Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:45

Албан премьеринин билдирүүсү сербдерге жакпады


Албан премьери Эди Рама менен Сербиянын өкмөт башчысы Александр Вучич. 10-ноябрь.
Албан премьери Эди Рама менен Сербиянын өкмөт башчысы Александр Вучич. 10-ноябрь.

Дүйшөмбү күнү Албаниянын премьер-министри Эди Рама Сербияга тарыхый визит жасады. Бул Албаниянын жогорку даражадагы жетекчисинин коңшу Сербияга соңку 68 жылда биринчи барышы. Визит эки өкмөт башчынын кайым айтышуусу менен коштолду.

Белграддагы басма сөз жыйынында сүйлөп жатып, Эди Рама Сербияны калкынын көбүн албандар түзгөн Косовонун эгемендигин таанууга чакырып, “силер канчалык тез таанысаңар, биз ошончолук алдыга тез жыла алабыз” деп белгиледи.

- Биздин Косово боюнча позициябыз таптакыр эки башка. Бул өзгөрүүсүз кала берет. Косовонун көз карандысыздыгын 100дөн ашуун өлкө, ошол эле Эл аралык сот тааныган. Бул Европа аймагындагы чындык экени айныксыз.

Буга чейин албан премьеринин сапарын “тарыхтын жаңы барагы” катары баалаган Сербиянын премьери Александр Вучич албан коллегасынын сөзүн “чагым” деп атады. Ал Сербия мурдагы провинциясынын көз карандысыздыгын эч убакта тааныбай турганын айтты.

Журналисттердин алдында эки өкмөт башчы Косово жана улуттук азчылыктар туурасында кайым айтышканга чейин барышты.

- Мен айтып коюшум керек, албан премьер-министри чагымчыл билдирүүнү жана Косово тууралуу сөз козгорун күткөн эмесмин. Мен Сербияны кемсинтүүгө эч кимге уруксат бербейм. Косово жана Метохия биздин Конституцияга ылайык Сербиянын бир бөлүгү. Ал Албанияга эч кандай тиешеси болгон эмес жана болбойт.

Албан премьер-министри Раманын сөзүнө Сербия премьеринин реакция кылганы маалымат жыйындын катышуучуларын таң калтырып, ошол эле маалда кызыгуусун арттырды. Анткени залда отургандардын көбүнө синхрондук котормо уюштурулган эмес эле. Маалымат жыйынды түз эфирде көрсөтүп жаткан Сербиянын телерадио корпорациясы бул “техникалык оңтойсуздук" үчүн кечирим сурады.

Албаниянын премьер-министринин бул визити коңшу Сербияга акыркы 68 жылда жогорку даражадагы албан жетекчилигинин алгачкы сапары болду. Эки өлкө жетекчилеринин ушундай деңгээлдеги жолугушуусу 1946-жылы Белградда өткөн. Ушул эле шаарда өткөн маалымат жыйын соңунда эки премьер-министр кол алышпастан тарады. Ошол эле кезде Александр Вучич бул сапардын алкагында Сербия жана Албания жарандарынын ээн-эркин жүрүүсү үчүн документке кол коюу мерчемделгенин кошумчалады. Анын белгилешинче, бул документ албандар басымдуулук кылган өрөөндүн тургундарына өтө маанилүү болмок.

Өкмөт башчылардын деңгээлиндеги визит адегенде өткөн айга мерчемделген эле. Бирок Албания менен Сербия курамаларынын футбол мелдеши кыянатчылыктар менен коштолгон соң кийинкиге калтырылган. Серб чиновниктери мелдеш маалындагы башаламандыкты Раманын бир тууганы, Олси Рама уюштурган деп күнөөлөсө, албан премьердин иниси муну танган эле.

Албания менен Сербия Европа биримдигине мүчөлүккө талапкер өлкөлөр. Бирок биримдикке кирерден мурда эки коңшу аймактагы чыңалууну, өзгөчө Косовонун тегерегиндеги маселени чечип, тынчтык макулдашууга келүүсү керек.

Серб эксперттери болсо түз эфирде жолугушуунун расмий күн тартибине кирбеген суроону козгоп, дипломатиялык протоколду бузду деп Албаниянын өкмөт башчысын күнөөлөп жатышат.

Косово көз карандысыз өлкө экенин 2008-жылы жарыялаган. Бирок Сербия анын эгемендигин тааныбай келет.

XS
SM
MD
LG