европа Биримдиги жалпы аймактын туруктуулугу жана андагы элдин өнүгүшүнө кам көргөн жалгыз өнөктөш” деген Туск уюм аймакты "геосаясий шахмат оюнунда пешка катары көрбөйт" деп белгиледи.
Учурда Европа Биримдигин айрым балкан өлкөлөрүнүн Кремл менен жакын мамилеси жана Кытайдын аймакка инвестиция салуу менен таасирин күчөтүп жатканы санааркатат.
2004-жылы Европа Биримдигине Чыгыш Европадагы 10 мамлекет мүчө болуу ниетин билдирген. Болгария менен Румыния 2007-жылы мүчө болсо, акыркы болуп 2013-жылы Хорватия кирген.
Польша менен Венгрия Евробиримдиктин фондунан ондогон миллиард евро алып, өздөрүнүн инфраструктурасын жакшыртып, экономикасын көтөргөн. Бирок акыркы жылдары биримдиктин башкы принциптерине төп келбеген саясатка барып жатканы үчүн сынга кабылып келет.
Бул өлкөлөргө "акыркы жылдары биримдиктин качкындар боюнча саясатына каршы чыгып, сот системасынын көз карандысыздыгына жана маалымат каражаттарынын эркиндигине чабуул жасаган" деген доомат күч.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жараяны тууралуу пессимисттик пикирин билдирди:
- Дайыма аны кеңейтүү тууралуу ойлогонубуз менен, акыркы 15 жылдагы баскан жолубуз Европаны алдан тайдырганын көрүп жатабыз.
Европа Биримдигинин айрым мүчөлөрү анын кеңейишине, жаңы мүчөлөрдүн кошулушуна ар кандай себептерден улам каршы чыгып келет.
Маселен, беш мамлекет – Испания, Словакия, Кипр, Румыния жана Греция 2008-жылы эгемендигин жарыялаган Косовонун көз карандылыгын тааныган эмес.
Греция тарыхый карама-каршылыктан улам Македония аталышын өзгөртүшү керек деп талап кылып келет. Софиядагы саммитте бул эки өлкөнүн лидерлери аталган маселени талкуулап, уюмдун кийинки жолугушуусуна келишимдин долбоорун алып чыкмай болушту.
Мындан тышкары Косово менен Сербиянын өз ара талашын жоюу да алардын уюмга мүчө болууда алдына коюлган шарттардын бири.
Саммитти өткөрүп жаткан Болгариянын өкмөт башчысы Бойко Борисов бул эки мамлекетти өткөн айда да ынтымакка чакырган:
- Эки Косово болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан мен өз досторумду – Сербиянын президенти Вучич менен Косовонун президенти Тачини кызматташууга чакырам. Биз бүгүн эки Корея өлкөсү мындай маселени чечкенин көрүп жатабыз.
Европа Биримдигине учурда 28 мамлекет мүчө. Балкан өлкөлөрүнүн ичинен Сербия менен Черногория 2025-жылга чейин Еврошаркетке кирип калышы ыктымал.
- Мен Европа Комиссиясынын Сербия менен Черногория 2025-жылга чейин уюмдун толук укуктуу мүчөсү болот деген сунушка макулмун. Албетте биз өз эрежелерибизди бузбашыбыз керек. Бул жылдары бизге көп иш жасоо зарыл. Биз эрежелерди, сөз эркиндигин, ачык-айкындуулукту, мыйзам үстөмдүгүн сактоого тийишпиз, - деди Европарламенттин спикери Антонио Таяни Биримдикке мүчө болом деген мамлекеттердин алдына коюлган шарттар тууралуу дагы бир жолу эскертип.