Саляновдун өлүмү: көз жаздымда калган саясий өңүт

Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда үйүнөн атып кетишкен.

5-ноябрда Бишкек шаардык соту мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Бул ишке байланыштуу айыпталуучулар Асанэмир Абыкулов 15, Эрмек Осмонкулов 18 жылга кесилген. Саляновдун өлүмү боюнча шектүүлөрдүн дагы бири Заур Насруллаев Москвада кармалган. Ал Орусиянын жараны болгондуктан Кыргызстанга өткөрүлүп бериле элек.

Аида Салянова тергөөнүн жүрүшүндө бир нече суроого жооп табылбай, инисин өлтүрүүгө буйрук бергендер жазаланбай калганын билдирүүдө.

Оштогу карактоо

Улан Саляновдун өлүмүн Оштогу карактоодон бөлүп кароо мүмкүн эмес. Анткени, 2017-жылы 6-ноябрда Улан Саляновго ок атылган “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча август айында Оштогу карактоо учурунда дагы колдонулган.

2017-жылы 30-августта Ош шаарындагы кыш чыгара турган ишкананын ээси тонолгон. Ишкер Момун Маматеминов менен анын жубайы Шазада Тажибаева кетип бара жаткан машинени беш адамдан турган кылмыштуу топ токтотуп, колу-бутун байлап талаага алып барышкан. Ал жерден кылмышкерлер Момун Маматеминовду тапанча менен коркутуп, аялын жана өзүн сабап, 494 миң сомун тартып алышкан.

Дагы караңыз Саляновдун өлүмүндөгү шектүү жагдайлар

Каргашалуу күндү Шазада Тажибаева мындай эскерет:

“Милицияга арыз жаза турган болсок, биротоло жок кыла турганын айтып жатышты. Бизди эки-үч саат кыйнашты. Андан кийин банк картабыздын сыр сөзүн кыйнап айттырып, андагы акчаны барып чечип келишти. Акчаны алгандан кийин бизди талаага таштап кетти. Колу-бутубузду чечкен жок. Жолдошум эптеп колун чечип, андан кийин мени бошотту. Экөөбүз жол тосуп үйгө бардык. Андан кийин милицияга кайрылдык”.

Милиция Оштогу ишкерди карактап кеткен беш адамдын төртөөнү кармап, кылмыштуу топтун башында турган жаранды издеп жатканын билдирген. Жабырлануучу Шазада Тажибаеванын айтымында, качып жүргөн адам карактоо учурунда кылмыштуу топту башкарып турган жана тапанча колунда болгон. Ошол учурда милиция анын аты-жөнү Эрмек Осмонкулов экенин айткан эле.

“Эмнегедир милиция Эрмек Осмонкуловду аябай кеч издөөгө алышты. Калп эле издеп жатабыз деп жүрүшкөн. Мындан улам аны кармоого кызыкдар болгон эмес деген ой жаралат. Антпесе кылмышкерлердин үчөөнү кармап, алардын анабашын эмнеге издешкен эмес?”, - деди карактоого кабылган Шазада Тажибаева.

30-августта Ош шаарынан ишкерлерди карактаган Эрмек Осмонкулов 6-декабрда гана издөөгө алынган. Муну Ош шаардык милициясынын токтому далилдеп турат.

Милиция 30-августта Ош шаарындагы карактоого катышкан Эрмек Осмонкуловду 6-декабрда издөөгө алган. Ал эми Салянов 6-ноябрда өлтүрүлгөн.

Ал эми Улан Салянов 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнөн атылып жатат. Ага эки жолу Эрмек Осмонкулов ок чыгарган. Оор жараат алган Салянов ооруканадан үзүлгөн. Маркумдун бир тууганы, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова милиция Осмонкуловду атайын издеген эмес деген ойдо.

Аида Салянова

“Бул иште көңүл бура турган бир жагдай бар . Тергөөдө немис улутундагы Олег Тярт деген күбө өткөн. Ал Эрмек Осмонкулов инимди өлтүргөнгө чейин жолугуп “бирөөнү өлтүрүп берсем, мага чоң кызматтагы адамдар Оштогу карактоо боюнча жардам берет” деп айтканын эстеген. Менимче, Осмонкуловдун кармалбай жүргөнү, менин инимди өлтүргөндөн кийин гана издөөгө алынышы жөн жерден эмес. Ага чоң кызматтагы адамдар жардам берген болушу мүмкүн”.

Эрмек Осмонкулов 28-декабрда кармалып, анын жанынан Салянов атылган “Макаров” тапанчасы 17 огу менен табылган. Ал Оштогу карактоого катышып, кийин Улан Саляновго ок чыгарган учурда Ново-Павловка айылындагы жатак абагында жазасын өтөп жүргөн.

Күбө Олег Тярттын көрсөтмөсү.

Тергөөдө териштирилбей калган жагдайлар

Улан Саляновду өлтүргөн жарандардын дагы бири - Асанэмир Абыкулов. Ал 2018-жылы январь айында Москва шаарынан кармалып, 2019-жылы 24-майда Бишкекке жеткирилген. Ал жаңы кармалганда ортого түшкөнүнө карабай Эрмек Осмонкулов анын көз алдында Улан Саляновду атып салганын айтып берген. Кийин кылмыш болгон жерге таанышы Эрмек Осмонкуловдун чакыруусу менен барганын, бирок ок атылган учурда машинеде отурганын билдирген.

Мындан тышкары Абыкулов соттун жүрүшүндө 2017-жылы Улан Салянов өлтүрүлгөнгө чейин "Аида Салянованы каралап бер" деп кайсы бир адамдар кайрылганын билдирген. Бул боюнча Аида Салянова мындай деди:

“Иш райондук сотто каралып жаткан учурда Асанэмир Абыкулов “мени УКМК колдонгон” деген көрсөтмө берген. Анын айтымында, атайын кызмат Осмонкуловду коркутуп мени каралаткан. Мындан тышкары Абыкуловдун камакта жаткан апасына, жакындарына көйгөй жарала турганын айтышкан экен. Ошол учурда чындап эле менин дарегиме ар кандай сын айтылып турган. Анткени, ошол маалдагы бийликтин саясатына каршы чыга баштаган депутаттардын бири болчумун”.

Улан Салянов өлтүрүлгөнгө чейин Асанэмир Абыкуловдун апасы Чынара Турушбекова “Алдамчылык” беренеси менен айыпталып, бир нече жолу камакка алынган. Анын Сокулук районундагы айыл чарба багытындагы жер тилкелерин сатууда жарандарды алдаганы айтылат.

Чынара Турушбековага кылмыш иши козголгон учурда анын уулу Асанэмир Абыкулов бир нече ирет маалымат жыйын куруп, Башкы прокуратура кызматкерлерин айыптаган. Ал 2015-жылы июнь айында “Акипресс” маалымат агенттигинен мындай деп айткан:

Асанэмир Абыкулов

“2012-жылы Башкы прокуратуранын алдында тергөө тобу түзүлүп, аны Нурлан Сулайманов жетектеп калат. Алар Сокулук районундагы 26 адамга берилип кеткен 440 гектар жердин тагдырын иликтемек болгон. Анын 60 гектарын биздин үй-бүлө сатып алган. Бирок прокуратура кызматкерлери менин апамды суракка чакырып, жерге таандык документтерди алып алган. Кийин ошол документтердин негизинде жерди ар кимге сата баштаган”.

Асанэмир Абыкулов Башкы прокуратураны айыптап жаткан учурда мекемени Аида Салянова башкарып турган (2011-2015). Алар прокурор Нурлан Сулайманов Аида Салянова менен жакшы мамиледе болгонуна да басым жасашкан. Абыкулов айтып жаткан айыл чарба багытындагы жерге 2010-жылдан кийин үйлөр салынып, азыр "Ак-Ордо 3" деп аталган жаңы конуш пайда болду. Ново-Павловка айылындагы жер тилкелерди сатуу боюнча Абыкулов өзү дагы айыпталып, кийин амнистия аркылуу эркиндикке чыгып кеткен.

Аида Салянова бул жерде шектүү жагдайлар көп экенин айтып жатат:

“Мен эмнеге “бийлик кылмышкерлер менен кызматташкан” деп жатам. Абыкуловго байланыштуу материалдар менен тааныштым. “Алдамчылык” фактысы боюнча айыпталган Асанэмир Абыкуловго амнистия жарыяланган. Бирок бул мыйзамсыз болгон. Себеби, Абыкулов алгачкы жолу кармалып же чыгымдардын ордун толуктап берген эмес. Ошол учурда кызматташуунун шарттары ушундай болгон деп ойлойм. Ушул окуялардан кийин бул иште саясат жок деп айтыш мүмкүн эмес”.

Асанэмир Абыкулов соттук териштирүү учурунда Улан Саляновдун өлүмүнө тиешеси жок экенин жүйө келтирип, соттон актоону суранган. Бирок анын өтүнүчү негизсиз экени, тергөөнүн жүрүшүндө күнөөсү далилденгени айтылган.

15 жылга соттолгон Абыкуловдун жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев айыпталуучуну мындай деп актады:

Кубанычбек Ташбалтаев

"Менин көз карашымда соттун өкүмү чийки болуп калды. Анткени иштеги көп жагдайлар иликтенбей калды. Жабырлануучу тарап айтып жаткан иштин саясий өңүтү да каралбай калды. Ал эми Абыкулов азыркыга чейин күнөөсүн мойнуна алган жок. Ал каракчылыкты пландабаганын, ошондой эле адам өлтүрүүгө барбаганын айтып жатат. Анын азыркы учурдагы позициясы ушундай. Эгерде алар адам өлтүргөнү барган күндө дагы колун байлай турган каамыттарды эмнеге алмак эле? Бул жерде адам өлтүрүү ниети болгон эмес".

ИИМ Улан Салянов өлтүрүлгөн күндүн эртеси эле окуя саясий өңүттө каралбаганын билдирген. Азыркыга чейин ушул позицияны карманып келишет.

2018-жылы ошол кездеги ички иштер министри Улан Исраилов Жогорку Кеңештен депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, Саляновдун өлүмү боюнча мындай билдирүү жасаган:

“Биз башынан эле киши өлтүрүүдө саясий жүйө жоктугун айтып келебиз. Эки шектүү кармалды. Алардын бирөөнү кармоого жана экстрадициялоого орусиялык кесиптештерибиз жардамдашты. Тергөө уланып жатат. Үчүнчү шектүү кармала элек. Кылмыш ишинин бети ачылды, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кененирээк маалымат бере албайм. Куралдар жана өлтүрүү мотиви аныкталды", -деген ошол учурдагы министр.

Аида Салянова Бишкек шаардык сотунун өкүмү боюнча жогорку сот бутагына кайрылуудан пайда чыкпай турганын айтып жатат. Ал инисинин өлүмүн "саясий буюртма" десе, милиция кылмышты карактоо катары мүнөздөп келет.

“Иним Уландын мага абдан жакын экенин көбү билишчү. Оюмча аны коркутуп коюш үчүн барышкан. Качан гана Эрмек Осмонкулов инимдин баласынын башына тапанча такай баштаганда Улан каршылык көрсөтүп, баласына чуркап барган. Осмонкулов ошол учурда атып жатпайбы. Ал жерде карактоо жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Анткени инимдин үйүнөн эч нерсе алган эмес. Анын ала турган баалуу буюмдары деле болгон эмес. Андыктан бул иштин саясий өңүтү каралбай калды. Аткаруучулар жазаланганы менен буйрук бергендер табылган жок”.

Маркум Улан Салянов 2017-жылы 6-ноябрда киши колдуу болгондо 42 жашта болчу. Анын артында эки баласы жана жубайы калды.