Косово күнкорсуздуктун дагы бир атрибутуна жетти

Косовонун жана Евробиримдиктин байрагын көтөргөн косоволук албандар. Приштинанын жанында. 16-апрель, 2014-жыл

Сербия жана Косово өз ара мамилени ырааттуу нукка салууну көздөй дагы бир кадам жасашты.

25-августта макулдашылган келишимге ылайык, Косовонун түндүгүндөгү серб коомунун саясый-экономикалык укуктары кеңейтет жана Косоводо өзүнүн эл аралык телефон коду болот. Брюсселдеги сүйлөшүүнүн жыйынтыгын Евробиримдиктин Тышкы иштер комиссары Федерики Могерини эки арадагы “мамилени нормалдаштыруу жараянындагы тарыхый жетишкендик” деп атады.

Сербия жана Косовонун өкмөт башчылары Александр Вучич жана Иса Мустафа Брюсселде төрт тармак боюнча келишимди макулдашты.

1. Косовонун түндүгүн эзелтен байырлаган серб жамааттары экономикага жана билим берүүгө тийиштүү кээ бир маселелерин өз алдынча чечкенге мүмкүндүк алат. Бул иштерди Приштинага удаа Белград да каржылайт;

2. Косовска-Митровица шаары аркылуу аккан Ибар дарыясындагы көпүрөдөгү сербдер орноткон тосмолор алынып салынат. Бул көпүрө шаардын серб калктуу түндүгү менен албандар жашаган түштүгүн экиге бөлүп турат;

3. Сербиянын улуттук энергокомпаниясы Косовонун түндүк өңүрүндөгү серб мунципалитеттерин электр кубаты менен камсыздоо үчүн жаңы эки ширкет түзөт.

4. Косово өзүнүн эл аралык телефон кодуна ээ болот.

Келишимдин акыркы төртүнчү пунктунун чоң саясый мааниси бар. Сербия 2008-жылы Косово өзүн күнкорсуз республика деп жарыялагандан бери мурдагы провинциясынын эгемендигин тааныбай жүрөт. Ага карабай, Косовонун өз телефон коду болгонуна макулдук берүүсү Белграддын саясый реалдуулукту мойнуна алганын күбөлөйт.

Евробиримдиктин арачылыгы менен макулдашылган келишимге Сербиянын жана Косовонун лидерлери эки башка баа беришти. 25-августтагы маалымат жыйынында премьер-министр Александр Вучич келишимди “уникалдуу” деп мүнөздөдү:

- Менде Косовонун серб эли үчүн уникалдуу кабарым бар: Сиздер коркпоңуздар. Биз Косовонун бийликтери менен түзгөн ыңгайлуу келишим Косоводогу сербрдердин коопсуздугуна толук кепилдик бергенге катар алар үчүн жумуш орундарын сактайт. Биз кеңири укуктуу серб муниципалитеттеринин бирикмеси жөнүндө макулдаштык. Бирикменин өз президенти, вице-президенти, ассамблеясы, кеңеши, герби жана желеги болот. Бирикме саламаттыкты сактоо, билим берүү, шаар-кыштактарды пландоо, экономикалык өнүгүү сыяктуу тармактарда өзүнчө юрисдикцияга ээ болот. Ошондой эле Серб мунициапалиттеринин бирикмеси Сербиядан да каржыланат.

Ал эми Косово Республикасынын премьер-министри Иса Мустафа журналисттер менен бөлөк жолугуп, “анча маанилүү келишим түзүлдү” деп, анын негизги жоболорун кайталап тим болду.

Алдагы келишимди Евробиримдиктин Тышкы иштер комиссары Федерики Могерининин сөзүнө караганда, “келишим адамдарга пайдалуу“ жана “эки жакка өздөрү тандаган Европа жолу менен алга жүрүүгө мүмкүндүк берет”.

АКШ Сербия жана Косовонун жетекчилигинин эки арадагы мамилени нормалдаштыруу боюнча макулдашуусун оң баалады. “Энергетика, телекоммуникация, серб муниципалитеттеринин коомун түзүү жана Митровицадагы көпүрөдөн эркин каттоо боюнча шейшемби күнү жетишилген келишим эки өлкөнүн элинин жашоосун жакшыртат” деп айтылат Мамдепартаменттин билдирүүсүндө.

Косоводо 1, 9 миллиондой эл жашайт. Алардын 90 % жакыны этностук албандар. Аймак 1998-99-жылдардагы Югославия Федеративдүү Республикасынын аскерлери менен косоволук козголоңчулар ортосундагы согуштан кийин эл аралык башкарууда болгон. Аймактагы согуш НАТОнун 11 жумага созулган авиачабуулдарынын натыйжасында Сербиянын аскерлери Косоводон чыгып кеткен соң токтогон.

2008-жылы Косово өзүн эгемен өлкө деп жарыялаган. Сербия Косовонун төбөлсүздүгүн тааныбаса да Евробиримдикке мүчө болуп өтүү максатында 2011-жылы Косово менен мамиле түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаган. Эки жылдан кийин 2013-жылы Биримдиктин арачылыгы астында Белград-Приштина алакасын жөнгө салуу боюнча алгачкы келишим түзүлөт.

Бүгүнгө чейин Косовонун төбөлсүздүгүн 90дон ашык мамлекет, анын ичинде АКШ жана Евробиримдикке мүчө көпчүлүк өлкөлөр таанышкан.